Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Балчылар Казакстанга өтө албай калды


Казакстан аймагына киргизилчү бал аарыларга микрочиптерди коюуну талап кылганы айтылууда.

Казакстан аймагына киргизилчү бал аарыларга микрочиптерди коюуну талап кылганы айтылууда.

Кыргызстандык балчылар Казакстан аарыларга микрочиптерди койгула деген талап менен киргизбей жатканына даттанууда.

Балчылардын республикалык бирикмеси бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен эми Евразия экономикалык комиссиясына кайрылганы турат.

Кыргызстанда аарыдан акча жасоонун көзүн билген ишкерлер ондоп саналат. Алар жыл сайын Орусия, Казакстан, Жапония, Араб Эмираттарына чейин тонналап бал сатып жүрүшөт. Аарылар гүлдөгөн өсүмдүк талаасында жакшы бал берет эмеспи, ошол себептүү буга чейин ондогон кыргыз балчылары сезон убагында кошуна Казакстандын гречка эгилген талаарына барып, бал өндүрүп келишчү.

Эми Казакстан идентификация боюнча мыйзам кабыл алып, бажычылар аарыларды породасына карап каттодон өткөрүп, дыкат текшергенин айткан Ысык-Көлдөгү балчылар коомунун өкүлү Алексей Пушкарных көпчүлүк учурда балчылар мындай текшерүүдөн өтпөй, артка кайтып жатканына кабатыр:

- Мунун баары абсурд. Элестетип көрсөңүз, бир эле топто 30-40 миң аары болот. Анан аларды бажыдан өткөрүү үчүн бирка тагабызбы, кыскасы мүмкүн эмес нерсени айтып жатышат. Бирок аларда идентификация болбосо өлкөгө кирбесин деген кагазы бар. Эми бул маселени Казакстандын балчылар союзу менен биздикилер сүйлөшүш керек, бул маселе керек болсо өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек.

Кыргызстандагы республикалык балчылар бирикмеси дагы эми бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен Евразия экономикалык комиссиясына кайрылмай болду. Бул комиссия 2011-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттеринин демилгеси менен Бажы биримдигинин алдындагы орган катары түзүлгөн.

Кыргыз балчылары Казакстанга өтө албай калганына эмне үчүн катуу тынчсызданып жатканын таластык балчы Токтогул Алыбаевден сурадык.

- Гречка талаасынан аарылар жакшы бал берет. Казак дыйкандарына да жакшы, чаңдашып, түшүмү мол болот. Экинчиден ал жакта килограммдап сатып отурбайсың, ири ишкерлер майдалап отурбай эле жакшы баада сатып алышып, Орусияга алып кетишет. Дагы бир жагдайы бар, мисалы Кыргызстанда май айынан тартып эле октябрга чейин көчүп жүрөбүз, Казакстанда болсо бир гана жерде отурчубуз.

Алыбаев буга чейин өзү да бир нече жыл Казакстанга каттап бал өндүрчү. Ал бажы жана МАИ кызматкерлери гана кыйнабаса, казак дыйкандары кыргыз балчыларын кучак жайып тосуп алаарын кошумчалады:

- Жолдо көп кыйнашат, ары киргенден кийин казак дыйкандар бизди талашып тосуп алышат. "Менин гречка талаама келгиле, жума сайын мончо жагып беребиз, нан ташып келебиз", - деп айтышчу.

Кыргызстандын бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев балчылардын нааразы болушуна негиз жоктугун айтат^

- Эки тарап тең эл аралык нормага ылайык сертификаттарды текшеребиз. Аарыларды чыгарбай туруп, жугуштуу дарттары бар-жогун карайбыз, аны аныктоочу каражаттар бар. Анан кыргыз тарап менен казак тараптын аныктамалары бирдей болуп, дал келгенден кийин гана уруксат берилет. Бул чоң маселе. Биздикилер болсо аарымды гүлгө тойгузуп, бал челек менен келем деген гана түшүнүктөр менен барып алышат, өткөрбөсө минтип нааразы болушат.

Ошентип Казакстандын идентификация боюнча мыйзамына ылайык, кыргыз балчыларынын кошуна өлкөгө кирип, бал өндүрүшү өтө эле татаал болуп калды. Балчылардын айтымында, мындай чечимге казакстандык дыйкандар да кабатыр.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына да тыюу салып, быйыл жазында гана эки ишканадан сүт азыктарын алууга макул болгон. Казакстан мындай кадамга Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзам жок болгондуктан барганын жүйө кармаган.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG