Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

Кыргыз-казак инвестфонд ишке кирди


Казак тарап Кыргызстандын тоо-кен жана жеңил өнөр жайына инвестиция салууга кызыкдар.

Казак тарап Кыргызстандын тоо-кен жана жеңил өнөр жайына инвестиция салууга кызыкдар.

Кыргызстанда баштапкы капиталы 100 миллион доллар болгон кыргыз-казак инвестициялык фонду иштей баштады.

Казак тарап Кыргызстандын туризм, тоо-кен жана жеңил өнөр жайына инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу 25-октябрда Бишкекте кыргыз-казак инвестициялык форумунда айтылды.

Эки өлкөнүн чек арасы жабылып, соода жүгүртүү оорлогон шартта бул фонддун ишмердүүлүгүнөн күмөн санагандар да арбын.

Кыргыз өкмөтү: долбоорлор арбын

Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак биргелешкен фондуна кыркка жакын долбоорду сунуш кылганы турат. Алардын арасында жол, энергетика, тоо-кен тармагы жана айыл чарба багыттары боюнча бир топ долбоорлор бар.

Жерүй, Бозымчак, Иштамберди, Талды-Булак – Сол-Жээк сыяктуу кендер жана мамлекеттик бир топ ишканалар боюнча кызматташтык болушу мүмкүндүгүн экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев белгиледи:

- Кызматташтыктын дагы бир түрү инфраструктуралар боюнча мамлекеттик-жеке менчик шериктештик болуш мүмкүн. Бул жерде сөз Тамчы жана Ош аэропорттору жөнүндө болуп жатат. Биз менчиктештирүү же башкаруунун башка түрү боюнча, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар, “Кыргызгаз”, “Кыргызтелеком”, ошондой эле “Айыл” банкка инвестиция салууга болот деп ойлоп жатабыз.

Кыргыз-казак инвестициялык форумуна Казакстандын “Самрук-Казына” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, ал эми кыргыз тараптан өкмөттүн жетекчилери жана ишкерлер катышты.

Инвестициялык форумга катышкан премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп жаткан инвестициялык фонд боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

- Бул фондго каражат Казакстандагы өкмөттүк “Самрук-Казына” компаниясынан бөлүнөт. 100 миллион доллардын 99 миллион доллары ошол жактан, ал эми 1 миллиону Кыргызстандан бөлүнөт. Бул фонддун Деректирлер кеңешинде биздин өкмөттүн өкүлдөрү болот. Өкмөт кайсы багыттар боюнча иштө керектиги боюнча сунуш гана бере алабыз. Бирок ишине аралашпайбыз. Булар инвестициялык чечимди рыноктун негизинде өздөрү кабыл алат.

“Самрук-Казына” эмне дейт?

Ал эми Казакстандагы “Самрук-Казына” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрага орун басары Айдан Карибжановдун айтымында, фонддун негизги максаты Кыргызстандын телекоммуникация, туризм, тоо-кен тармагына, тамак-аш, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайына инвестиция салуу болмокчу.

Инвестициянын шарты боюнча Карибжанов буларды билдирди:
Биз менчиктештирүү же башкаруунун башка түрү боюнча, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар, “Кыргызгаз”, “Кыргызтелеком”, ошондой эле “Айыл” банкка инвестиция салууга болот деп ойлоп жатабыз.

- Базалык инвестиция эки түрдүү болушу мүмкүн. Же насыя берүү, же болбосо ишкананын үлүшүнө каражат салуу. Башкача айтканда, фонд кайсы бир бизнестин бир үлүшүн же бөлүгүн сатып алат. Бул жерде фонд ал бизнестердин шериги болуп калат. Мындай шартта, акчаны кайтаруунун зарылчылыгы жок, бирок алар фондду толук кандуу шерик катары көрүшү керек.

Анткен менен казак тарап Кыргызстандагы улутташтырылган жана талаштуу делген ишканаларга инвестиция салуудан сак болорун ишарат кылышты. Анткени “Самрук-Казына” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрага орун басары Айдан Карибжанов жеке компаниялар эл аралык сотко чейин бара турган болсо, мамлекетке караганда утуп алууга мүмкүнчүлүгү жогору деген оюн билдирди. Кыргыз өкмөтү бул инвестициялык фондго 49 пайызы улутташтырылган “Альфателекомду” сатуу ниетин жаз айларында эле билдиргени буга чейин айтылган.

Ачылбай келген фонд

Өткөн жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 ишкана улутташтырылганы белгилүү. Ошондой эле инвестициялык фондго сунушталып жаткан Жерүй алтын кенин иштетип жаткан компаниянын лицензиясын да кыргыз өкмөтү өткөн жылы жокко чыгарган болчу.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-алакалар кыйындап турган чакта бул инвестициялык фонддун ачылышын колдогондор да, сындагандар да бар. Анткени Бажы биримдигине кирген Казакстан Кыргызстан менен чек арасын катуу көзөмөлдөп, учурда товарларды өткөрбөй турган кез.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев бул фонддун ачылышын кубаттап, бирок бизнесмендер тыгыз аралашпаса, иштеп кетиши кыйын болот деп эсептейт:

- Кыргыз-казак фондуна кыргыз жана казак жарандары, бизнесмендери катышыш керек. Ошондо гана иштейт. Анткени демилге төмөндөн чыкпаса, үстүнкү механизмдердин иштеши кыйын болуп жатпайбы.

Кыргыз-казак инвестициялык форумун түзүү боюнча демилге 2007-жылы көтөрүлгөн. Бирок белгисиз жагдайлардын улам ишке кирүүсү созулуп келаткан эле. Ал эми ушул тапта инвестициялык фонддун Бишкекте кеңсеси ачылгандыгы, жеке ишкерлерден жана компаниялардын түрдүү долбоорлорду алууга даяр экендиги маалым болду.
XS
SM
MD
LG