Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Курманалиева: Казактарга картошка өтпөй жатат


Таласта быйыл картошка арзан болууда, бул биринчи кезекте коңшу Казакстан тараптан чек аранын жабыктыгына байланышкан. Бул тууралуу облус губернатору Койсун Курманалиева “Азаттыкка” кеп салды.

“Азаттык”: Таласта элдин көпчүлүгү картошкадан киреше табат эмеспи. Бирок быйыл картошканын баасы арзан деп жатышат. Мунун башкы себеби эмнеде? Казакстандан кардарлар аз келип жатабы?

Койсун Курманалиева: Таласта күзгү оруп-жыйуу иштеринин 80 пайызы бүтүп калды. Картошка 15,5 миңден ашуун жерге айдалган. Ушул тапта 85 пайызын жыйнап алдык. Былтыр картошканы сатуу 10-12 сомдон башталган, быйыл картошка сатуу кыйынчылыкка дуушар болуп жатат. Бүгүнкү күндө сатуу 5-6 сомдон башталды.

Биз Казакстандын Тараз шаарына барып сатчубуз. Быйыл Казакстанга Орусиядан картошка түшүп, биздин картошканын баасы төмөн болуп жатат.
Төө буурчак тууралуу элге канчалык түшүндүрбөйлү, баары бир жылдан жылга төө буурчактын аянты көбөйүп жатат.

Экинчи маселебиз, картошканы сатууда чек арадан улам да кыйынчылыктар болуп жатат. Ушунун айынан да баа төмөн болуп турат. Менимче баа бул бойдон турбайт. Себеби азыр Казакстандан ишкерлер келип жатат. Алар менен да алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Азаттык”: Чек арага жакын жерде базар ачылат деп айтылды эле. Ошол иштер илгерилеп жатабы?

Койсун Курманалиева: Мындан 6-7 жыл мурда атайын базар куруу үчүн биз өзүбүздүн аймагыбыздан 10 гектар, казактар өздөрүнүн жеринен 5 гектар жер бөлүштүргөнбүз. Бирок базар куруу каражаттын тартыштыгынан ишке ашпай турат.

Анткен менен ошол жерде жашылча-жемиш жана башка азыктар сатылган “Кербен” деген базарыбыз бар. Биз былтыртан бери дыйкандар менен иштешип, “Кербенди” жандандыруу маселесин коюп жатабыз. Бирок эл ал базарга сатпай, жогору жактан дагы кымбатыраак сатабыз деген максатта болушат.

Дыйкандардын 10-20 пайызы өздөрү өндүргөн азыктарды ошол “Кербенде” сатып жатат. Мына биз бир айдан бери ушул маселени талкуулап жатабыз. Биздин жарандарды нары жакка өткөрбөй, мүмкүн болсо ошол жерге саттырууга аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Талас эли бардар жашаган облус деп эсептелет. Бир топ кишилер төө буурчак айдап тыңып алганы белгилүү. Төө буурчакты сатуу толук жолго коюлдубу? Мурун нааразы болгондор болот эле.

Койсун Курманалиева: Төө буурчак тууралуу элге канчалык түшүндүрбөйлү, баары бир жылдан жылга төө буурчактын аянты көбөйүп жатат. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл да 2700дөн ашуун гектарга көп айдалды. Бирок жылда эле айдай бергенде түшүмдүүлүк азаят экен. Экинчиден, жылда эле бир жерге айдай берсе туура эмес болуп калат.

Мына былтыр төө буурчак арзан болгондо элге түшүндүү иштерин жүргүзүп, төө буурчакты өстүрүү технологиясын айтып берип, бир канча гектарга көп айдап, аз түшүм алгандан көрө азыраак айдап, бирок жакшылап багып, көбүрөөк түшүм алуу тууралуу маалымат берип, “Адистин кеңеши” деген берүүлөрдү уюштуруп жаттык. Бирок ага карабастан төө буурчактын рентабилдүүлүгү көп болбогондуктан көп жерге айдалды.
Былтыр картошканы сатуу 10-12 сомдон башталган, быйыл картошка сатуу кыйынчылыкка дуушар болуп жатат. Бүгүнкү күндө сатуу 5-6 сомдон башталды.

Быйыл 42 700дөй гектар жерге айдаганбыз. Учурда 36 миң гектарын чаап, 85 пайызын эл жыйнап алды. Былтыр төө буурчактын баасы 24 сомдон башталса, быйыл кудайга шүгүр, 34 сомдон башталды. Азыр облуста 34 сомдон 38 сомго чейин алып жатышат. Бул былтыркыга караганда инвесторлор көбүрөөк келип, көбүрөөк алып жатат дегенди түшүндүрөт.

Биздин ишкерлер 21 мамлекетке төө буурчак жөнөтүптүр. 7 миң тоннага жакын төө буурчак жөнөтүлдү. Демек жылдын аягана чейин, эмдиги жылы да инвесторлор келет, жакшы болуп жатат десек болот.

“Азаттык”: Дыйкандар 9 пайыздык жеңилдетилген насыя алышты эле. Бул аймакка таасирин бердиби?

Койсун Курманалиева: Таасирин тийгизди. Дыйкандар жеңилдетилген насыяны колдон келишинче алышты. Таласта өзүбүзгө бөлүнгөн насыянын баарын алдык, арзан баада күйүүчү майларды да алдык. Эл муну менен 100, же 50 пайыз камсыз болду деп айта албайбыз. Бирок бул айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзүнүн жардамын берди. Дыйкандар алган насыяларды ушул айдан тарта кайтара баштайт.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG