Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

8-августта Хожент шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу чарба башчылары кезексиз жумушчу жыйынга чогулган. Анда Борбор Азиядагы суу маселесинин оорлоп баратканы башкы маселе катары каралды. Жыйындын жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Чыңгыз Узакбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Жыйындагы сүйлөшүүлөр кандай натыйжа берди?

- Жыйын өтө оор маселенин тегерегинде өттү. Анткени Сыр-Дарыянын этек жагы, Казакстандын Кызыл-Ордо, Түштүк Казакстан аймактарында, Өзбекстандын түштүк облустарында суунун жетишсиздиги абдан сезилип жатканына байланыштуу төрт мамлекеттин суу чарба жетекчилери чогулуп, бүгүнкү кырдаалды талкууладык.

Жыйында төмөнкү жетишкендиктер болду: Казакстандын өтүнүчү менен бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычынан Үч-Коргон ГЭСи аркылуу секундуна 500 кубметр суу берилип жаткан, акыркы аптада аптап өтө катуу болгонуна байланыштуу суунун бул көлөмү да жетпей, Казакстандын суроосу боюнча Токтогул суу сактагычынан 550 кубметр сууну ачуу маселеси каралууда.

Ал эми Казакстан тарап чыгарылган 550 кубметр суудан иштелип чыгуучу электр энергиянын Кыргызстандын өзүнүн ички пайдалануусунан сырткаркы бөлүгүн алууга макул болуп, кол койду.

Азыркы мезгилде бул маселелер өкмөттүк деңгээлде чечилип атат. Экинчи чоң жетишкендик: биздин электр энергия экспорттоого байланыштуу болгондуктан Казакстан менен Кыргызстан үч күндүк тыныгуу алганбыз, ал эми Тажикстандагы Кайрак-Кум суу сактагычынан секундуна 600 кубметр сууну койо берүүнү тажик өкүлүнөн суранып, алар 9-августтан тарта сууну ачышты.

- Өзбекстангабы же Казакстангабы?

- Казакстан тарапка Өзбекстан аркылуу. Кайрак-Кумдан секундуна 600 кубметр суу ачылганда Казакстандын Мактарал деген районундагы Достук каналына кеминде 100-110 кубметр суу агып жетет. Өзбекстан бул өлчөмдөгү сууга тийишпей, Казакстанга жеткирип берүүнү убада кылып, жоопкерчилигин алды.

- Өткөн апталарда Кыргызстандан койо берилген суу Өзбекстандан артпай, Казакстанга жетпей жатат деген маалыматтар айтылган. Ошол канчалык деңгээлде чын экен?

- Ушул сөздөрдүн болгонуна байланыштуу Хоженттен кезигүүгө туура келди.

- Мына ушул суу маселеси боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевге суунун көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен кат жазганы да айтылды эле.

- Кечээ кечинде эле биздин өкмөт башчынын атына Казакстандын 1-вице-премьер-министри Жукеев кат-жолдомо жөнөтүптүр, электр энергияны баланча көлөмдө ала алабыз, бизге суу жибербесеңер абалыбыз оор деген мазмунда. Абалы чынында эле оор экен, биз адистер менен жерине чейин барып, күбө болуп келдик.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында да кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган, бул июль-август айларында Казакстандын Достук каналына секундуна 110 кубметр суу жиберип туруу жөнүндө келишим болчу. Ошол 110 кубметр сууну мына бүгүнкү күнү 550 кубметр сууга чейин көбөйткөн күндө да тартыштыктар болуп атат. Анткени бизден койо берилген суу жолдон Өзбекстан, Тажикстанды аралап, кайра Өзбекстандан өтүп, анан Казакстанга жетет. Ошол кыйынчылыктар бизди Хожентте жыйылууга алып келди.

Азыркы күнү биздин ички керектөөгө кетип жаткан электр энергияны иштеп чыгуу үчүн Токтогул ГЭСинен секундуна болгону 220-230 кубметр суу жетиштүү болот.

- Демек сууну көп иштетип, көп койо берүүдөн Токтогул ГЭСине терс таасири тийбейт турбайбы?

- Эч кандай терс таасири тийбейт. Кудай буйруп, быйыл Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG