Линктер

Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттешинде кыргыз футболчулары атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Биринчи таймдын 44-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу Валерий Кичин гол киргизсе, кийинки топту экинчи бөлүктө Мирлан Мырзаев атаандашынын дарбазасына кадады.

Бул жолдоштук беттеш Эгемендиктин 25 жылдыгына карата уюштурулган.

Кыргыз футболчулары буга чейин Казакстанды бир да жолу уткан эмес. Эки жолу тең ойносо, беш жолу утулган.​

26.09.1992. Бишкек. Кыргызстан - Казакстан 1:1

25.10.1992. Кызылордо. Казакстан - Кыргызстан 2:0

17.04.1994. Ташкен (Өзбекстан). Кыргызстан -Казакстан 0:0

05.07.2006. Алматы. Казакстан - Кыргызстан 1:0

07.03.2007. Чимкент. Казахстан - Кыргызстан 2:0

01.06.2012. Алматы. Казакстан - Кыргызстан 5:2

05.09.2014. Астана. Казакстан - Кыргызстан 7:1.

30.08.2016. Бишкек Кыргызстан - Казакстан 2:0

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG