Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Тараз абагында жаткан 13 айдоочунун арманы


Кыргызстандык оор жүк ташуучу 13 айдоочу мыйзамсыз жүк ташыды деген негизде Казакстандын убактылуу кармоочу жайында отурганына туура бир жыл болду. Бул тууралуу алардын жакындары “Азаттыкка” кабарлашты.

Жалданып иштеген айдоочулар жүк ташуучу 14 машине менен Бишкектен Казакстанга кийим-кече ташып баратканда аткезчилик деген айып менен өткөн жылдын 9-апрелинде камалышкан.

Айдоочулардын биринин жубайы Тилек Телтаева бул боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине, тиешелүү органдарга, президентке кайрылганын айтып, бирок эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразы. Ал контрабандалык товардын ээлерин эмес, жалданма айдоочулардын камалганына түшүнбөйт.

- Товардын ээлери жүктөрдү чек арага чейин эле жеткиресиңер деп сүйлөшөт. Чалдыбарга жеткенде баарына акча берип, сүйлөшүп койдук, андан ары айдай бергиле дейт. Анан алар Меркедеги “Анипа” деген базадан бажы кызматынын колуна түшүшөт. Ошентип, бир жылдан бери товардын ээлери эмес, карапайым эле айдоочулар азап чегип келатат. Ушуга чейин автоунаалардын же товардын ээлеринен дайын жок. Аларды издеген да киши жок.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекети
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекети

Айдоочулардын жакындары 140 тоннага жакын товардын чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүшүнө бажы, чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн да тиешеси бар деп эсептешет.

14 айдоочунун бири качып кетип ошол боюнча дайынсыз. Башында 13 кыргызстандыкка аткезчилик кылган, чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып тагылса, эми уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген берене да кошулган. Бирок айдоочулардын жакындары акыркы берене негизсиз экенин айтууда.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Казакстандагы башкы консул иштеп жатканын, сот отуруму 16-апрелде Алматыда болорун кабарлады.

Мекеменин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков 14 машине контрабанда товар боюнча казак жарандары да кармалганын айтууда.

- Азыр тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, биз эч кандай кийлигише албайбыз. Бирок биздин башкы консул бул ишти өз көзөмөлүнө алган. Жакында сот болот. Анын үстүнө бул боюнча казак жарандары да кармалды. Эки өлкө ортосунда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Алар бул маселе боюнча иштеп жатышат.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Аталган факты боюнча Башкы прокуратурадан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев өз жарандарына жардам бербейт деп Казакстандагы элчиликтин ишин сынга алды.

- Бул маселе түздөн-түз Тышкы иштер министрлигинин, ошол өлкөдөгү элчиликтин милдети. Алар биздин жарандардын укугун коргошу керек. Казакстандын ишине кийлигише албайбыз деген туура эмес. Бизге алардын жакындары жардам сурап кайрылган эмес. Эгер арыз жазса, казак кесиптештерден жардам сураганга даярбыз.

13 айдоочу аталган окуяга чейин өлкө ичинде эле жүк ташып иштечү. Аларды дүңүнөн кийим-кече саткан соодагерлер жалдап, айдатып кетишкен. Тергөө абагында жаткан айдоочулардын эң жашы 27де болсо, улуусу 63 жашта.

XS
SM
MD
LG