Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Күйүп кеткен базардагылардын күйүтү


Казакстан -- "Бекжан" базарындагы өрт. Чымкент, 3-август, 2012.
Казакстан -- "Бекжан" базарындагы өрт. Чымкент, 3-август, 2012.

Казакстандын Чымкент шаарындагы “Бекжан” базарында өрттөн жабыр тарткан кыргыз жарандары Кыргызстандын акыйкатчысына кайрылышты.

Алар миңдеген адам мүлкүнөн айрылып, бир жаран каза болуп жатса кыргыз өкмөтү кабар албаганына нааразы. Өрттөн кийин башка базарларга барып иштей баштаган кыргызстандыктарга “Бекжан” базарынын жетекчилиги “кайра келип иштегиле” деп ыдык көрсөтүп, бирөөнү уруп коюшкан.

Чымкенттеги “Бекжан” базарында 5 миң чамалуу кыргызстандык иштээри айтылып келатат. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун маалыматына караганда, алардын 1200дөн көбүрөөгү каттодо турат. 3-августта чыккан өрттө дээрлик баарынын мүлкү жок болду. Бир адам каза болуп, кош бойлуу дагы бир аял ооруканада.

Чымкентте соода кылган Дамирбек Жажиев Кыргызстандын акыйкатчысына 150дөн ашуун адамдын колу коюлган арыз алып келип, жардам сурап кайрылды:

- Бул жактан насыя акча, Дордой базарынан товарларды карызга алышкан. Анын баары күйүп кетти. Алды 700 миң доллар, арты 10 миң доллардан зыянга учурады. Менин 73 миң долларлык товарым жок болду. Бизден эч ким кабар алган жок.

100гө жетпеген соодагерге ар кандай суммада: 100 миң тенгеден 2 миң долларга чейин компенсация төлөндү. Башка базарларга барып иштей баштагандарды күйүп кеткен базардын жетекчилери “кайра келип иштейсиңер” деп опузалап, бир кыргызстандыкты катуу сабап коюшту дейт Дамирбек. Анын айтымында, базардын өрттөн сакталып калган автобекетинде компенсация алгандар зордоп иштетилип жатат экен.

- 50 чакты кыргыз ошол “Бекжан” базарынын автобекетинде соода кылып, эмне кылышын билбей коркуп отурушат. Алар компенсация алып алгандар. Албагандар башка базарларга барып иштеп жатсак, бизди көчөдөн кармап, “мен сени жүргүзбөйм, депортация кылып жиберем, өлтүрүп койом” деп кысым көрсөтүп жатышат. Кыскасы абал өтө эле оор.

Кыргызстандын Алматыдагы консулу Эдуард Насыров кыргызстандыктарды ар жерде кармап алып коркутуп, үркүтүү боюнча ооз эки уккан менен факт катары аларга кабар келбегенин билдирди:

- Көпчүлүгү расмий түрдө кайрылышпайт. Өрттөн кийин 6-августта мен барып келгенмин. Ошондо кандай маселе болсо кайрылгыла дедим. Эгер расмий кайрылышса, биз райондук ички иштер бөлүмүнө болобу, керек болсо облустук департаментке кайрылабыз.

Бирок сатуучу Дамирбек башына тапанча менен койгулап сабалган бала ооруканага жатканда укук коргоо органдарына кайралганын кошумчалады. Түштүк Казакстан облусунун Ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Салтанат Каракөзова муну тастыктады:

- Ооба, Кыргызстандын жарандары кайрылды, алардын арызы катталып, кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси, “өзүм билемдик” боюнча иш козголду, тергелип жатат. Ал эми базардагы өрт боюнча да жалпы тергөө жүрүп жатат. 1218 арыз боюнча 7 тергөөчү иш алып барууда. Иш “бирөөнүн мүлкүнө өрт коюуу аркылуу атайын зыян келтирүү” беренеси боюнча тергелүүдө.

Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлдөрү 37 жарандын күйүп кеткен документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн. Ал эми Акыйкатчы кандай аракет көрөөрүн акыйкатчы аппаратынын инспектору Айзада Өмүралиева айтып берди:

- Комиссиянын курамы тактала элек, бирок комиссия түзүлүп ал жеринен барып иликтейт деп чечкенбиз. Казакстандын акыйкатчысы менен иш алып барылат. Бизге арыз жаңы түштү, ага жараша тиешелүү тараптардын баары маалым болду. Жакында, ушул жума ичи аракет көрөбүз.

Базардын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. “Эки базар атаандашып, анын сатуучуларын тартып алуу үчүн атайын өрт коюлду” деген сөз тараган. “Бекжанда” иштегендердин 70тей пайызы “Автонур” базарына өтүп кетти. Бирок сатуучулар “Автонурга” эч ким чакырган жок, өзүбүз барууга мажбур болдук дешүүдө.

“Бекжан” 7 миң орунга ылайыкталган Чымкенттеги эң ири базарлардын бири. Аянты 5 гектар, анын 3,5 гектары күйгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG