Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Атамбаев Казакстанга расмий сапар менен барды


Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен, Астана, 10-май, 2012.

Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен, Астана, 10-май, 2012.

10-майда президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандагы эки күндүк расмий сапары башталды.

Алмазбек Атамбаев Астанага бараары менен Ак ордо мамлекеттик сарайында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Анда казак президенти эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн куру сөздөн ишке өтчү мезгил келгенин билдирип, кыргыз бийлигинин жаңы багытын колдоорун айтты. Ошондой эле 2010-жылдагы окуялардан бери Казакстан Кыргызстанга жалпысынын 30 миллион долларлык жардам көрсөткөнүн, мындай жардам мындан ары да уланаарын кошумчалады.

Атамбаевдин Казакстандагы бул эки күндүк расмий сапары Назарбаевдин чакыруусу менен уюштурулду.

Эртең кыргыз делегациясы Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен кезигет. Сапардын алкагында бир канча келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Негизинен, чек ара, энергетика, бажы, инвестициялык маселелер каралары айтылып жатат. Сапар учурунда Алмазбек Атамбаев мамлекеттик “Хабар” телеканалына маек да бермекчи.

Кыргыз делегациясынын курамында Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев, Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, Курулуш жана аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев, Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, УКМКнын биринчи орун басары, чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов, президенттин жубайы Раиса Атамбаева жана башкалар бар.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи үч айында Казакстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге өсүп, 223,94 млн. долларды түзгөн. Өткөн жылдын биринчи үч айында болсо, ал 115 млн. доллардын тегерегинде гана болчу.

Казакстандын Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндөгү үлүшү 15 пайыз, бул эң көп үлүштү - 29 пайызды ээлеген Орусиядан кийинки эле орунда турат дегендик. Анткен менен экономисттер кошуна Казакстан менен Кыргызстан экономикалык кызматташтыктагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбай жатат деп эсептейт. Буга айрыкча Кыргызстандагы саясий окуялар түрткү болгонун белгилешүүдө.

Экономист Мейманбек Абдылдаев Казакстан кыргыз экономикасына инвестиция салуудан сактанып келатканына токтолду:

- Экономикага каражат салууга Казакстандын мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бирок Кыргызстанга акча салбай, Грузияга милиарддаган каражат берип жатат. Анткени бизде саясий туруктуулук жоктугунан инвестициялык абал жакшы болбой калды.

Туруксуз Кыргызстан, чочулаган кошуна

Талдоочулардын айтымында, кыргыз-казак мамилеси 2000-жылдардан тарта жылдан-жылга солгундап келатат. Буга түрдүү себептер бар дешет алар. Айрыкча беш жыл ичиндеги эки ирет болгон ыңкылап, улут аралык жаңжалдар, саясий туруксуздук кошуна өлкөнүн расмий бийлигин кыйла чочутуп койгон жайы бар.

Талдоочу Санжар Тажыматов ушундай пикирде.

- Кыргызстанда болгон окуялар Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс жагынан таасир этти. Казакстандагы саясий режим чочулоого аргасыз болду. Анткени бизде да ушундай иштер болуп кетпесин дешти. Ушул жактан алып караганда, Казакстандын бийлигинде ишенбөөчүлүк жана чочулоо менен мамиле кылган учурлары болду. Азыркы учурда деле белгилүү деңгээлде ошондой карама-каршылыктар бар.

Талдоочулар ошондой эле Орто Азиядагы мамлекеттердин бири-бирине жакындашуу, интеграциялашуу саясаты жоктугун белгилеп келишет. Мындай интеграцияга түрк тилдүү өлкөлөр да муктаж деген пикирлер бар. Интеграция же биригүү демекчи, президент Алмазбек Атамбаев ушул жылы Түркияга, андан кийин Азербайжанга жасаган сапарларында түрк тилдүү элдеринин тарыхын козгоп, биримдик туурасында көбүрөөк сөз кылган.

Санжар Тажыматов түрк тилдүү элдердин саясий биримдигине тышкы күчтөр каршы деп эсептейт:

- Түрк тилдүү элдердин ичинен эң эле өнүккөнү Түркия мамлекети, бирок географиялык аймагы боюнча ал бизден алыс. Ал эми бул жердеги түркий тилдеги мамлекеттер өздөрүнүн казанында өздөрү кайнап, ошондой эле тышкы оюнчулардан көбүрөөк көз каранды болуп жатат. Ошондуктан азырынча биримдиктин өнүгүп кетишине анчалык көзүм жетпейт. Бул келечектин иши болушу мүмкүн.

Мигранттар эмне дейт?

Ал арада ар кандай эсептөөлөр боюнча, 300 миңдин тегерегиндеги кыргыз жараны Казакстанда иштээри айтылып жүрөт. Алар бажы бекетинен өтүү, ал жакта каттоого туруу жана соода-сатыкка уруксат алуу сыяктуу маселелер тезинен чечүүнү талап кылган иштерден экендигин айтышууда. Бажы бекеттеринен өтүү, айрыкча товар алып өтүү иши Казакстан өткөн жылы Бажы биримдигине киргенден кийин өзгөчө татаалдашкан.

Алматыдагы кыргыз ишкери Туратбек Аманбаев президенттин Астанадагы сапарында ушул маселелер чечилсе деп үмүттөнөт:

- Эң биринчи көйгөй, биздин соода-сатык кылууга уруксатыбыздын жоктугу. Ошондон улам укук коргоо органдары кармап, айып пулдарды салган учурлар арбын. Экинчиси, бажы бекетинен товар алып өтүү маселеси. Үчүнчүдөн, бул жакта катталуу татаал. Мурда 90 күнгө чейин катталбай жүрүүгө мүмкүн болчу. Азыр аны беш күн кылып койгон. Беш күндүн ичинде бир жерге катталыш керек, же кайра чыгып кетүү зарыл.

Кыргызстан кошуна өлкөгө электр энергиясын сатып, ал эми Казаксандан газ сатып алат. Экономикалык кызматташтыкты жандандыруу, Казакстандан инвестиция тартуу максатында былтыр биргелешкен инвестициялык фонд түзүшкөнүн жарыялашкан. Ага казак тарап, 99 млн, кыргыз өкмөтү 1 млн. доллар каражат салмак.

Канткен менен эки өлкөнүн жакындан кызматташуу ниеттери жана саясий билдирүүлөрү көп учурда сөз жүзүндө гана калып келатканын айткандар да арбын...
XS
SM
MD
LG