Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Кыргыз-казак президенттери эмнени сүйлөштү?


Кыргызстан менен Казакстандын президенттери сүйлөшүп жатат. Алматы, 26-март, 2014.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери сүйлөшүп жатат. Алматы, 26-март, 2014.

Шаршембиде Казакстанга бир күндүк иш сапары менен барган президент Алмазбек Атамбаев Алматы шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, тараптар кыргыз-казак алакасын талкуулашты.

26-мартта Алматы шаарында болгон жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери коңшулаш эки өлкө кызматташтыгынын орчундуу маселелерин жана быйыл Астанада өтө турган мамлекет аралык кеңештин отурумуна даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы 27-мартта тараткан маалыматта айтылат. Расмий билдирүүдө андан башка маалымат айтылган жок.

Орусия Казакстанды ортомчу кылып жатабы?

Көз карандысыздыгыбызды ооздуктачу кадамдар жасалып, келечекте биз заманбап кулга айланып калуу коркунучу турат....
Анткен менен Атамбаевдин Казакстанга сапары жергиликтүү байкоочулар тарабынан түрдүүчө талкууланып, ар кандай божомолдор айтылууда. Айрым пикирлер боюнча, бул сүйлөшүүнүн артында Орусия туруусу мүмкүн. Ага ылайык, Кыргызстан Крым боюнча өзүнүн бирдиктүү позициясын тактап, Бажы биримдигине кирүүнү тездетүүгө тийиш.

Мындай пикирди кармангандардын бири, “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаковдун божомолунда, бул сүйлөшүү кыргыз тышкы иштер министрлигинин Янукович, Крым боюнча жасаган билдирүүлөрүнө байланыштуу болушу ыктымал:

- Орустар көп эле нерсени Кыргызстанга казактар аркылуу айттырып атышат. Мисалы, жаңы жыл алдында Бажы биримдигине кирүү периференциялары боюнча да ошондой болгон. Бул жерде да Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тараткан эки ача билдирүүлөр боюнча Орусия тараптан атайын кыргыз бийлигине жасаган белгиси болушу мүмкүн. Анткени ошол билдирүүлөр чыкканда ошол эле бийликтин ичинен эле “ушундан көрө эч кандай билдирүү кылбай эле койсо болмок, Орусиянын ачуусуна тийип алдык” деп кыйыткандар болду. Тилекке каршы, бийлик бирди сүйлөп коюп, кайра көшөгөнүн артында башка иш жасап жатат. Буга “Манас” аэропортунун айланасындагы кырдаал, “Кыргызгаз” ишканасынын Москвага сатылышы негизги мисалдар. Көз карандысыздыгыбызды ооздуктачу кадамдар жасалып, келечекте биз заманбап кулга айланып калуу коркунучу турат. Күнүмдүк жашоо үчүн жумушчу күчүн экспорттоодон башка аракет кыла албай калышыбыз толук мүмкүн.

Украинадагы окуялар, Крымдагы кырдаал боюнча расмий Астана Орусияны колдогон пикирлерин билдирген. Ал эми Кыргызстан Януковичтин легитимдүүлүгү боюнча өз оюн билдирип, аны четке каккан болчу.

Коңшулаш эки өлкө президенттери Украинадагы кырдаалды талкуулашы ыктымалдыгын кечээ казак президентинин басма сөз кызматы маалымдаган.

20-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Крымдын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, Крымдагы референдумдун жыйынтыгын элдин эрки деп баалаган. 26-мартта Кыргызстандагы АКШ элчилиги бул билдирүү боюнча пикирин билдирип, Твиттердеги расмий баракчасында “Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги суверендүү Украинанын бөлүгү болгон Крым боюнча референдумдун жыйынтыгын тааныганы көңүл калтырды” деп жазды.

Буга байланыштуу айрым саясатчылар Кыргызстан тышкы саясатта бир багытты эле карманса болмок деп айтышууда. Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат” саясий партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов тышкы саясат улуттун кызыкчылыгын көздөп жүргүзүлүүгө тийиш дейт:

- Мен башында эле айткам, тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Ал улуттун кызыкчылыгына, мамлекеттин кызыкчылыгына жараша жүргүзүлөт. Бүт дүйнөдө ушундай. Бажы биримдигинин мүчөлөрү Крым боюнча Орусиянын позициясын жактаган билдирүү жасап атышат. Менимче, Кыргызстан да эки үстөлгө отурбай, бир позицияны карманып, Казакстандын Крым боюнча жасаган позициясын колдосок болмок.

АКШ жана Евробиримдик Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын эл аралык мыйзам жана укук нормаларынын одоно бузулушу катары баалап келатат.

Башкы маселе - Бажы биримдигиби?

Казакстан Орусия тараптан болочок басымга, көз карандысыздыгын жоготуп алууга каршы жана аймактык бүтүндүгүн сактап калуу аракетинде кандайдыр бир альянстарды түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатабы деген ой туулат...
Ошентсе да Казакстан сөз жүзүндө Орусияны колдогону менен, иш жүзүндө аймактык бүтүндүгүн сактап калуу, же Орусия тараптан ыктымалдуу болочок басымдан коргонуу үчүн аракеттерди көрүп жатканын белгилеген адистер да бар.

Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү аракетин белгилеген көз карандысыз экономист Азамат Акелеев кыргыз-казак сүйлөшүүлөрүндө Назарбаев Атамбаевди Бажы биримдигине кирбөөгө үндөшү ыктымал деп эсептейт:

- Назарбаев Кыргызстан менен бирдиктүү позицияны тактап алууну көздөп атат го деп ойлойм. Анткени, Орусиянын Бажы биримдиги долбоорунан кийинки эле долбоору – Эркин экономикалык аймак долбоору. Бул долбоорлор Казакстан жана башка ага мүчө мамлекеттердин өз алдынча башкаруусунун көз карандысыздыгына чек коёт, өзгөчө экономика жаатында. Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тууралуу АКШ президенти менен сүйлөштү. Ошондон улам, Казакстан Орусия тараптан болочок басымга, көз карандысыздыгын жоготуп алууга каршы жана аймактык бүтүндүгүн сактап калуу аракетинде кандайдыр бир альянстарды түзүү боюнча кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүп жатабы деген ой туулат.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстан Бажы биримдигине кызыкчылыктары корголсо гана кирерин билдирген. Казак тарап ошондо биримдикке мүчө болуучу мамлекеттерге шарттар бирдей болуусу тийиштигин кыйыткан болчу. Андан кийин Кыргызстанга Бажы биримдигине кирүү боюнча позициясын тактоого март айына чейин убакыт берилген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG