Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Астанада өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын 3-отурумунда чек ара, бажы бекеттери, энергетика, газ, биргелешкен инвестициялык фонд боюнча маселелер талкууланды.

Ага өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттүк делегация катышып келди. Талдоочулар кыргыз-казак алака-катышы туруктуу боло албай, буга чейинки айрым келишимдердин аткарылбай жатканына көңүл бурууда.

Казакстандын мамлекеттик "Самрук" казына улуттук фонду Кыргызстандагы энергетика жана тоо-кен тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин кайрадан тастыктаган.

Дагы бир көңүл бурууга арзырлык долбоор катары "Алматы-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын курууну атаса болот. Казакстандан Кыргызстанга чейин мунай куурун салуу жана миң тонна эгин сатуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөн.

Астана, 10-май, 2012-жыл

Астана, 10-май, 2012-жыл

Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов бул жолку жыйын мурдагылардан үзүрлүү болду деп баалады. Маселен, буга чейин 1 млрд. киловатт электр энергиясы казак тарапка экспорттолуп келген болсо, эми ал көлөм эки эсеге өсмөк болгон.

- Биринчиден, энергетика тармагындагы кызматташуу. Ага ылайык, кошумча дагы 1 млрд. киловатт электр энергиясын экспорттоо сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, кыргыз-казак биргелешкен инвестициялык фонду иштей баштайт. Бул фонд Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 23-августта боло турган сапарына карата эки инвестициялык долбоорду карап, келишим түзөт. Ал эми өткөрүү бекеттерине байланыштуу айтсак, “Каркыра-Кеген” бекети 15-августка чейин иштеп баштайт. Ал эми “Кичи-Капка”, “Беш-Агач” өткөрмө бекеттери да Нурсултан Абишевичтин келишине карата иштей башташы керек.

Бабанов айтмакчы, эки коңшу ортосундагы өкмөттүк келишимдердин тагдыры Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин август айындагы Бишкекке сапары маалында чечилет шекилдүү. Ал ортодо талдоочулар кыргыз-казак алака-катышы кагаз бетинен анык ишке өтпөй жатканын белгилешет. Атап айтсак, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин май айындагы Астана сапарында чек арадагы "Карасуу” - “Актилек" өткөрмө бекетин ачабыз деп убада бекитишкени бар. Бирок аталган бекетти казак тарап 15-июндан тарта бир тараптуу кайра жаап салган.

Кучагын кенен ачпай жатат

Экономист Азамат Акелеев эки себебин атады:

- Толук кандуу алака болбой жатканына Казакстандын Бажы биримдигине киргени себеп болуп жатат. Экинчиден, коопсуздукка байланышкан маселе. Казакстандын бийлиги бизде болгон демократиялык кубулуштар ал жакка өтүп кетпесин деп, идеологиялык жактан да тоскоолдуктар болуп жатат.

Орусия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдиги өткөн жылы күчүнө кирип, ага кошулбаган коңшулар үчүн катаал чек ара эрежелери сакталууда. Ал эми 2010-жылдагы Кыргызстандагы апрель окуясынан кийин Казакстан коопсуздугун сактоо максатын бетке кармап, үч ай бою чек арасын толук бойдон жаап алган болчу.

Буга байланыштуу казакстандык серепчи Айдос Сарым тили, маданияты жана салты дээрлик окшош болгонуна карабастан, экономикалык кудуретинин теңсиздиги, саясий багыттарынын ар башкалыгы эки элдин ич ара ишенимине доо кетиргенин белгилейт. Бирок кандай болгон күндө да Казакстан Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшүнө көмөкчү болуш керек деген ойдо:

- Кыргызстандын ички жагдайына мүмкүн болушунча көмөк бериш керек, мейли, саясий жактан болобу, мейли, маалыматтык жактан болобу. Кыргызстандагы абалдын оңолушу инвестиция салууга, экономикалык кызматташууга да жол ачат. Акыркы кездери кыргыз-казак жетекчилери ар кандай деңгээлде тез-тез жолугуп жатканы жакшы.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 700 млн. долларды түзгөн. Ошол эле кезде Казакстан он миллиарддаган доллар инвестицияны ыраактагы өлкөлөргө салып келет. Астанадагы өкмөттөр аралык жолугушууда эки тарап соода көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирели деп да сөз бекитишти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG