Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:12

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө кандуу булоонду башынан өткөргөн Кыргызстан улут аралык ынтымактын жолдорун издөөдө.

Кыргызстан эл ассамблеясы 27-мартта казактандык кесиптештери менен бул жаатта тажрыйба алмашты.

Бишкекте өткөн эл аралык семинарда Казакстан калк ассамблеясынын жетекчилери өз өлкөсүндөгү улут аралык ынтымак боюнча ойлору менен бөлүштү. Кошуна турган бул эки өлкө тең ондогон улут жашаган көп улуттуу мамлекет.

Казакстандын тажрыйбасы

Бишкекте өткөн жыйында Казакстан калк ассамблеясынын төрага орун басары Ералы Тугжанов ар бир улутка мамлекет маданий жана тарыхый жаатта өнүгүшүнө шарт түзүп бериши керек деп эсептейт. Ошону менен бирге аз улуттардын мамлекет алдында жоопкерчилигин да белгиледи.

- Ар бир этнос өкүлдөрүнүн тилине, каада-салтына урмат менен карашыбыз керек. Аларга ошондой өнүгүүгө шарт түзүп берүү зарыл. Анткени өзүнүн тамырына байланышы болбогон адамдын ички дүйнөсүндө тынчтык болбойт. Ал эми жан дүйнөсүндө тынчтык болбогон жаран мамлекеттин туруктуулугун сактайт деп айта албайм. Ошону менен бирге эле ар бир этнос өкүлдөрүнүн түздөн-түз жоопкерчилиги да болушу кажет. Андай жоопкерчилик болбосо, анда биримдик маселеси татаал болот.

Кошуна Казакстан да Кыргызстан сыяктуу эле ондогон улут өкүлдөрү жашаган көп улуттуу мамлекет. Бул өлкө эгемен жылдары эч кандай улут аралык жаңжалдарга жол бербегенин, ага бир жагынан өлкөдөгү социалдык жашоо шарттын жогорулугу себеп болуп келатканын белгилешүүдө. Ошондон улам талдоочулар чөлкөмдө Казакстанды этностор аралык саясатты ийгиликтүү жүргүзгөн өлкө катары санап келатышат.

Бирок “Рудаки” атындагы тажик коомдук бирикменин төрагасы, Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров улуттук азчылыктардын укугу айрым жагдайларда Кыргызстанда жакшы сакталган деген ойдо.

- Казакстанда аз улуттардын арасынан тогуз адамды эч кандай шайлоосу жок эле Казакстандын мыйзам чыгаруу органына киргизип коюшат экен. Бирок ошол эле кезде бизде мыйзам аркылуу Шайлоо кодекси боюнча улуттук квота менен парламенттин 15 пайызын азчылыктардын өкүлдөрү түзөт.

Тил - ынтымактын өзөгү

Казакстан калк ассамблеясынын орун басары Ералы Тугжанов өлкөдө ынтымактын жана биримдиктин болушундагы мамлекеттик тилдин салымына токтолду. Анын оюнча аз улуттар мамлекеттик тилди сөзсүз билиши керек. Ошондой эле ал өлкөдө ынтымак-тынчтык болушу үчүн мамлекетти түзгөн улут өзү биринчи кам көрүшү зарылдыгын, аны ишке ашырууга Кыргызстан эл ассамблеясынын салмагы чоң экендигин белгиледи:

- Эгер кыргыз тилиндеги жаңылыктарды, маалыматтарды түшүнбөсө, кыргыз тилиндеги гезиттерди окуй албаса, анда ал Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды билбеген адам болот. Андай адам коомдук турмушка толук аралашат деп айтууга болобу? Ошондуктан бул да чоң маселелердин бири. Экинчиден, туруктуулук Кыргызстанда биринчи кыргызга, Казакстанда болсо, алды менен казакка керек. Ал эми мамлекеттеги туруктуулук өлкөнүн эгемендиги менен түздөн-түз байланыштуу.

Ал эми Кыргызстан эл ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов бул сыяктуу ассамблеялар аралык кызматташуунун арты келечекте мамлекеттер ортосундагы мамилеге оң таасир этүүнү көздөй тургандыгын айтты. Анткени ушул тапта кошуна өлкөлөрдүн карапайым жарандары чек ара, бажы бекеттеринде адам чыдагыс түйшүккө батууда.

- Биздин оюбуз ушундай иштерди Өзбекстан, Тажикстан менен да жүргүзүп, кийин Орто Азия боюнча жыйын өткөрүү. Ошондо так сунуштарды берип, чек ара, бажы өткөрүү бекеттери боюнча оюбузду айтабыз. Аракетибиздин дагы бир негизги бөлүгү ушул.

Кыргызстанда президенттик аппарат буга чейин этникалык өнүгүү концепциясын даярдаган. Ал Жогорку Кеңеш депутаттары менен биргеликте кайра дагы иштелип чыкты. Аталган концепция жакында өлкөдөгү эң чоң орган болгон Коргоо кеңешинде кабыл алынганы турат. Бул тууралуу Президентик аппараттын дин жана этностук саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Аблабек Асанканов маалымдады.

Быйылкы жылы да улут аралык маанайдагы жаңжалдар катталганы белгилүү. Укук коргоо органдары болсо өлкөдө улут аралык жаңжал чыгышы мүмкүн делген жүздөн ашуун очок бар экендигин билдирген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG