Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Айрым чет элдик жарандар Кыргызстандан качкын макамын сурап, бирок алалбай жатышат.

Алардын бири казак жараны Кашкенбаев анын тагдырын чечүүгө тиешелүү мекемелер эл аралык мыйзамдарды сактабай жатат деп айтууда.

Ошол эле кезде адистер Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу качкындарга жеңил шарт түзгөн мамлекет деп эсептешет.

Макам сурагандар көп

Казакстандан саясый ыдык көрүп, Кыргызстанга ооп келген Жандос Кашкенбаевдин жаңы жерде турганына эки жылдын жүзү болуптур. Анын айтымында, өз өлкөсүндө активдүү саясий ишмердиги үчүн куугунтукка алынган экен.

Кашкенбаев кыргыз бийликтеринен качкын макамын сурап, бирок ушул күнгө чейин алалбай келет.

Казак качкыны Динмухамед Ешимовдун балдары
-1953-жылдагы Женева конвенциясын Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Кыргызстан Женева конвенциясын аткарбай жатканын ачык мойнуна алышы керек. Же болбосо бул конвенция боюнча алган убадаларын толук аткарышы керек.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылган казакстандык жарандар көп эле болгон. Бирок алардын бирине да качкын макамы берилген эмес.

Байкоочулардын айтымында, мындай шартта эл аралык мыйзамдар четте калып, эки өлкөнүн мамилеси алдыңкы орунга чыгууда. Мындан сырткары качкын макамын сурап кайрылган түрк жараны Али Осман Зордун арызын да Кыргызстан өткөн айда канааттандырган эмес.

Министрлик дооматка макул эмес

Качкын макамын сурап кайрылгандардын арыздары Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинде каралат. Аталган министрликтин алдындагы Качкындар менен иштөө бөлүмүнүнүн башчысы Базаркүл Керимбаева бардык арыздар мыйзамдык эрежелерге ылайык караларын билдирди.
Кыргызстан Женева конвенциясын аткарбай жатканын ачык мойнуна алышы керек.

- Арыз жазгандар менен маек өткөрүшүбүз керек. Экинчиден, алардын берген документтери, башынан өткөргөн окуялары, себептери текшерилет. Текшерилбесе да анализ жасалат. Көбүн текшере албайбыз да, анткени башка өлкөдөн келишкен, маалыматтар жок болуп калат. Бирок анализдеп өз чечимибизди чыгарабыз.

Керимбаева Кыргызстан эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат деген айыптоого макул эмес Ал кайсы гана өлкөнүн жараны болбосун тиешелүү талаптарга жооп берсе качкын макамы берилерин кошумчалады.

- Качкын деп табуунун эң башкы принциби - арыздар адилеттүү каралышы керек. Ошондой эле жүйөлөрү негиздүү болуш зарыл. Кээ бир адамдар “мага бирөөлөр телефон чалды, анан мен качып келдим” дешет.

Качкындардын Кыргызстандан үмүтү чоң

Кыргызстанда Миграция министрлигинен тышкары, БУУнун Какындар боюнча башка комиссариаты качкындарга материалдык жана укуктук көмөк көрсөтөт.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстан кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу качкындарга камкордук көрөрүн айтууда.

Турсунбек Акун
- Кыргызстан качкындарга жалпы кошуна өлкөлөргө, Орусияга, Казакстанга салыштырганда көп жагынан эркин мамиле кылат. Алардын көбүнө эле качкын макамын берип жатабыз. Бирок айрым маселелер бар, башкаларга кээде ал макам берилбей калууда.

Бул эми министрликте иштеген кээ бир чиновниктердин, БУУнун Качкындар боюнча комиссариатында иштеген адамдардын мыйзамды жакшы билбегендигинен, бюрократиялык иш-аракеттеринен болуп жатат.


Буга чейин Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылгандардын көбүн согуштан башы арылбаган Ооганстандын жарандары түзгөн. Ал эми 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөгө чыгып кеткен өзбекстандыктар болгон.

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендик жылдардан бери дээрлик 20 миң качкынды кабыл алган. Учурда өлкөдө качкын макамы менен жашап жүргөн 200гө чукул адам бар.

Анткен менен акыркы эки жылда бир да адамга бул макам берилген эмес экен. Кыргызстандан качкын макамын алууну каалагандардын көбү бул өлкөнү адам укугун кастарлаган, демократиялык баалуулуктарды жогору туткан мамлекет деп санашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG