Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Атамбаевдин Казакстандагы иш сапары карыды. Бул сапарды эки өлкө лидерлери Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы кызматташтыктын жанданышы катары баалашты.

Бирок сапар алкагында эч кандай келишимге кол коюлбай, кыргыз жана казак жарандарынын эки өлкө аймагында 90 күн визасыз жүрүүсү боюнча макулдашууга гана жетишилди.

Кыргыз тарап бир катар маанилүү чечимдер Нурсултан Назарбаевдин ушул жылдын август айында Бишкекке сапарында кабыл алынарын убада кылышууда.

Мигранттарга жеңилдик

Президент болуп шайланганда алгачкы сапарын Түркияга, андан соң Азербайжанга жасаган Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга сапары президенттин түрк тилдүү өлкөлөр менен мамилени чыңдоону көздөгөн тышкы саясатынын уландысы болду.

Cерепчилер президенттин бул сапарында кыргыз-казак мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү аныкталарын болжоп жатышкан. Айтылгандай эле эки күндүк сапардын жүрүшүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолуккан Алмазбек Атамбаев сапарын кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн кайрадан жанданышы катары баалап жатат.

Атамбаевдин айтымында, кыргыз тарап көтөрүп чыккан бардык сунуштар казак президентинин колдоосуна ээ болду:

- Биз жекече да сүйлөштүк, эки топ болуп делегациялар сүйлөштүк. Бир топ маселелер азыртадан чечилип калды. Калган маселелерди Нурсултан Назарбаевдин августтагы Бишкекке расмий сапары учурунда чечилет. Ошого чейин чечилсин деп да сөз кылып жатабыз. Жалпысынан азыр жаңы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу кеп болуп жатат.

Алмазбек Атамбаев макулдашылды деп белгилеген жыйынтыктардын башкысы - кыргыз жана казак жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүү мөөнөтүн узарткан өкмөттөр аралык макулдашуу болду.

Буга ылайык, беш күндүн ичинде дипломатиялык өкүлчүлүккө барып каттоого турган жарандар эми үч ай бою каттоосуз жүрө алышат. Учурда бул норма 30 күндү түзөт.

Макулдашуу Атамбаевдин Астанадагы эки күндүк расмий сапарынын алкагында кол коюлган жалгыз документ болуп калды.

Бекеттер ачылат

Ал эми сапар учурунда оңунан чечилген дагы бир маселе Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан үч кошумча өткөрүү бекетинин ачылышы болду. Жалпысынан Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 өткөрүү бекети бар. Алардын көпчүлүгү 2010-жылкы ыңкылаптан соң Казакстан тараптан жабылып, учурда бешөө гана иштеп жаткан эле.

Эми болсо казак тарап 15-майдан тарта Ысык-Көлдөгү "Каркыра – Кеген", Чүйдөгү "Ак-Тилек" жана Таластагы "Кичи-Капка" өткөрүү бекеттерин ачууга макулдук берген.

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун айтымында, кыргыз тараптын өтүнүчү менен “Ак-Жол” өткөрүү бекетиндеги абалды жөнгө салуу үчүн иштер жасалып жатат:

- 2010-жылы бир катар чек ара бекеттери жабылгандан кийин “Ак-Жол” өтмөк жолуна абдан эле күч келип жаткан. Ал жерде күнүнө 5000ден 7000 адамга чейин өтүп жатат. Эми "Ак-Тилек" өткөрүү бекети ачылгандан кийин ал жактагы чыңалуу азайып, абал жөнгө салына баштайт.

Келишимдер иштебей жатат

Президенттин Астанага сапарынан мурда бир нече келишимдерге кол коюлушу мүмкүн экени айтылган эле. Булар чек ара, энергетика, соода-экономикалык байланыш тармагындагы келишимдер болоору болжолдонуп жаткан. Бирок сүйлөшүүлөрдөн соң бул келишимдердин көпчүлүгү Нурсултан Назарбаевдин ушул жылдын август айында Бишкекке боло турган сапарына чейин жылдырылды.

Ага чейин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мурда келишимдер кайрадан каралып чыгат. Август айында кыргыз-казак мамлекеттер аралык жогорку советтин жыйыны өтүп, ошондо бир катар келишимдер кабыл алынат.

Мындай ар бир келишимди тактап, анан ишке өтөлү деген аракетке эки өлкө ортосунда буга чейин кабыл алынган келишимдердин толук кандуу иштебей жатканы негиз болгондой. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев деле муну жашырбай, куру сөздөн конкреттүү ишке өтүүгө мезгил жеткенин белгиледи:

- Биз тууган экенибизди, жакын экенибизди көп айтабыз го. Эми ушул сөздөрдү иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. Куру сөздү сүйлөй бербей, ишке өтөлү. Силердин экономиканын көтөрүлүшүнө, элдин турмушунун жакшырышына тилектешпиз. Колдон келгенин жасайбыз.

Былтыркы жылы эки өлкө ортосунда товар алмашуу 700 миллион долларга жеткенин белгилеген Назарбаев эми быйыл 1 милларддан ашыруу чакырыгын таштады.

Муну менен экономикалык жаатта бир топ кызыктуу сунуштарды ишке ашыруу көздөлүп жаткандай. Алардын арасында Кыргызстан менен Азербайжан курууну пландап жаткан мунайды кайра иштетүү заводуна Казакстандын да катышуусу бар. Бул долбоорго Казакстан кандайча катышышы мүмкүн экенин экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биринчиден, биздин күйүүчү май менен камсыздалышыбыз абдан оор маселе. Ошондуктан Азербайжан менен сүйлөшүп, алар инвестиция алып келип, 2 миллион тонналык завод салалы деп жатат. Бирок мунайды кайдан алабыз деген маселе болчу. Биз аны сүйлөштүк. Казак тарап "түтүк салууга макулбуз, бирок мунай бар жерлер таралып кеткен. Ошондуктан мунай чыгаруучу компаниялар сүйлөшкүлө" деди. Эми Кыргызстан-Казакстан-Азербайжан жумушчу иштетүүчү тобу түзүлмөй болду. Алар жакын арада муну иштеп чыгыш керек.

Муну менен катар Казакстан энергетикалык объекттерди курууга кызыкдар экенин билдирген. Бирок бул кандайча ишке ашары тактала элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG