Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Алматыда кулчулукта жүргөн кыз куткарылды


Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган кыздын жашы 23-мартта 25ке толот. Ал Ноокаттан экенин айтууда.

Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган кыздын жашы 23-мартта 25ке толот. Ал Ноокаттан экенин айтууда.

Үч жыл мурда анча тааныш эмес адамдар менен Казакстанга иштегени барган кыз кулчулуктан куткарылды.

“Замандаш” ассоциациясынын Казакстандагы өкүлдөрү Алматыдан алысыраак жайгашкан жерде кулчулукта жүргөн кыргыз кызды куткарып келишти. Кызды үч жыл мурун Нурила аттуу чала тааныш аял “Казакстанга барып, тамекиге иштеп, көп акча таап келебиз” деп алпарып, бирөөлөргө сатып жиберген.

Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган бул кыздын жашы 23-мартта 25ке толот. Туулган жери - Ноокат району. Жумагүлдүн өзүнүн айтымында, Уркуя Салиева айылынан болот. Ал төрт бир туугандын кенжеси:

- Ата-энем бар. Эжелерим бар, баары турмушка чыгышкан. Үч эжем бар, мен кенже кызмын.

Жумагүл Бишкекке келгенден кийин туугандарын таба албай жатканын билдирген. Ошон үчүн аны борбор калаадагы аялдардын баш калкалоочу жайларынын бирине жайгаштыруу аракети көрүлүп жаткан эле. Бирок учурда кыздын апасы табылып, ал үйүнө-Ноокатка жол тартканы турат.

Бул тууралуу "Азаттыкка” кулчулуктан куткарылган Жумагүл Жусуп кызынын жердеши Талант Бекбаев билдирди. Анын айтымында, кыздын 70 жаштагы апасы Ноокатта жашайт.

- Биз азыр Ошко жолго чыктык. Ал жерде 70ке чыккан апасы бар экен. Угушубузча материалдык абалы начар болгондуктан, кызын издегенге деле мүмкүнчүлүктөрү болбоптур, - деди Бекбаев.

Жумагүлдүн өзүнүн айтымында, мектептке окубагандыктан, кат-сабаты да жоюлган эмес. Ал үч жыл мурун ноокаттык Нурила аттуу аял “Казакстанга барып тамекиге иштеп келебиз” деп, Алматы облусунун Маловодный деген жерине алпарып, уйгурларга кулдукка сатып жиберген.

- Мени “чогуу иштейбиз” деп алып барып, Казакстандын Маловодный деген жериндеги уйгурларга сатып ийди. Ал аял мурда да ошентип башкаларды сатып, үйрөнүп калган экен. Ал жерде иштеген башка кыргыздар да көп болчу. Уйгур кожоюнубуз ура бергендиктен, акыры качып кеткемин. Маловодныйдагы уйгурдан качып, талаада жүрсөм, бир казак киши келди да, “мага иштегенге кыз керек” деп алып кетти. Анын да мен сыяктуу эки кызы бар эле, алар Алматыда жашашат. Мен алтымыш чакты уй саачумун, эртең менен саап, уйлар жаткан сарайды толук тазалап чыкчумун. Уйлардан башка жетимиш-сексендей жылкысы бар эле, аларды башка киши карачу, анын аялы да кыргыз эле.

Ошентип, “аңгектен качсаң дөңгөккө” болуп, бир жерден кулчулуктан качкан кыз экинчи бир жерге дагы кул катары иштеп кала берет. Жумагүлдүн айтуусунда, ал жактан да качууга бир нече ирет аракет кылган, бирок кармалып калып, өлөрчө токмок жеген:

- Эки-үч жолу качтым ал жактан да. Бир жолкусунда киши жеген чөөлөрдөн коркуп, жолдон кайтып келгенмин. Кийинкисинде кожоюнум машина менен кууп келип, таап алып кетти. Аябай сабады, жыгылып калсам, жиндеп тепкиледи. “Дагы кача турган болсоң өлтүрүп, жерге көөмп коем, эч ким билбейт” деп коркутту. Көп сабачу, сарай тазалаган темир күрөк менен башыма урчу, темир арматура менен чапкылайт эле...

Ошентип жүргөн кыз кокусунан кожоюндарыныкына конокко барып калган кыргыз кыз менен сүйлөшүп калып, үйүнө кеткиси келгенин айтып, куткаруусун суранат. Ал кыз Алматы шаарындагы базарда иштеген кыргыздардын бири Алмаз Кадыровго кабар берген. Ал “Замандаш” ассоциациясынын Алматыдагы өкүлчүлүгүнө кайрылат. Кийинчерээк ал Алматыдагы Кыргызстандын консулдугу жана жергиликтүү күч кызматтарынын жардамы менен барып, Жумагүлдү бошотуп келишет. Алмаз Кадыров:

Алмаз Кадыров

Алмаз Кадыров

- Алматыдан кыйла эле алыс экен. Эмгекчил казак районунун Маловодный деген айылында, ээн чөлдө экен. Эски союздан калган мал сарайда жашап, иштеп жүрүптүр. Биз консулдуктун өкүлдөрү менен милициянын коштоосунда барган элек. Кайра-кайра сурап жатып, Жумагүлдү таап алдык. Кыргыздардын бар экенин айтышпайт экен негизи. Ошол жерден эле Жумагүлгө милиционерлер “кожоюнуңдун үстүнөн арыз жаз” деп кайрылышты, бирок бул кыз мектепте окубаптыр, сабаты жок экен, жазалбады. Анан Алматыга апкелип, ал жерде базарда иштеген кыргыздарга кайрылып, тамак-аш, кийим-кече, жол киреге акча чогулттук.

5-февралда бошотулган кыз эртеси күнү Казакстандагы кыргыз элчилигинин жардамы менен Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргызстандыктар жүздөп саналат. 90-жылдары Казакстанга тамекиге иштегени үчүн үй-бүлөлөрү менен кетип, кайра кайталбай, кулчулукта кала бергендер болгон.

“Замандаш” ассоциациясынын Казакстандагы өкүлү Туратбек Аманбаевдин айтуусунда, алар тарабынан Казакстанда кулчулукта жүргөндөр буга чейин да куткарылган. Маселен, өткөн жылы Алматыдагы кыргызстандыктар 17 жаштагы Улан аттуу жигитти да кулчулуктан куткарып алышканы белгилүү.

"Кыргызстандын бийлиги сыртка кетип бараткан адамдардын андан аркы тагдырын көзөмөлдөп, талап кылууга убакыт келип жетти", - дейт Туратбек Аманбаев:

- Союз таркап, заман оорлошо баштаган учурдан тарта эле Казакстанга кыргыздар тамекиге иштегени келе башташкан. Негизинен 2000-жылдарга чейин, кийинчерээк 2010-жылы чек ара бекем көзөмөлгө алынганга чейин деле ушинтип келип калып, кайра кете албай калган кыргызстандыктар көп деп угабыз. Бир кыйласы бошотулган. Ал учурда өткөндөрдүн көпчүлүгү сабатсыз болгон. Ошондон пайдаланган иш берүүчү казакстандыктар биринчи иретте алардын документтерин алып, жок кылышканы белгилүү. Аларды уруп-согуп, ар кандай басымдарды жасаганынын натыйжасында көпчүлүк мекендештер психологиялык жактан жабыркап калышкан учурлар бар. Ошондуктан жарандарыбыз мындай күнгө туш болбосу үчүн бийлик, жергиликтүү башкаруучулар, ата-эне чет мамлекетке иштейм деп чыгып бараткан ар бир жараныбыздын артынан көзөмөл кылса жакшы болмок. Мекендештерибиз сырт жакка иштегени барардан мурда кат-сабатын жакшылап жоюп алышса дейт элек. Чек арадагы өткөрүүчү түйүндөрдө миграция кагазын дурустап толтура албаган кыз-жигиттерибизди көрүп эле жүрөбүз. Алар сыртка чыкканда өздөрүнүн укугун коргой аларына эч ким кепилдик бере албайт.

Акыркы эки жылда башка өлкөгө иштегени кетип, кулчулукка кабылган 246 адам куткарылган. Ал эми 404 кыргызстандык чет жакта иштеп жүрүп, түрдүү жагдайда жашоо менен кош айтышкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG