Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Казакстандын Алматы шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алгачкы саммити өтүүдө.

Буга байланыштуу профессор Сулайман Кайыповду кепке тарттык.
Саммитке Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжан өлкө жетекчилери катышып, Түркия премьер-министри өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу келбей тургандыгы айтылууда.

- Мындай кеңештер көп түзүлүп, жыйындар өтүп эле атат. Бирок талдоочулар анын натыйжасы аздыгын айтышууда. Бул жыйын кандай жыйынтыктарды берет деген ойдосуз?

- Бул саммиттин чыгышына көз салыш керек. Кандай себептен чыгып атат, эмнеге андай болду деген маселелерди чечип алыш керек. Анткени дүйнө өзү биригип баратат. Дүйнө, мамлекеттер кол кармашып, бирликтерди, уюмдарды түзүп анан өнүгүү жолуну түшүп баратат. Мисалы, мурда деле биз жоготкон Советтер Союзу бир бирлик болчу. Алгачкы убактарда тез өнүгүп, тез кыйрап калды.

АКШ деген деле аты айтып тургандай кошмо штаттары. Бул да бир бирлик, андан сырткары Европа бирлиги бар. Ушундай биригүү болгондо адамдардын, мамлекеттердин илгерилөөсү, маданият, экономиканын өнүгүүсү оңоюрак болот экен.

Кийинки кездерде дүйнө абдан кичирейип кетти. Электрондук талаанын чыгышы менен кабарлашуу, бири-бири менен байланышуу, ал эмес соода-сатык жасоо маселелери да абдан оңой болуп калды. Бул саясатка да таасир этип атат. Ошондуктан өлкөлөрдүн кандайдыр бир принцип менен биригип, бирге иш жасоосу зарылдык болуп жатат.

- Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши сиз белгилеп жаткан чоң маселелерди чечүүгө таасир этип, өбөлгө боло алабы?

- Албетте иштетсе болот. Негизинен түрк тилдүү мамлекеттер дегендин өзү деле туура эмес. Түрк өлкөлөрү деп аталышы керек. Анткени бардык түрктөр Орто Азиядан чыккан. Кыргызстан Орто Азиянын калкы, түрк цивилизациясынын бешиги болуп эсептелет. Көпчүлүгү ушул Кыргызстандан, биз турган жерден тараган түрк элдери. Алардын теги, тили, көптөрүнүн дини дагы бир. Ал эмес түптөн келе жаткан маданияты, психологиясы, менталитети деле бирдей. Ошондуктан булардын өзүнөн-өзү келип турган табигый бирлиги бар.

- Түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы мамиле маданий, билим берүү жаатында дурусурак өнүгүп келаткан менен кызматташуунун башка дагы жолдору дипломатиянын деңгээлинен чыга албай жатат деген пикирлер да жок эмес. Ал тургай бирин-бири теңине албай, жактырбаган жагдайлар көбүрөөк кездешет деп белгилеп жатышпайбы?

- Абдан туура айтылып келатат. Себеби биз кандай болгондо да түрк өлкөлөрү бир аз комплекстүү жана артта калган эл болгон үчүн биригүүнү, ошолорду теңсинип, өзүбүз менен тең алып жүрүү тажрыйбасына ээ болбой калыптырбыз. Бирибизден бирибиз өйдөсүнүп, бир нерсе боло калса чек арабызды жаба коюп, ошондой эле маселелерди ортоктошуп чечүү жагына келгенде түрк өлкөлөрү биринен-бири айырмаланып, бирине-бири жат болуп турат.

Мына ушуларды жоюш үчүн жанагындай түзүлгөн кеңештер жардамга келиш керек. Эгерде муну жогорудагы үч эле өлкө эмес, бардык өлкөлөр биригип чече турган болсо, түрк мамлекеттери дүйнөдө чоң күчкө айланат.

- Бул кеңештин алгачкы жыйыны болуп атат. Негизинен эмнеге көңүл буруш керек?

- Биринчиден, маданий бирликке көңүл буруш керек. Андан экономикалык, андан жүрүп отуруп керек болсо саясий бирликке да жетиш керек. Ошондо түрк өлкөлөрү дүйнөдөгү чоң күчкө ээ болот. Анткени бүтүн дүйнө "бул түрктөр эмне дейт" деп күтүп жатат. Биз тарыхта айта турган сөзүбүздү айта элекпиз.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG