Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Кыргызстандыктар казак тарапты Аспара суусун чогуу пайдалануу боюнча келишимди бузууда деп айыптап жатат. Жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты.

Өткөн кылымдын 50-жылдарындагы документ боюнча, сууну казак тарап бөлүштүрөт жана теңинен көбүн колдонот, бирок жыл сайын сугат маалында да кыргыз тарапка суу бербей бууп койгон учурлар катталат.

Буга чейин бир канча жолу арызданган жергиликтүү тургундар 16-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп, маселени чечүүгө 20 күн убакыт беришти.

Аспара суусу Кыргызстандын Панфилов, Казакстандын Мерке райондорунун так ортосунан, чек арадан агып өтөт. Дарыянын 80 пайызын кыргыз тоолорунан агып келген мөңгү суулары толтурат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 1948-жылдагы суу бөлүштүрүү боюнча протоколго ылайык, 62 пайызын казак, 38 пайызын кыргыз тарап пайдаланат.

Панфилов районундагы Фрунзе айылдык кеңештин депутаты Таштанбай Түнгатаровдун айтымында, бул суу менен 6,5 миң гектар жер сугарылышы керек. Бирок соңку жылдары казак тарап маал-маалы менен аны бууп койгон, нормадан азыраак берген учурлар болууда:

- Ушул маселени жылда көтөрөбүз. Жогорку Кеңештин депутаттарына, вице-премьер-министр, премьер-министрге чейин жазганбыз, жолукканбыз. Маселе такыр эле чечилбей жатат. Эл бир нерсе айдагандан да коркот. Айдап койгон жерин сугара албай, банкрот болгондор көп. Өкмөт кызылча тиккиле деп айтып жатат, тигейин десең суу маселеси чечилбейт. Мына быйыл мөңгүдөн агып келип толгон суу 40 эле пайыз болуптур, былтыр 140 пайыз болчу.

Таштанбай Түнгатаров эл суу теңме-тең бөлүнсүн, Казакстан суу бөлүштүрүүгө кыргыз тарапты аралаштырсын деп талап коюп жатканын кошумчалады. Андан сырткары суу сактагыч курууну сунуштап жатышат:

- Чалдыбардын үстүндө 950 гектар жайыт жер бар. Ошол жерге жок дегенде үч миллион куб суу бата турган суу сактагыч салып бергиле деп айтып жатабыз. Ошондо суусуз калбайбыз деген кичине ишенич болот эле да. Аны деле салып бергиле, акча чыгарып бергиле деген жерибиз жок. Болгону долбооруна жардам берсеңер, калганын өзүбүз эптеп алабыз деп жатабыз. Тогуз миң эл жер менен эле жан багып жатат, мурункудай завод-фабрика жок. Бир караганыбыз жер болсо, ошону да суунун айынан иштете албасак...

Аспара суусунун маселеси 2012-жылы да Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн, атайын комиссия да түзүлгөн. Парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Панфилов районун мурунку акими Бактыбек Райымкуловдун бышыкташынча, комиссия маселени иликтеп, токтом кабыл алынган, бирок андан майнап чыккан эмес:

- Бизге берилген 38 пайыздын жарымын да алалбай жатпайбызбы. Сууну таптакыр эле үч-беш күнгө бууп салып, эл кыйналып калган. Ошондо депутаттык комиссия түзүлүп, жагдайды карап, суу тең бөлүнсүн деген чечим чыгарган. Өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине тапшырма берилген. Бирок ошол токтом бүгүнкүгө чейин аткарылбай келет. Эч бир иш болбоптур. Мен баарын териштирип чыктым. Ал токтомдун аткарылышын өкмөт Айыл чарба министрлигине жүктөп коюптур, министрлик болсо биз карап жатабыз, аракет кылып жатабыз деп гана жооп берип коюшуптур. Ошол боюнча алар деле маселе көтөрбөптүр. Казак тарап баарын жаап салган, биздикилер суу бөлүштүргүчкө кире албайт, суу кандай болуп, канчасы бөлүнүп жатканын биз билбейбиз.

Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов коңшу-колоңдор менен сууну пайдалануу боюнча негизги протоколдор 80-жылдары, Советтер союзунун тушунда түзүлгөнүн маалымдады. Анда Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калган жагдайлар болгонун, мындай маселе кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара аймактарында да бардыгын, бул документтерди кайра карап чыгуу керектигин белгиледи:

- Ошол кезде Кыргызстан мал чарбачылыгы менен алектенет, ал эми төмөн жакта жашагандар жер иштетет, алардын жери көп, түшүмдүү, алар суу менен көбүрөөк камсыз болушу керек деген жүйө менен суунун көбү кошуна өлкөлөргө бөлүштүрүлүп калган. Протоколдордун баары ошондой түзүлгөн. Ал кездеги түшүнүктөр ошондой болгон. Азыр эми биз алардын баарын кайра карап чыгышыбыз керек. Биз дагы жерлерибизди өздөштүрүшүбүз керек, бизге суу керек. Ушул маселе аягына чыкпай келатат. Мына жаз келди, эми Аспара суусу эле эмес, дагы башка чек аралаш аймактарда да ушул маселе көтөрүлүп, чырлар башталат. Бардык жерде ушундай көрүнүш бар.

Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Бул маселе боюнча расмий Бишкек айрыкча Ташкен менен тил табыша албай жүрөт.

Өткөн жылы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында суу боюнча эл аралык жыйында премьер-министр Темир Сариев Өзбекстан Кыргызстанга Нарын дарыясынан сууну топтоп бергени үчүн кеткен чыгымдарды кошо көтөрүшү керектигин айткан.

Расмий Бишкек буга чейин да суу товар катары бааланышы зарыл, ага байланышкан чыгымдар төлөнүшү керек деген маселени көтөргөн. Ташкен суу тартыштыгы күчөйт деген жүйө менен Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршылык билдирип жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG