Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Кыргыз-казак катнашы суудан кийин суудубу?


Көк-Сай айылы, кыргыз-казак чек арасы
Көк-Сай айылы, кыргыз-казак чек арасы

Таластын Көк-Сай айылындагы Казакстанга кетчү суу каналынын жабылышы жана Каркырада кыргыз жарандарынын кармалып кетиши кыргыз-казак мамилесине таасирин тийгизди.

Бул тууралуу билдирген талдоочулар Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедовдун жакында белгиленип жаткан Кыргызстанга сапарынын жылдырылышын да мына ушул жагдай менен байланыштырууда.

Татаалдашкан жагдайлар

Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан баштап он күнгө чукул Казакстанга кеткен суу каналын бөгөп салышкан. Буга чек араны тактоодо жол өткөн тилкедеги шынаа кошуна Казакстанга өтүп кетип, жергиликтүү элдин катташына тоскоолдуктар себеп болгон.


Суу тоскондор
Суу тоскондор
Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги бөгөлгөн каналды ачуу боюнча тынчсыздануусун билдирген. Суу каналы ачылган менен коюлган талап боюнча сүйлөшүүлөр баштала элек. Ал арада казак чек арачылары Ысык-Көлдүн Корумдусунан Каркырага барган сегиз кыргыз жаранын кармап алып, ушул күнгө чейин койо бере элек.

Өкмөт башчысынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары Токон Мамытов кармалгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду:

- Азыркы учурда бул маселени жөнгө салуу боюнча Чек ара кызматына тапшырма берилген. Учурда эки тараптын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусунда кармалган жарандардын маселеси каралууда. Казак тарап кармалгандардын арасындагы он беш жаштагы өспүрүмдү койо берүүнү убада кылган. Калгандарында мергенчилик куралы менен кошо кармалгандыктан алар текшериле турганы айтылган.

Түшүндүрбөгөн дипломатия

Мына ушул окуялардын фонунда Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахмедов Кыргызстанга июль айынын экинчи жарымына болгон иш сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Мурдатан макулдашылган бул жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын иши талкууланып, өз ара кызматташуунун жаңы жоболору аныкталмак.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов иш сапардын артка жылдырылышынын себептери белгисиз экенин айтты:

- Ал жактан башында иш сапарды уюштурууну июлдун экинчи жарымына белгилөө жагы айтылган болчу. Анан жакында иш сапар август айына жылдырылганы белгилүү болду. Анан анын себептери эмнеде экени бизге белгисиз. Анан соңку окуялардын келип чыгышы жана себептери боюнча эки өкмөттүн өкүлдөрү жакында чогулушуп, маселени талдашат.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов казак премьер-министринин иш сапарынын жылдырылышын соңку окуялар менен байланыштырды. Ошондуктан Аликбек Жекшенкулов мындай жагдайда кыргыз дипломаттарында жеткиликтүү чеберчилик жетишпей жатканын сынга алды:

- Эми суу каналы бөгөлгөн учурдан кийин казак өкмөт башчысы иш сапарын жылдырышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ошондой окуя болуп жатса, ал бул жакка келмек беле? Маселе биздин дипломаттардын жана бийликтин аракетинде болуп жатпайбы. Мына ошол окуяны ушуга чейин жеткирбеш керек болчу. Ал маселени чечүүнүн башка жолдорун жергиликтүү тургундарга түшүндүргөндө эки тараптуу мамилеге мынчалык көлөкө түшмөк эмес.

Кыргыз-казак мамилесиндеги мындай кыйчалыш жагдай жөнөкөй кыр көрсөтүү менен эле токтоп калган жок. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демөөрчүлүгү менен Кыргызстандын Ош шаарында курулуп жаткан беш жүз орундуу мектептин курулушу жакындан бери туруп калды. Ага Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улукбек Матисаковдун айтымында, Казакстан тараптан жүргүзүлүп жаткан каржылоонун токтоп калышы себеп болгон:

- Буга чейин курулуш иштери башталып, котловандар казылып, мектептин пайдубалы толук бүтөйүн деп калган. Анан эле Казакстан тарап каржылоону токтотуп турат деген негизде курулуш иштери туруп калды да. Буга чейинки өздөштүрүлгөн иштин көлөмү 40 миллион сомдук.

Ош шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы мектеп казак өкмөтүнүн каржылоосу менен быйыл жазында башталган. Курулушка жалпысынан 260 миллион сом каралып, анын алгачкы 40 миллион сомдук траншы февраль айында келген. Каржылоонун токтоп калышынын расмий себептерин Кыргызстандын каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевден тактоого мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG