Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ишкерлер: сүт өндүрүшү коркунучта


Кыргызстандык ишкерлер өлкө жетекчилерин казак тараптын сүт азыктарына тыюусун алдыруу үчүн аракет көрүүгө чакырышууда.

Бул маселеге мамлекет жетекчилери кийлигишпесе, сүт азыктарынын өндүрүшү биротоло кыйроого учурашы ыктымал. Өкмөт болсо сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирүү менен чектелүүдө.

Ал ортодо Kазакстан Кыргызстандын сүт азыктарына тыюу салган соң, коңшу өлкөдө сүттүн баасы көтөрүлүп, тартыштык байкала баштаганы белгилүү болду.

Кыргызстандык ишкерлердин маалыматында, Казакстан сүт азыктарына тыюу салгандан тарта өлкөдө өндүрүлгөн сүт азыктарынын көлөмү эки эсе кыскарды. Өндүргөн продукциясынын 60 пайызга жакынын Казакстанга экспорттоп келген сүт комбинаттары учурда жергиликтүү элден сүт сатып алууну токтотуп жатышат. Бул абалдан чыгуу үчүн ишкерлер өлкө жетекчилери менен сүйлөшүп, сүт азыктарына киргизилген тыюуну алдырууну суранышууда.

Сүт өндүрүшүндөгү учурдагы абал боюнча Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев буларга токтолду:

- Учурда Кыргызстандагы сүт комбинаттары жумасына эки-үч күн эле иштеп калышты. Себеби өлкөнүн ичиндеги суроо-талапты камсыздоо үчүн ушунча эле көлөм жетиштүү. Ал эми Казакстан тыюу салгандан тарта сыртка сата албай жатышат. Мындай абалдан чыгуу үчүн мамлекет жетекчилери сүйлөшүшү керек болуп калды. Антпесе, министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калды. Убакыт болсо өтүп жатат. Быйыл тоют кымбат болуп турган чакта сүт да сатылбай калса, айрымдар уйларын союп сата башташы мүмкүн. Бул болсо биздин сүт өндүрүү тармагына оңбогондой доо кетирет жана муну жөнгө салуу кыйынга турат. Мындан улам биздин президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы убакытты өткөрбөй, Казакстандын жогорку даражалуу жетекчилерине чыгып, маселени чечиши керек.

Өз кезегинде ишкерлер сүткө салынган тыюу кыргызстандык ишкерлерге эле эмес, казак жарандарына да зыянын тийгизип жатканын эскертишүүдө. Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаевдин айтымында, учурда Казакстанда сүт азыктарына баа өсүп, тартыштык сезиле баштады:

- Албетте мындай тыюу Кыргызстандын экономикасы үчүн зыяндуу, таасири абдан эле чоң болот. Ошол эле учурда Казакстандын жарандары деле зыян тартышат. Мисалы, 2010-жылы ыңкылаптан соң 40 күнгө чек ара жабылган учурда биздин айыл чарба продукциялар Казакстанга өтпөй, ал жакта баа 4-5 эсеге көтөрүлүп, өкмөт бааны кантип токтотобуз деп бир нече жыйын өткөргөн. Ошол сыяктуу эле сүткө тыюу салынгандан бери казак жарандарына зыяны тийип жатат. Бүгүн Казакстанда сүт жетишпей турат. Баасы да көтөрүлүүдө.

Мындай маалыматты коңшу өлкөдө жашагандар да тастыкташты. Казакстандын Тараз шаарында жашаган кыргыз жараны Нурпаиз Акаевдин айтымында, сүт азыктарына тыюу салгандан бери сүт-айрандын баасы кескин көтөрүлдү:

- Тыюу салынгандан тарта дүкөндөрдө сүт, айрандын баасы 20 тенгеге кымбаттады. Бирок тартыштык анча деле байкала элек. Таразга сүт көбүнчө Таластан келчү да.

Сүйлөшүүгө көнбөй жатсачы?

Казакстан 3-октябрдан тарта Кыргызстандан сүт азыктарын өткөрүүгө тыюу салган. Муну казак тарап Кыргызстандагы татаал эпизоотикалык абалдан тышкары Казакстан Бажы биримдигине мүчө болуп, ошого жараша киргизилген жаңы талаптарды Кыргызстан аткарбай жатканы менен түшүндүргөн. Анда негизги талап катары малдын баарын идентификациялап, тек-жайын жазып, паспорттоштуруу мыйзамын кабыл алууну кечиктиргени айтылган.

Андан бери кыргыз өкмөтү маселени чечүү үчүн казак тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирип келатышат. Парламенттин 31-октябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул маселени чечүү кыйын болуп жатканын мойнуна алды:

- Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик стандартына жакындашмайын бул маселени чечүү өтө оор. Учурда Айыл чарба министрлиги, ветеринардык департамент иштеп жатат. Алар Казакстанга барып келишти. Мен да Казакстандын премьер-министрине чыгып, бул маселени чечүүгө жардам сурадым. Бирок техникалык регламентти талапка ылайыкташтырмайынча, оор абал сакталып жатат.

Негизинен Казакстан Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарында жайгашкан 10 сүт заводдун сүтүн сатып алчу. Бул ишканалар коңшу өлкөгө күнүгө баасы 5 миллион сомдук 120 тоннадай сүт, каймак-быштак экспорттоп жаткан.

Бирок ар кыл жүйө менен акыркы жылдары Казакстан тез-тез эле өз аймагына сүттү өткөрүүгө тыюу салып келет. Маселен, былтыр октябрдан бери эле мындай чектөө эки ирет киргизилген. Коңшулардын мындай олку-солку саясатына каршы туруу үчүн Кыргызстан кошумча чараларды көрүшү керек экенин адистер айтышууда.

Экономист Азамат Акелеев сүт сата турган базарды кеңейтүү жолдорун караштырыш керек деген пикирде:

- Бул секторго инвесторлорду тартып, узак мөөнөттүү пландарды түзүү менен башка рынокторго чыга башташыбыз керек. Маселен, Европа, же бизге жакын Пакистан, Иран сыяктуу мамлекеттерде калк көп, бирок тамак-аш тартыштыгы бар. Ошол мамлекеттерге сүттү кайра өндүрүү жана транспорт маселелерин чечүү менен экспорттосок болот.

Буга чейин Кыргызстандын Экономика министрлиги коңшулардын тыюусуна жооп кылып, кондитердик азыктарды, алкоголь менен тамекини импорттоого тыюу салуу сунушун айтып чыккан. Бирок өкмөт министрликтин бул сунушун сындап, маселени коркутуу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин билдирген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG