Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Казакстан өз аймагына Кыргызстандын картошкасын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Кыргызстандын картошкасына убактылуу чектөө киргизүү чечими 4-майда кабыл алынган.

Казак тарап жыл башынан бери Кыргызстандан алтын түстүү нематода аттуу илдетке чалдыккан картошка келген 79 учур катталып, жыйынтыгында миң тоннадай картошка артка кайтарылганын билдирүүдө. Буга байланыштуу алар Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясына нота жөнөтүп, бирок илдетке каршы көрүлгөн чаралар туурасында маалымат ала албаган соң ушундай кадамга барганын билдирүүдө.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция мындай дооматтарды негизсиз деп эсептейт. Инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановдун айтымында, казак тараптан жыл башында картошка илдети боюнча бир-эки жолу гана нота келген. Ал боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, бүгүнкү күндө картошка лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен гана коңшу өлкөгө жөнөтүлүп жатат.

Калыс Жумаканов Казакстан быйыл өзү да картошканы көбүрөөк өндүргөндүктөн, өз базарын коргоо үчүн ар кандай шылтоолорду ойлоп таба баштаганын билдирүүдө.

- Жыл башында бизге "картошкаңарда алтын түстүү нематода деген илдет табылды" деген нота келген. Бишкекте жана Ошто Айыл чарба министрлигине караштуу эки фитосанитардык лаборатория бар. Ошол кезде негизинен картошка Талас облусунан чыгып жаткан. Ошондо биз реакция жасап, Айыл чарба министрлигине айтып, анан таластыктар картошкасын Бишкекке алып келип, лабораториядан өткөрүп чыгарып жаткан. Андан бери эч кандай нота болгон эмес. Картошкалар таза кетип жаткан. Картошка Казакстанга киргенде ал жерде бир чоң базар бар. Ошол жакка кирерде казак туугандар картошканын үстүнө баа кошуп, "ушуну төлөсөңөр базарга киресиңер" деп талап коюшкан. Ушундай тоскоолдуктар болуп жатат. Казакстан менен чек арада фитосанитардык көзөмөл алып салынган эле. Анан киргенден кийин ошондой маселени жаратып жатышат. Эми азыр алар башка шылтоо таба албай, өз рыногун коргойбуз дегенсип, ушундай жолго барып жатышат.

Укуктарды сактабаган биримдик

Айыл чарба тармагы боюнча адис Жамин Акималиевдин пикиринде, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке даярдыксыз кирип алганынын кесепетин эми көрө баштады. Бул уюм айыл чарба продукцияларын сатууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенген Кыргызстан иш жүзүндө ар кандай бут тосууларга кабылып, атаандаштыкка туруштук бере албай жатат. Эгер биримдиктеги өлкөлөр арасында тең укуктуулук сакталбай турган болсо, анда өлкө биримдиктен чыгуу жолун караштырганы эле оң дейт адис.

- Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин баарыбыз бир укукта болушубуз керек. Ошол бузулуп жатпайбы. Маселени кабыргасынан коюш керек. Биримдикте тең укуктуу мамлекет болуп, биздин продукцияны алышы керек. Албаса анда биз биримдиктен чыгып кетип, мурдагыдай бардык өлкөлөр менен мамилени курушубуз керек. Ушуга жакындап баратабыз. Быйылкы жыл былтыркыдан дагы кыйын болот. Өндүргөн азык-түлүк өтпөй калат да, баары заянга учурап, дыйкандар талаада калышы мүмкүн.

Евразия экономикалык биримдикке киргени өндүргөн продукциябызды бапырата сатабыз деп кыялданган дыйкандар быйылкы жазды жертөлөсү толтура картошка менен тосушту. Былтыркы картошкаларын 3.50 тыйындан дагы өткөрө албай калган дыйкандар быйыл анын баарын кайра сээп, картошканын аянтын көбөйтүүгө аргасыз болуп турушат.

Үмүт үзбөгөн дыйкандар

Ысыккөлдүк дыйкан Акмат Алимбаев былтыр эки гектар айдаса, быйыл үч гектар жерге үрөн даярдап жатат.

- Быйыл картошка такыр эле өтпөй калды. Анан күн жылыганы өнүп баштады. Талаага төгүп салганча деп баарын отургуздум. Былтыр эки гектар болсо, быйыл үч гектарга жакын септим. Быйыл жер айдагандар баары жерди көбөйтүп жатышат. Колдо калган картошканы ыргытабызбы? Эми быйыл өкмөт иштеп, бир аз жардам болобу деген эле үмүт да. Картошканы дарылайбыз, бензин сатып алабыз, ошонун баарын эсептегенде өзүн актабай калып жатат. Айдабайын десең үрөнгө убал. Кыйын эле болуп жатат. Илгери үмүт менен эле жүрөбүз...

Айыл чарба продукциясын өндүрүп, аны сатуу маселеси Евразия экономикалык биридикке киргенге чейин деле чеке жылытарлык эмес болгону белгилүү.

Жамин Акималиев Кыргызстан бул тармакта реформаларды жасап, саясатты өзгөртмөйүн дыйкандардын эмгеги талаада кала бере турганын, бул өз кезегинде айыл чарба тармагынын жок болушуна алып келээрин эскертет.

- Айыл чарба министрлигинин өндүрүшкө эч кандай пайдасы тийбей калды. Алардан картошканы азыраак айдагыла, башка өсүмдүктү өстүргүлө дегендей сунуштар түшпөй жатат. Анын үстүнө азыр жердин 94 пайызы жеке менчикте. Бизге башка министрлик керек, ал элге кызмат кылышы керек. Булар болсо совет мезгилинен калган ыкма менен натыйжасыз иштеп жатышат. Дыйкандардын көзүн ачкан эч ким жок. Баары эле болжол менен жашап, рынок заманына, Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки шартка туура келбей жатат.

"Убакыт бар, маселе чечилет"

Кыргызстандын мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы болсо күзгө чейин абалды жөнгө салууга убакыт бар экендигин айтып, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн билдирүүдө. Калысбек Жумаканов Казакстан тараптан ар кандай шылтоолорго жол бербөө үчүн лабораторияларды көбөйтүп, күчтөндүрүү жагы чечилерин кошумчалады.

- Күзгө чейин дагы бир топ маселелерди чечебиз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Дагы беш лаборатория салынганы жатат. Азыр министрлик, инспекция да эсептерди даярдап жатат. Эгер алар салынса элге жеңил болот. Эл да тартипке көнүш керек. Казактар шылтоолорун токтотушу керек. Чек аралардын баары алынган, ошого карабай коңшулардын мамилеси түшүнүксүз болуп жатат.

Кыргызстан жылына орточо бир миллион тоннадан ашык картошка өндүрөт. Анын басымдуу бөлүгү Казакстанга экспорттолот. Адистердин айтымында, картошканын алтын түстүү нематода илдети негизинен Кемин аймагында кездешет. Бул илдет Казакстандын өзүндө дагы бар.

Бул айыл чарба өсүмдүгүнүн оорусу картошканы ичтен чиритип, суулантып, жараксыз абалга алып келет. Анын микробу топуракта 7-8 жылга чейин сакталат. Илдеттен арылуу үчүн топуракты дарылоо жолу татаал болгондуктан, айыл чарба өсүмдүгүнүн ордун которуштуруп айдоо ыкмасы сунушталып келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG