Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Казакстанда тогуз кыргызстандык кулчулуктан куткарылды. ТИМден билдиргендей, алар Казакстанга Чу дарыясы аркылуу мыйзамсыз жеткирилген жана талаада иштеп жүрүшкөн.

Казакстандын талааларында кул катары иштеп жүргөн кыргыз жарандары тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугуна Илья аттуу Бишкек шаарынын тургуну кабарлаган. 23 жаштагы Илья өзү да ошол иштеп жүргөндөрдүн арасында болгон жана ал жактан качып чыккан.

Биз ушул тушта Алматыда реабилитациялык борбордо баш калкалап жаткан орус тектүү, кыргызча суудай сүйлөгөн Илья менен байланыштык. Анын айтымында, ушул жылы 22-апрелде Кара-Балта шаары жактан аны уктап жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр мастыгынан пайдаланып Казакстанга алып кеткен:

- Мен отургучта эле уктап калгам. Өзүмө келсем Казакстанда "КамАЗдын" ичинде, картошкалардын арасында жатыптырмын. Мени жүктөп алып барышкан окшойт. Мага "талаада иштейсиң, эч кайда кача албайсың" дешти. Ал жакта иштеп жүргөн башка кыргызстандык жарандар менен тааныштым. Арасында орустар, кыргыздар бар эле. Пияз, чамгыр, картошка эктиришти. Бизди коё беришкен жок. Эч ким жол билчү эмес. Тамакты да жакшы берген жок. Бир-эки картошка, кичине кесме, суу эле берип коюшчу. Сыз, нымдуу жерде жаттык. Төшөктөрү эски, жыртык болчу.

Илья бир айдай кыйналып иштегенден кийин качканга аргасыз болгон экен:

- Түн ичинде төртөөбүз качып чыкканбыз. Жолдон эки байкеге жолугуп калдык. Биз аларга жардам берип, кичине иштеп бердик. Алар бизге жол киреге акча, кийим-кече беришти, курсагыбызды тойгузушту. Анан талаада иштеп жүргөндөрдү да коё бербей коюшпасын деп коркуп, шеригим экөөбүз түн ката жолго чыгып, Алматыга келдик. Алматыдан Бишкектеги апама чалып, 189 деген чукул байланыш номерин алгам. Бирок ал номерге Алматыдан чалынбайт экен. Апамдан бул жактагы консулдардын телефонун алып чалдым. Консулдуктагы Бакыт байке менен жолугуп, болгон окуяны айтып бердим, арыз жаздым. Алар мени реабилитациялык борборго жөнөтүштү.

Кулдар картошка талаасында иштешкен

Кулдар картошка талаасында иштешкен

Бул окуя Алматы облусуна караштуу Илийск районунун Акчы деген айылынан 40-50 чакырымдай алыс дунган улутундагы казак жарандарына таандык талааларда болгон. Алматыдагы Башкы консулдуктун өкүлү Бакыт Кадыровдун билдиришинче, кулчулукта жүргөндөр тууралуу арыз түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлдү:

- Кыргызстандан келгендерди дунган улутундагылар кармап турарын айтты. Биз ал жакка барганда чын эле ошондой болуп чыкты. Биз дароо эле жергиликтүү тиешелүү органдарга кайрылдык. Аларды талаадан Акчы айылына, андан кийин Алматыга алып келип, реабилитациялык борборго жайгаштырдык. Бизге 17 адам деп айтышкан. Биз талаада жүргөндөрдүн баарын топтогонго аракет кылдык. Бир талаада пияз менен картошка эгилген болсо, экинчи талаада калемпир айдалыптыр, ортосу бир топ эле алыс экен. Экинчи талаага басып баргыча ал жактан адамдарды таппай калдык. Бизге андан ары жакта да талаа бар экенин, ошол жакка катып коюшарын айтышты. Болгон жердин баарын карадык, бирок тогуз адамдан башкаларды тапкан жокпуз. Ошол талаадан эле жерди казып, үстүн камыш менен жаап жашатчу экен, бири-бирин кээде эле көрүшчү экен.

Кулчулуктан куткарылгандар аларды Чу дарыясы аркылуу мыйзамсыз алып өтүшкөнүн, эч кандай документтери болбогонун айтып беришкен. Азыр алардын баары Алматыдагы реабилитациялык борбордо жашап жатат жана Башкы консулдук Кыргызстанга жөнөтүү жолдорун караштырууда.

Алдангандар азайган жок

Чет өлкөгө ар кандай жолдор менен иштегени барып, кулчулукка кабылган кыргызстандыктар ондоп саналат. “Замандаш” ассоциациясынын башчысы Майрамбек Жапанов муну сыртка чыккандагы опурталдуу жагдайлар тууралуу маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле кулчулукка сатты дегендердин дээрлик баары жазасыз калып жатканы менен байланыштырды:

- Биз жалпысынан кулчулукка кабылган, алданып калган 700дөн ашык адамга жардам бергенбиз. Ошолордун теңине кылмыш иши козголгон жок. Козголгон кылмыш иштер деле аягына чыккан жок. Бул биздин өлкөдөгү системалык түшүнүктүн жоктугунан кабар берет. Тергөөчүдан баштап, өйдө жактыгыларга чейин бул кылмыштын жаңы түрү, жаңы коркунуч деп окутушубуз керек. Анткени кылмышка шектүүлөрдү кармаган менен кылмыш иш эмес, жарандык иш козгоп коюшат, же болбосо "бул тигиге карыз экен, же арыз түшкөн" деп шылтоо айтышат. Анан маалымат кампаниясынын жетишсиздигин да белгилесе болот. Мисалы, бир жылдай мурун эле Ош базарында радио аркылуу алдап чет өлкөгө жумушка чакырып жаткан эки адамды кармаганбыз. Бирок айрым адамдар болбой эле ошолорго ишенип, Орусияга иштегени кетишкен. Көп өтпөй эле алданып калганын айтып, бизге арызданышты. Эл сабатсыздыгынан өздөрү алданып калып жатат, өздөрү күнөөлүү дебей, тиешелүү органдар түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзүшү керек.

Казакстанда кул болуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарына байланыштуу кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунан билдиришкендей, иликтөө иштерине кыргыз милициясынын Казакстандагы өкүлдөрү да жардамдашып, көзөмөлгө алышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG