Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

2015-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 14үндө дүйнө салган кыргыз эл жазуучусу, КДКчы Казат Акмат уулун (Акматовду) эскерип...

Бул дүйнө – жалган дүйнө. Нечендеген чыгаан инсандарды ажалга колдон алдырганда ушундайча ойлобоско чараң да жок.

Бул дүйнө – чындыгы бар дүйнө. Азыркы цивилизациялык бийиктиктин мөмөсүнө маашырланып жатып, чыгаандар калтырган мураска көз чаптырып, өз бакыбаттыгың үчүн “даяр оокат” калтырып кеткен бабаларга жана жашы улуу замандаштарга тен бересиң.

Ошондой инсандардын бири - Казат агай эле. Ал өз жүрөк толтосундагы чындыкты көркөм каражат менен да, публицисттик ыкма менен да элге жеткире билген, өз пикирин айтуудан эч тайманбаган коомдук ишмер катары эл эсинде калмакчы.

Аны замандаштарынын жүз пайызы түгөл жакшы көрчү деп жалган айтууга болбос. Акыйкат сөздү таамай айткан киши бардык эле коомдордо өзүн жактыра бербеген катмардын каршы маанайына кабылат эмеспи. Ал көшөкөрлөрдүн, дүнүйөкорлордун, жемкорлордун, куучирендердин далайына бетке чабар ачуу сын айткан. Эң негизгиси – эки жүздүү тоталитардык системаны айоосуз сынга алган. Жөн гана сындабастан, 70 жыл ичинде чириген бул бир партиялуу системаны жоюуга багыт алган “Кыргызстан” демократиялык кыймылын (КДК) негиздегендердин жана жетектегендердин бири болгон. Ошонусу үчүн да аны азыркыга чейин жеригендер, эски системаны сагынгандар жок эмес. Бул – түшүнүктүү жагдай.

1990-жылдын чын куран (апрел) айы... Элдик улуу толкун майдараак шапаталардан куралат эмеспи. 1989-жылы жана 1990-ж. башында Кыргызстандын ар башка аймактарында, ар кыл тармактарда, ар башка социалдык катмарлардын арасында бири-бирине эч багыныңкы болбогон демилгелүү топтор түзүлүп, аларды баш коштура турган элдик майданды уюштуруу зарылдыгы курчуган маал.

Көпчүлүк чакан уюмдарда жаштар басымдуулук кылды. Кыргыздын эзелтеден келген менталитетинин таасириби, же ошол кезде бардыгын өзүнө тарта алган жапжаш инсан пайда болбогондуктанбы, айтор, жаштардын бир даары өздөрүнүн кыймылына бүткүл жумуриятка ат кашкасындай таанымал, тажрыйбалуу, кыйла жашка барып калган коомдук ишмерди жетекчи кылып шайлоону көксөштү. Чынында да, көксөштү.

КДКчылар "Ала-Тоо" аянтында. Бишкек. 05.6.1990.

КДКчылар "Ала-Тоо" аянтында. Бишкек. 05.6.1990.

Бирок мындай уюштуруунун “кара жумушун” өз мойнуна алган жашы улуураак инсанды табуу оңой болгон жок. Далайлары кол учунан көмөк кылышып, бирок жалпы саясий жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан жазганып-жалтайлап жатышты. Кээлери батиринин ашканасынын каалгасын ичинен илип алып, тоталитаризмди бала-чакасынын көзүнчө сындаганга корстон болуп, ашкана чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлө албай жүрдү.

Дал ошол маалда болочокку КДКны уюштуруу жүрүмүнө жазуучу Казат Акматов, философ, доцент Топчубек Тургуналы, сүрөтчү жана “ашарчы” Жыпар Жекше агайлардын ар кимиси өз алдынча кошулушкан. Алар 20-30 жаштардагы жигит-кыздар үчүн “карып калгандай” көрүнгөн менен, чын-чынында, өз баралына келген азаматтардан экен. Эми, өзүм элүүнүн ортосунан өткөндөн кийин гана, 1990-жылы жазында Казат агай менен Топчуке агайлар 49 жаштын суусун ичип жаткан орто жаштагы эле инсандар экенин, Жыпар Жекше болсо алардан алты көйнөк азыраак кийгенин таасын түшүнүп жатам. Бул агайлар Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов сыяктуу залкарлардын алдында жап-жаш балдардай болгону менен, биздей “мадырабаштар” үчүн токтолуп калган, жамы журтка таанылып калган лидерлер катары кабыл алынган.

КДКнын курултайы. 09.2.1991. (КДКнын Уюштуруу жыйыны 25-26.5.1990 өткөрүлгөн).

КДКнын курултайы. 09.2.1991. (КДКнын Уюштуруу жыйыны 25-26.5.1990 өткөрүлгөн).

Казат агайдын жалпы, орток көйгөйлөрдү чечүүдө ийкемдүү жол тапканга аракеттенген учурлары азыр да көз алдымда элестеп турат. 1990-жылдын бугу (май) айынын 25и. КДКнын аталышы такталып жаткан чак. КДКнын Программасынын долбоорун Камила Кененбаева даярдаган. Уставынын (жобосунун) долбоорун мен даярдагам, ошондуктан ал долбоор боюнча уюштуруу жыйынында мен чыгып сүйлөгөм. Уюмду элдик майдан атоону сунуштагандар да болду.

Долбоордо “Кыргызстан Демократиялык Кыймылы” делген. Бир убакта эле залдан бирөө кыйкырып, мындагы “Кыргызстан” сөзүн гана тырмакчага алууну сунуш кылып калды. Жыйында төрагалык кылгандардын бири – Казат агай дароо добушка салды эле, ушул сунуш өтүп кетти.

Ошондо мен Казат агай түйүндүү маселелерде майда-барат жагын тез чечип, олуттуу натыйжага ыкчам жетүүгө умтулган инсан экен, деп баалап калдым.

КДКнын саясий ачкачылыгы маалы. 23.10.1990.

КДКнын саясий ачкачылыгы маалы. 23.10.1990.

КДКдагы отурумдар талаш-тартышсыз, эркин талкуусуз өткөн учур болчу эмес. Андайлардын айрымдарын КДКнын жетекчилери гезит беттерине, китептерге чейин жарыялап жүрүштү.

Айрым маселелерде КДКнын дагы бир теңтөрагасы Кадыр Матказиев экөөбүз Топчукени колдоп, Казат агайды кыжаалат кылган учурларыбыз деле болду. Бирок Казат агай мага карата сый мамилесин эч бөксөрткөн эмес. Мени да, башка үзөңгүлөш жаш тарыхчы кесиптештеримди да жандуу колдоп келчү. Бул да анын улуулугун, зиректигин, турмуштук мол тажрыйбасын көрсөткөн касиети болсо керек.

Казат агайдын күрөшчүл мүнөзү төрөлгөндөн эле калыптанса керек. Атасы согушка аттанып жатканда, апасынын боюнда экен. “Уул болсо “Казат” деп атагыла”, деп Акмат алааматтуу урушка аттанат. Кийинчерээк, Казат бир нече айлык ымыркай кезинде атасы машыгып жана кара жумушка катышып жаткан Чүй боорунун чыгышындагы аскердик өргүү жайына апасы Казатты алып барып, атасына бир жыттатып калган дешет.

Ошол бойдон атасын көрбөгөн Казат кийин эрезеге жеткенче тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өткөн. Жаш кезинде аскер кийимин кийип жүргөн учуру болгонун замандаштары кеп кылып калат. Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) алар окуп жаткан журналистика бөлүмүн жабуу тууралуу чечим кабыл алынганда, Казат агай студенттик “козголоңду” уюштуруучулардан болгон. Демек, жаш кезинен эле анын күрөшчүл руху коомдук бүлөө ташка ого бетер курчуган.

Чыңгыз Айтматов агай Казат агайды өтө жакын туткан. Балким, 1983-84-жылдары Казат агайдын “улутчул жазуучу” катары адилетсиз кодулангандыгына Чыңгыз агайдын каршы чыккандыгынан уламдыр. Айтор, “Кайра куруулар” доорунда Казат Акматов Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин катчыларынын бири болуп шайланган. Бул – Биримдикти жетектеген Ч.Айтматовдун да, башка мүчө жазуучулардын да саал мурдараак запкы жеген Казат агайды колдоосу эле.

Казат Акматовдун англисче жарыяланган китеби. 2013.

Казат Акматовдун англисче жарыяланган китеби. 2013.

Серепчилер таамай баалагандай, кыргыз тилиндеги заманбап көркөм адабиятта Казат агай өз нугу, өзү чапкан чыйыры бар, элди ойготкон калемгер катары айрыкча орунга ээ. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Жазуучу жана коомдук ишмер болгон маркум агайыбыздын негизги ыйык согушу – казаты – Кыргызстандын эгемендигин калыптандыруу жана чыңдоо күрөшү менен гана чектелбестен, өлкөбүздү демократиялык мамлекет катары өнүктүрүү мүдөөсүнө да баш ийдирилген.

Бул жаатта Казат агай бактылуу инсан экен. Кыргызстан демократиялык жүрүмдү байсалдуу улантууда. Эл жазуучусу болгон агабыз калктын кадырман аксакалы катары төрдө отуруп сый көрүп келди. Бостери айылында анын ысымындагы көчө да бар. Бул көчөнү атоого анын жеке мамилеси кандай болгонун билбедим, бирок замандаштары үчүн ал – элибиздин татыктуу кулуну болчу.

Казат агай! Эми шум ажал эрте алып кеткен кызыңыз Мунабиянын жанына бара жатасыз. Топурагыңыз торко, жаткан жериңиз жайлуу болсун! Сиздин ыйык күрөшүңүз өтөсүнө чыкканын эл-жер баалап турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG