Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

К.Акматов: Дмитрий Медведевдин айтканы келип атат


Казат Акматов
Казат Акматов

Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо аракети болду. Бул маселе боюнча “Азаттыкка” жазуучу, мурдагы легендарлуу парламенттин депутаты Казат Акматов маек курду.

“Азаттык”: Кечээ коалицияга кирген үч партия төрагалыкка көрсөткөн Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги шайлоодо өтпөй калды. Көпчүлүктү түзгөн коалиция колдосо эле анын өтөрү айкын болчу. Бирок андай болгон жок. Кандай ойдосуз, көпчүлүктү түзгөн үч партия өздөрү алып чыккан талапкерди өткөрө албай койгону эмнеден кабар берет?

Казат Акматов: Бул жалпы эле депутаттардын саясий-этикалык деңгээли төмөн экенин көрсөтүп койду. Булар мурдатан мамлекеттин, элдин тагдырын, улуттун тагдырын ойлобостон, ич-ара майдаланып, бирин-бири кулатып, тоголото чаап жок кылыштын амалын ойлоп атышты. Ушуга келмек болчу.

Эгер Ө.Текебаев өтпөсө анда башка бир дагы талапкер өтпөйт мындан кийин. Себеби коалиция өзүнүн кайдыгерлигин көрсөтүп, оппозиция болсо күнү-түнү жан талашып иштеп, жан талашып Ө.Текебаевди кулатуунун аракетин кылды. Ал эми коалиция болсо Ө.Текебаевди өткөрүүнүн аракетин кылган жок. Ошону менен спикерликке Ө.Текебаев өтпөсө, башка эч бир талапкерди эч бирөө өткөрө албайт. “Ата Журт” өзүнүн талапкерлигин өткөрө албайт, “Ар-намыс” да өткөрө албайт, эч ким өткөрө албайт.

Парламентаризм деген бул жогорку маданиятты талап кылат да. Жөн эле парламентаризм боло бербейт. Жанагы Д.Медведевдин айтканы келип атпайбы эми. Парламентаризм болушу үчүн депутаттардын деңгээли өтө жогору болушу керек.

120 депутаттын ар бири элдин тагдырын, мамлекеттин тагдырын мойнуна алганын түшүнүшү керек. “Элдин тагдыры менен мамлекеттин тагдырын, 5 миллион адамдын тагдырын мойнума алдым” деп түшүнүп, ар бир депутат ошол деңгээлде болушу керек эле да. Андай болбой эле бардыгы акча менен өтүшпөдүбү.

Мына Ө.Текебаев да күнөөлүү өзү. Ал дагы шайлоо алдында акча менен тизме түздү. “Баланча акча бересиңер, тизмеге киресиңер” деп. Мына ушундай биздин деңгээлибиздин, аң-сезимибиздин өсүп жетилбегенин көрсөтүп алдык дагы, кризиске келип такалдык. Эми бул кризистин аягы эмне менен бүтөрү күмөндүү болуп калды. Эл көтөрүлүшү мүмкүн кайрадан.

Бүгүн төрагалыкка башка талапкерлерди чыгарабыз деп атышат, коюп көрүшсүн. Балким бирөө өтүп кетер. Эгер өтпөсө анда эл кайрадан көтөрүлөт. Кайрадан чатак болот.

“Азаттык”: Сиз жана айтып өттүңүз, парламентаризм болушу үчүн депутаттардын деңгэли бийик болушу керек депчи. Кечээ да Жогорку Кеңештин төрагасынын талапкерлигин талкуулап атканда, төрага болчу адамдын абийири, жүрүм-туруму сыяктуу маселелер катуу айтылды. Ө.Текебаевге чоң айыптар коюлду. Аны июндагы коогалаңга жоопкер дегенден баштап, азыр качып жүргөн Кадыржан Батыров менен байланышы бар-жогун, Ө.Текебаевге окшош деген адам катышкан чуулгандуу видео тасмадан бери көтөрүп чыгышты. Ушул сыяктуу айыптоолордун жөнү барбы?

Казат Акматов: Ар бир адамдын, ошонун ичинде депутаттын да интимдик турмушу бар. Ар бир адамдын үй-бүлөлүк турмушу бар. Ар бир депутат аялы менен урушат, баласы менен урушат, үй-бүлөлүк келишпеген жактары болот, негизи эле ар бир адамдын ички, өзүнүн жеке турмушу бар да. Ошону алып чыгып, анын саясий же мамлекеттик ишмердүүлүгүнө алып барып жабыштырып, ошону факты кылып алып аны кулатабыз дегени, бул деген жанагы мен айтып аткан саясий маданияттын жоктугу.

Мисалы А.Артыков көтөрүп чыкты дейт ошону. А.Артыковдун өзүнүн ички, жеке турмушун алып көрсөк эмне деген фактылар бар экенин ким билет. Кудай билет аны. А.Артыков өзү көп жылдан бери саясатта жүрөт, бирок азыр ушул сапар элди ойлобостон, мен айтар элем улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобостон, А.Артыков эптеп эле Ө.Текебаевди кулатуунун аракетин ойлоп атат. Мисалы А.Артыковду болуптур эми деп спикер кылып коёлу. Кандай болот анда? Бул адам спикер боло албайт да.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG