Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Келдибеков: Менин камалышым саясий чөйрөгө керек болгон


“Менин камалышым саясий чөйрөгө керек болгон. Ал саясий чөйрөдөгүлөрдүн аттарын атай алам. Алар – Текебаев, Салянова жана Нарымбаев”, деп билдирди 5-августтагы Биринчи Май райондук сот отурумунда айыпталынып жаткан депутат А. Келдибеков.

Акматбек Келдибеков кылмыш кылып жаткан учурда кармалбаганын, андай учурда депутат камакка алынбасын белгилеп, өзүнүн кармалышы мыйзамсыз экенин билдирди. Айыпталуучу 8 айдан ашык убакыттан бери бир гана жолу суралганын, тергөөчү айыбын далилдей албаганын кошумчалады.

Акматбек Келдибеков “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда. Ал Соцфонддун төрагасы болуп турган учурда мамлекетке 24 млн сомдон ашык, Салык кызматын жетектеп турганда 2,3 млн сом, парламентти жетектеп турганда 10 млн сомго жакын зыян келтирген деп айыпталууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG