Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Экс-спикер Акматбек Келдибековго байланыштуу соттук териштирүү толугу менен аяктады. Кийинки жумада сот өкүмү чыгары айтылууда.

Прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековду он жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону сурады. Келдибековдун жактоочулары болсо, ага карата айыпты прокуратура жөнү жок коюп жатканын айтышып, бийликтин куугунтугу болуп жатканын билдирүүдө.

Адвоткаттардан убакыт ашкан жок

Акматбек Келдибековго карата соттун өкүмү 6-ноябрда чыгат деп күтүлгөнү менен процесс жактоочулардын сөзү менен аяктады. Адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, прокуратура айыптын аркасы менен Келдибековго тиешеси жок кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү конфискациялоону өтүнүп жатканы туура эмес деди. Прокуратура Келдибековго тиешелүү мүлктөрдү тыкыр иликтебестен, башка бирөөлөрдүн менчигин да тартып алууну көздөөдө деген Бекназаров буларды кошумчалады.

- Конфискация - бул кошумча жаза. Ал зыяндын ордун толтура турчу нерсе эмес. Прокуратура жарандык доону айткан жок, буга кошумча Каржы министрлиги дагы мындай бүтүм чыгарган жок. Ошондуктан үй-мүлкүн конфискациялоо деген туура эмес. Мамлекеттик айыптоочулар күнөөнү да далилдей алышпай жатат. Эки берене боюнча айыптын бардыгы мыйзамдуу экенин аныктап бердик.

Буга чейин Акматбек Келдибековдун сотунда бир катар депутаттар, ишмерлер келип көрсөтмө беришкен. Сотко келген депутаттардын бардыгы Келдибековдун айыбына кошулган Жогорку Кеңештин Москвада ачылган өкүлчүлүгүнүн ачылышын мыйзамдуу чечим экенин айтып беришкен эле.

Бирок прокуратура Келдбиковдун 2010-жылы парламентте төрага болуп турган учурда Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу токтомуна депутаттарды адаштыруу менен добуш бердирткенин айтууда. Анын натыйжасында мамлекетке 9 млн. сом зыян келгенин далилденди деп ишендиришти. Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековдун билдирүүсүндө:

- Алгач Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнө эки-үч штат кошуп берели деп айткан сөзү стенограммада бар. Бирок кийин сегиз штат бөлүнгөн. Токтом долбоору депутаттарга таркатылбастан добушка коюлуп, макул болушкан. Кийин иштебеген өкүлчүлүккө мамлекет тарабынан 9 млн. сомго чукул акча которулган.

Айыпты көбөйткөн салык кызматы

Прокуратуранын койгон экинчи айыбында Акматбек Келдибеков Салык кызматында жетекчи болуп турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 миллион 300 миң сомдук салыгы өлкө бюджетине түшпөй калган.

Айтылган эки айыпка тең Акматбек Келдибеков караманча каршы чыгып, ал жетекчи болуп турган учурда мамлекетке бир да тыйын зыян келген эместигин айтууда. Ал 2007-жылы Салык кызматын жетектеп турганда өлкөнүн жылдык планын 113 пайызга аткарганын айтып, прокуратура сөз жүзүндө бирди сүйлөп, кагазга келгенде башканы окуп жатканын айтып кейиди.

- Мага коюлуп жаткан эки айып боюнча мен бир сомду мындай кой, бир тыйын алган эмесмин деп айтып жатам. Тергөө мен тарабынан акча жок кылынганын далилдей албай жатат. Мен ар бир коюлган айыптын ар бир пунктуна кеңири далилдерди келтирдим. Прокуратуранын мыйзамдуулукту өзү сактабай жатканы өкүндүрүп жатат да.

Прокуратуранын Келдибековго койгон эки айыбында жалпысынан Келдибеков ар кандай жогорку мамлекеттик кызматта турган учурда 10 млн. сомдон ашык зыян келтирген. Натыйжада мамлекеттик айыптоочу Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону соттон суранууда.

Иш саясатташып кетти

Адвокаттар айыпка караманча каршы чыкканы менен экинчи жагынан сот процесси саясатташып кеткенин моюнга алышууда. Жактоочу Азимбек Бекназаров Келдибековго карата соттун чечими бийликтегилердин маанайына жараша болоорун жашырбайт. Себеби Келдибековго кылмыш ишин козгогон адамдар дагы деле бийликте деп кошумчалады.

Саясатчылар арасында да Келдибеков саясый курмандыкка кабылганын айткандар бар болсо, ошол эле учурда кымырган иштери далилденсе, жазасын алышы керек дегендер четтен табылат. Укук жаатындагы эксперт Борон Жаанбаев:

- Келдибеков саясаттагы көрүнүктүү фигуралардын бири болгондуктан анын соту саясатташып кетти. Чындыгында эгер прокуратура анын күнөөсүн далилдеп берсе, жазасын сөзсүз алышы керек. Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда Келдибековдун кызыкчылыгы бар беле ушул жагын прокуратура тыкыр далилдеп бериши керек. Себеби, Жогорку Кеңештин башка өлкөдө өкүлчүлүгүн ачууга укугу бар, бирок кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен ачылбашы керек эле.

Ошентип Акматбек Келдибековдун сотунда бардык тараптар, күбөлөрдүн сөзү угулуп бүттү. Эки жылдан бери уланып келе жаткан сот процесси аяктап, 12-ноябрда соттун өкүмү чыгаары күтүлүүдө. Келдибеков өзүнө коюлган айыптардын бардыгына макул эместигин айтып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG