Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Ушу тапта Кыргызстанда бөйрөк ооруcунун өтүшүп кеткен түрү менен жаштар көп катталып жатат.

Өлкөдө саламаттыкты сактоодо мындай ооруларды дарылоо эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Бөйрөктүн иштөөсү начарлаган адамдар гемодиализ – “жасалма бөйрөк” аппаратынын жардамына муктаж. Ушу тапта бул аппаратка 220 адам кезекте турат.

Изилдөөчүлөр дүйнөдө бөйрөк оорулары эки эсеге өсүп кетүү коркунучу бар дешет. Кыргызстанда да акыркы он жылда бөйрөк оорусу менен катталгандардын саны көбөйүүдө. Өтүшүп кеткен түрдөгү бөйрөк оорулары менен ишке жарамдуу курактагы жаштар көп катталууда.

Улуттук Медицина академиясынын терапия кафедрасынын башчысы, профессор Рысбек Калиев оорунун өтүшкөн түрү бөйрөктүн иштешинин начарлоосуна алып келерин айтат:

- Белок пайда болот, кан басым жогорулайт, бөйрөктүн иши начарлап кетет. Ал убагында билинбей калса кийин бөйрөктүн тырышып, кийчирейип кетүүсүнө, иштебей калышына алып келет.

Билбей жүргөндөр да көп

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккандардын саны 12,2 пайызды, же 250 миң адамды түзгөн. Бирок оорулуу адамдардын саны бул көрсөткүчтөн бир канча көп дешет адистер.

Өтүшүп кеткен түрдөгү бөйрөк ооруларын дарылоодо дарыгерлер гемодиализ, башкача айтканда “жасалма бөйрөк” аппаратынын жардамы менен дарылашат.

Бишкек шаарынын тургуну, 53 жаштагы Амирашсан Алиев бөйрөгүнө суук тийип, ооруусу өтүшүп, бөйрөгүнүн иштөөсү начарлагандыктан Улуттук кардиология жана терапия борборунда жумасына үч жолу “жасалма бөйрөк” аппаратынын жардамы менен организминдеги чогулган аптыктарды чыгартып жана канын тазалатып турат:

- Бөйрөгүмө суук тийип оорукананын нефрология бөлүмүндө жатып дарыландым, андан кийин Казакстанда да дарыланып жүрдүм, жардам болбой анан бул жакка кайрылдым. Беш жыл болуп калды ооруганыма, азыр гемодиализ алып атам. Биринчи убактарда дары-дармектердин көбүн өзүбүз алчубуз. Азыр бардыгын бул жактан берип атышат.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун жасалма бөйрөк бөлүмүнүн башчысы Бектур Абдиев борбордо 11 аппарат иштеп жатканын айтат:

- Акыркы жолу 2009-жылы төрт жаңы аппарат алдык. Бардыгы болуп азыр 11 аппарат иштеп атат. Бизде 49 оорулуу адам бул аппараттардын жардамы менен дарыланышат. Алар аптасына үч жолу келишет. Бөйрөк оорусу аныкталган 230 адам бар экен. Бирок оорусу аныктала элек, же билбей жүргөндөр да көп.

“Сактансаң сактайм дейт”

Ушу тапта өлкө боюнча 50 “жасалма бөйрөк” аппараты иштеп жатат. Мындай аппараттын жардамы менен 173 оорулуу дарыланат. Кезекте дагы 220 адам турат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Өмүрбай Нарбаевдин айтымында, бул аппараттар аркылуу дарылоо маселени чечпейт. Эң негизгиси ооруну алдын алуу зарыл:

- Кант диабети, кургак учук, кош бойлуу айымдарда жана башка кандай кыйын оорулар болсо жүктүн бардыгы бөйрөккө түшөт. Организмге кереги жок нерсенин бардыгы бөйрөк аркылуу чыгат. Азыр өлкөдө 50 гемодиализ иштеп атат. Бирок бул маселени чечпейт. Эң чоң маселе чече турган нерсе бул алдын алуу иш-чараларын алып баруу керек. Алгачкы белгилер пайда болгон адамдарды үч айдын ичинде аябай дарыласак, ошондо биз көпчүлүгүн кайрып калабыз.

Өнүккөн мамлекеттерде бөйрөгү начар иштеген адамдарга органды которуу жолу менен жасалма бөйрөк операциясын жасашат. Кыргызстанда да мындай операция жасоочу институту түзүлгөн. Бирок каражаттын жоктугунан улам бул институт ишке кирише элек.

Чет мамлекеттерден бөйрөгүнө 25тей киши операция жасатып келгенин “Жашоого үмүт” бирикмесинин башчысы Уран Ибраимов айтып, дары-дармектер кымбат болгондуктан алар операциядан кийин да кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын кошумчалады:

- Биздин ооруларга абдан кыйын, анткени операция өтө кымбат. Бирөөнө 50 миң, айрымдарына 100 миң доллар кетет. Көпчүлүгү үй-жайын саткандар, же колунда барлар гана операция жасата алат. Операциядан кийин биринчи айларда миң долларга чейинки дары-дармектер керек. Андан кийин кичинеден доза азаят. Бирок бул дарыларды биз өмүр бою ичебиз.

Профессор Айнагүл Жумагулова бөйрөк оорусун дарылоо жана операция өтө кымбат болгондуктан бөйрөк оорусуна дуушар болгон ар бир адам ооруну өтүштүрбөстөн, алдын алып, маселени чечсе болот дейт:

- Бөйрөк оорусу өтүшүп кеткендерге “жасалма бөйрөк” операциясы жасалгандан кийин, адам өмүр бою “Сандиммун” деген дарыны ичиши керек. Бир оорулууга айына 350-400 евро дары-дармекке кетет. Бизде алгачкы белгилери пайда болгон адамдарга алгачкы текшерүүлөр өткөрүлбөй атат. Эгерде алдын алуу иштерин алып барсак мынча каражат кетпейт эле.

Адистер белгилегендей, кандай оору болбосун бөйрөккө терс таасирин тийгизет экен. Андыктан ар бир адам дарттын алдын алып, өз убагында дарыгерлерге кайрылып, бөйрөктүн иштешин текшертип турууну унутпаса.

Тасмада: Курулай талкуу адам өмүрүн сактап калбайт

Тажикстанда жүздөгөн адамдар дартка чалдыккан тийешелүү дене мүчөсүнүн алмаштырылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. ZMa

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG