Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Килюнен кайрылабы же Жогорку Кеңеш чакырабы?


Килюнен комиссиянын корутундусун жарыялоо учурунда, 3-май, 2011-жыл
Килюнен комиссиянын корутундусун жарыялоо учурунда, 3-май, 2011-жыл

Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен Кыргызстанга келүүгө даяр экендигин билдирди. Ал кыргыз парламенти мүмкүнчүлүк берип, чакыра турган болсо комиссиянын корутундусу боюнча түшүндүрмө берээрин айтууда.

Буга чейин Жогорку Кеңеш эл аралык комиссиянын корутундусун бир тараптуу деп таанып, Килюнендин Кыргызстанга киришине тыюу салган.

Эми депутаттар Килюнен расмий кайрылганда гана, ага уруксат берүү маселеси парламентте каралышы мүмкүн дешет.

Килюнен: Кыргызстанга келгим келет

Май айынын акырында персона нон-грата деп жарыяланган Киммо Килюнен Жогорку Кеңеш мүмкүнчүлүк берсе, Кыргызстанга келип, комиссиянын корутундусу боюнча түшүндүрмө берүүгө даяр экендигин билдирүүдө. "Ал үчүн кыргыз парламенти өлкөгө кирүүгө урусат берип, расмий чакырышы керек" дейт Килюнен.

- Мүмкүнчүлүк болсо мен Кыргызстанга келгим келет. Бул - иштин принципиалдуу аспектиси. Эгер мүмкүнчүлүк бар болсо жана парламент менин көз карашымды билгиси келсе, мен даярмын.

Килюнен “Азаттыкка” курган маегинде июнь коогалаңы боюнча эл аралык комиссиянын корутундусунда эч кандай мүчүлүштүктөр жок экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Финляндиядагы жолугушуу

Алгач Киммо Килюнендин Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин 2-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков парламенттин жарым жылдык иши боюнча маалымат берип жатып жарыялаган. Спикер июнь айынын ортосунда Кыргызстандан Финляндияга барган депутаттар Килюнен менен жолукканын, анда бул маселе көтөрүлгөнүн ачыктаган:

Ахматбек Келдибеков
- Өзүнүн суранычы боюнча Кыргызстанга келип, депутаттар менен жолугушуп, ачык-айкын сүйлөшүп, кайсы жеринде кемчилик кетирсе, аларды ачык айтканга же болбосо кайсы жеринде таштап кетсе, кайсы жерин толукташ керек болсо, ошол жөнүндө өзүнүн ой-пикирин айтыптыр.

Ал киши, мага депутаттардын айтымы боюнча, жаман кылайын деген ой-пикирим жок деген экен. Биз айттык, аны дагы сессияда карап айтабыз. Келсин, парламенттик комиссия менен жолуксун. Биз аны келбе деп жөн айтып койсок болбойт.


Мүмкүнчүлүк болсо мен Кыргызстанга келгим келет. Бул - иштин принципиалдуу аспектиси.
Финляндиядагы бейформал жолугушуу Киммо Килюнендин демилгеси менен өтүп, анда кыргызстандык депутаттар комиссиянын корутундусундагы кемчиликтерди белгилешкен. Айтылган кемчиликтерге Килюнен да макул болуп, Кыргызстанга келүүгө уруксат берүү үчүн атайын кат жолдой турганын айткан, дейт ошол учурда делегациянын катарында болгон депутат Надира Нарматова:

- Ал Жогорку Кеңештин спикеринин наамына кат жолдойм деген. Качан жолдойт, аны эми өзү билет. "Мени кабыл алышып, парламенттин талкуусунда карап беришине, Кыргызстанга барганга уруксат берүүгө кат жиберем" деген.

Расмий кайрылуу боло элек

Деген менен Килюненден расмий түрдө эч кандай кат келе элек. Эл аралык комиссиянын төрагасы тараптан мындай кайрылуу келээри да азырынча так белгисиз.

Бирок уруксат берүү тууралуу Килюненден кат келип калса, анда Жогорку Кеңеш өз чечимин өзгөртөбү? Килюнен Кыргызстанга кандай шартта келет? Бул суроого июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов мындайча жооп кайтарды:

Ош, 28-июнь, 2010-жыл
- Эгер жанагындай кайрылуу болсо, анда парламент өзүнүн токтомуна кайрып туруп, тиешелүү башка токтом кабыл алат. Токтомду кабыл алып, Тышкы иштер министрлигине Килюненге виза бергиле, беш күнгө же үч күнгө деп айтса болот. Анан Чек ара кызматына да тиешелүү токтомдун көчүрмөсү жиберилет. Келип калса өткөрүп койгула, кайра эки-үч күндөн кийин чыгарып койгула дейт.

Өткөн жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон кагылышууларды иликтөө үчүн түзүлгөн эл аралык комиссия өз корутундусун 3-майда жарыялаган. Комиссиянын корутундусунда Ош жана Жалал-Абадда болгон окуялар геноцид эместиги, ошол эле учурда адамгерчиликке каршы кылмыштын өңүттөрү бар экендиги айтылган. Ошондой эле коогада өзбек тектүү жарандар көбүрөөк жабыркаганы белгиленген.

Жогорку Кеңеш 26-майдагы жыйынында комиссиянын корутундусу бир тараптуу экендигин жана анда так эмес маалыматтар болгондугун белгилеп, аны юридикалык күчү жок документ катары тааныган. Мындан тышкары комиссия төрагасы Киммо Килюнен персона нон-грата деп жарыяланып, анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган.

Килюнендин персона нон-грата деп жарыяланышы өзгөчө жергиликтүү укук коргоочулардын нааразылыгын жараткан. Мындан тышкары президент Роза Отунбаева да "Жогорку Кеңештин бул чечими ашкере болуп калганын" айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG