Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Нарындын Кочкор районунда айылдык молдону жергиликтүү калк кумса дешип, анын жер которушун талап кылышканы тууралуу кеп тарады.

Кочкор айылынын бир нече тургуну медресе башчысын кумса деп айыпташып, 4-сентябрда айылдан көчүп кетишин талап кылган. Кочкордун тургуну Шаххан Мырзабеков окуянын чоо-жайы тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Махмуд аттуу медресе башчысынан айыл тургундары шектенип, кумса деп жатышат. Мындан улам айыл тургундары ыйман жолунда жүргөндөрдү уят кылдың деп айылдан көчүп кетишин талап кылышууда. Бул боюнча кечээ айыл жаштары жана дин жолунда жүргөндөрдүн катышуусунда жыйын болду. Анда деле ал көчүп кетсин деген талап коюлду.

Шаххан Мырзабековдун айтымында, айылдаштары айыптап жаткан адам буга чейин Кочкор районунун имамы да болгон. Кийин ал милдетти өткөрүп берип айылдагы медресенин башчылыгын аркалап жаткан. Бирок акыркы учурда анын кумса экени тууралуу сөз тарап, айылдыктар аны кодулай баштаган. Учурда Махмуддун кайда экени беймаалым. Айылдаштары жер которушун талап кылган соң коопсуздугунан чочулап, башка жакка чыгып кеткен. Мырзабековдун айтымында, бул окуяга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көңүл буруп, тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек болуп турат:

- Азыр Кочкордун тургундары "ишенип, балдарыбызды ыйманга үндөйт деген адам ушундай болсо" деп аябай нааразы болуп жатышат. Биздин бийлик өкүлдөрү, дин адамдары буга көңүл бурбаса, элдин кыжырдануусу күч.

Аталган жыйын боюнча Кочкор райондук милициясы менен айылдагы мечиттин имамы маалымат берүүдөн баш тартты. Кочкор айыл өкмөтүнүн өкүлү Султанкелди Бейшенкулов болсо мындай окуя болгонун төгүнгө чыгарды:

- Мындай окуя тууралуу уккан жокмун. Андай маалымат жок. Жөн эле интрига үчүн чыккан кеп болсо керек. Ал тууралуу эч нерсе деп айта албайм.

Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Абдымажын Чолпонкадыров айылда жыйын болгонун тастыктап, бирок ал башка маселеге арналганын билдирүүдө:

- “Кочкор-Ынтымагы” деген жаштар уюмунун чогулушу болду. Молдолор тууралуу кеп деле болгон жок. Ал тууралуу маалымат берем деп жоопкерчиликти өзүмө ала албайм.

Кыргызстанда сексуалдык азчылыктардын укугун коргоодо көптөгөн маселе бар экени айтылып келет. Буга чейин бул жаатта иш алып барган уюмдар мындай адамдар коомчулуктун кодулоосуна туш болгондуктан, жашырынып жүрүүгө мажбур экенин билдиришкен. Айрыкча бул өлкө аймактарында курч экенин кумсалардын укугун коргогон «Кыргыз Индиго» коомдук уюмунун өкүлү Руслан Ким “Азаттыкка” билдирүүдө:

- Гей, лесбиянкалар көбөйдү деп айтып жатышат. Бирок андай деле эмес. Алардын саны көбөйгөн жок. Болгону, айрым жагдайларга байланыштуу, укугу бузулуп жаткандыктан ЛГБТ өкүлдөрү жашырынып жашоого мажбур.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кыларын белгилешет. Ошол эле учурда кумса, бисексуал жана башка адамдардын укугун коргоо аракеттерин “Батыштын бузуку саясаты” деп сындагандар да жок эмес.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG