Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кочкордогу чатакты милиция жашырып жатабы?


Бишкек – Нарын – Торугарт жолун оңдоп жаткан кытайлык жумушчулар
Бишкек – Нарын – Торугарт жолун оңдоп жаткан кытайлык жумушчулар

3-июлда милиция Бишкек-Торугарт жолун куруп жаткан China Road кытай компаниясынын жумушчуларынын документтерин текшерүүгө алганда эки тарап кагылыша кеткен деген маалымат тараган.

Кочкор райондук милициясы эч кандай жаңжал чыкпаганын ырастоодо. Болгону кытай жарандары милицияга баш ийбегендиги үчүн аларды РИИБге алып келип, мыйзам чегинде чаралар колдонулган. Учурда бул окуя боюнча 4 кытай жаранынын иши райондук сотко өттү. Ал эми текшерүүгө катышкан бир катар коомдук уюмдун өкүлдөрү милиция маалыматты жашырып жатат дешет.

Кочкор райондук милициясы жана УКМКнын кызматкерлери биргелешип, кытай жарандарынын документтеринин мыйзамдуулугун текшерүүгө алган. Ал жерден өз документтерин көрсөтө албаган 20га жакын кытай жараны милициянын буйругуна баш ийген эмес. "Айрым маалымат сайттарда жазылгандай, эки тараптан бири-бирине кол көтөрүү болгон эмес", – дейт райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Талипов:

- Текшерүү убагында 28 кытай жараны паспортторун көрсөтө алышкан жок. Милиция аларды РИИБге баруусун талап кылганбыз. Котормочусу туура эмес которуп, милиция менен кытай жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетти. Биз тез арада абалды түшүндүрүп, РИИБге 21 кытайды алып келдик. Жети кытайдын паспорту жок болуп чыкты, ал эми 4 кытайды, милицияга баш ийбегендиги үчүн ишин сотко өткөрүп бердик. Бүгүнкү күндө кытай жарандары менен милициянын ортосунда чатак чыкпаганын тастыктайм.

Жергиликтүү активист Урматбек Шергазиев кытайлык компанияда иштеген кочкорлуктар менен компаниянын ортосунда мурдатан эле пикир келишпестиктер болуп келген дейт:

- Мага компанияда иштеген 19 жаран кайрылган, дээрлик баары кочкорлуктар. Алар "бизге акча жакшы төлөбөйт, биз менен келишим түзбөйт" деп арызданышты. Бул жерде ушундай мыйзамсыз иштер болуп жаткандыктан бүгүн РИИБ, УКМК менен биргелешип рейдге чыкканбыз.

Бирок ошол текшерүүгө күбө болгон Шергазиев абалды жеринен көрбөй туруп эле маалымат тараткандарга нааразы.

- Мындай адамдар жалган маалыматты элге чыгарып жибергени туура эмес. Ал жерде чочун адамдар болгон жок, көрсөк тааныйт элек да. Негизинен туура эмес маалымат берүү элди бөлүп-жарууга, чагымчыл аракет кылган деп эсептейм.

Окуяга катышкан "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин башчысы Замир Көчөрбаев милиция бул окуянын чоо-жайын жашырууда дейт:

- Сөзсүз эле бирөө өлсө же бирөөнүн колу буту сынса айтыш керекпи? Ал жакта бир топ эле тирешүү болду. Эч кимге баш ийген жок, жулкулдашып жаттык. Мени болсо бирөө муунтту. Анан жети кытайдын паспорту жок болуп чыкты. Аларды РИИБге алып барабыз дешсе, карап турган 20-30тай кытай жардам берип качырып жиберди. Эми РИИБни дагы түшүнсө болот, алар да өзү үчүн коркуп жатат.

Бишкек-Торугарт жолун салып жаткан China Road кытай компаниясынын Кочкордогу өкүлдөрүнөн 3-июлда болуп өткөн окуянын чоо-жайын суроого мүмкүнчүлүк болгон жок. Бишкектеги кеңсесинен өзүн Володя деп тааныштырган жаран China Road ишканасынын өкүлүмүн деп, телефон аркылуу буларды айтып берди:

- Текшерүүдө үчөөнүн паспорту жок болуп чыккан. Себеби алардын документи Бишкекте болчу. Бул жактан документтерди тууралап турабыз да. Жакында жиберилет. Азыр жөн гана түшүнбөстүк болуп калды. Бирок маселе чечилди, соттук териштирүү дагы чечилет. Болгону ушуларды айта алам.

Жол салып жаткан China Road кытай компаниясына жергиликтүүлөрдүн пикирин бир беткей деп айтууга болбойт. Кочкор районунун тургуну Теңизбек мындай текшерүүлөргө коомдук уюмдар катышып, окуяны курчутуп жатат деп эсептейт:

- Мен туура эмес эле көрөм. Анын эмнесин текшерет? Жакшынакай эле иштеп жатат. Иштеп жаткандарды жайына коюш керек. Кыйын болсоң өзүң иште. Ой, булар шумдук иштейт экен! Бир кытайга он кыргыз туура келет.

Кыскасы, бул окуя боюнча райондун аяк-башына ар кандай маалымат жетип, дүрбөлөңгө түшүп жаткандай. Буга чейин дагы бул ишканада мыйзамсыз иштеп жаткан кытай-кыргыз жарандары араздашканы тууралуу маалыматтар тараган.

Эл аралык Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо иштери 2010-жылы башталып, 2014-жылы бүткөрүү пландалган. Курулушту бир нече кытайлык компания жүргүзүүдө.

Тасмада: Кочкордогу чыр

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаевдин өздүк тасмасы. Бул коомдук бирикме ошол күнү рейдге катышкан.



Кочкордогу чыр
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG