Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Бишкектин күн чыгыш тарабында жайгашкан Көк-Жар жаңы конушунун тургундары нааразылык акциясына чыгышты.

Алар шаар бийлигин жер жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды бузуп, коррупциялык аракеттерди токтотпой жатат деп айыпташты.

Акцияга чыккандар менен жолугушууга келген бийлик өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, аларды териштирүү үчүн атайын комиссия түзүүү чечимин кабыл алышты.

Сот создукту

Көк-Жар жаңы конушунун тургундары көчөгө бир гектардан ашык жашыл токойду суук колдон сактап калуу үчүн чыкканын айтышты:

- Булар 50-60-жылдары курулган бактар. Биз ары жагына да бактарды тиккенбиз, аягы бош болчу. Ал жакта суу чыкпайт, суу келбейт да. Биз 15 жылдан бери чакалап суу ташыгандарыбызды келип кыйып жатса, ичиң күйөт экен.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2006-жылы шаардык бийликтин өкүлдөрү шаардын Башкы планын эсепке албаста токойдун аймагынан үй курууга жер тилкелерди бөлүп, "кызыл китепчелер" бергилген. Анын негизинде жашыл бактар кыйылып, алардын ордуна турак үйлөрдүн пайдубалдары түптөлгөн.

Ошол эле жылы башталган соттук териштирүүлөр алты жылга созулуп, натыйжада Жогорку Сот Октябрь райондук администрациясынын жана бул маселеге тиешелүү Бишкек шаарынын Башкы архитектуранын жана Турак жай курулуш департаментинин башчыларынын чечимдери мыйзамдуу экенин тастыктаган. Нааразылык акциянын катышуусу, Көк-Жар жаңы конушунун тургуну Мария Байболотова:

- Сотко кайрылабыз, сот кайра эле алардын пайдасына чечип койот. Мына, жакында эле райондор аралык сотко бардык. Тигилердин пайдасына чечип койду.

Бишкек шаарынын Башкы архитектура башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Абдуразаковдун айтымында, шаардын Башкы планында токойдо бактар кыйылып жана үйлөр курулат деген чечим чыккан. Бирок азыр конуштун тургундары менен жолугушуу өтүп, алардын колундагы планын салыштырып, талкууланарын билдирди.

- Биз кайрадан планды карап чыгабыз, анан кайра чогулуп, ошол маселелерди чечебиз.

Борбор калаанын Жеке турак жай курулуш департаменти бүгүн эч нерсени өзгөртө албастыгын билдирди. Анын жетекчиси Самарбек Болотбековдун баамында, бул маселе сот аркылуу гана чечилиши керек.

- Соттун чечими бар, анда "бул жер мыйзам түрүндө берилген" деп жазылып турат. "Кызыл китептери" бар, долбоорлору бар экен, куруу иштерине уруксат берилиптир. Мыйзам чегинде болуп жатат.

Дооматтар четке кагылды

Конуштун дагы бир тургуну Чолпон Асанованын айтымында, ушул маселеге тиешелүү органдарынын мурунку башчылары азыр республикалык жана шаардык бийлик бутактарында ар кандай кызматтарды ээлеп турганда, бул маселе адилеттүү чечилбейт:

- 2006-жылы элден алган акчалардын баарын Нарбаев жеген, азыр болсо Мамкурулуштун башчысы болуп, эң жакшы жерде иштеп жатат. Бул киши эмне кыла алат? Нарбаев мэрдин да өз үйүн "мен сеникин өткөрбөйм. Сен бул тилкелерге уруксат беришиң керек” деген булардын ич ара макулдашуусу бар да. Бул Бишкек шаарынын эң жакшы жерлери кеткени ушул алты кишинин күнөөсү бар. Андан тышкары азыркы Башкы архитектуранын жетекчиси жана орун басары да ушунун ичинде болуп атпайбы. Ушул кишилер кетмейинче бул көйгөй улана берет.

Мындай дооматка карата Курулуш жана регионалдык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нарбаевдин көз карашын билүү аракетибиз ишке ашкан жок. Агенттиктин басма сөз катчысы Азиза Масимова нааразы тараптын айыптоолорду негизсиз деп четке кагып, андай иштер болсо, фактылар менен тастыктап берүүсүн сунуштады.

- Сөз түрүндө эл антип айта беришет. Алардын колунда фактылар болуш керек да, кагаздар болуш керек. Мыйзамсыз деген бир документтер керек. Алар жок, анда андай сөздөрдүн эмне кереги бар?

Нааразычылык акциянын катышуучулары ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын мурунку башчысы Исаевди, анын орун басары Борбуковду, шаардын эки вице-мэрлери Төрөбек Имашовду жана Бакытбек Дүшембиевди, Бишкек башкы архитектурасынын башчысы Алмаз Абдыкаровду жана Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчиси Молдокмат Тезекбаевду токойдогу жерлерге кол салып, азыр адилеттүү чечимдерге бут тосуп жатышат деп күнөөлөштү.

Бишкек шаарынын Башкы архитектура башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Абдуразаков мындай дооматтарды эркиндиктен пайдаланган аша чабуу катары баалады:

- Ар ким айта берет да, ал жагынан эркиндик. Эми, албетте, коррупция жок.

Бул аралыкта КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана регионалдык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиги көкжардыктардын талаптарын жана койгон дооматтарын териштирүү үчүн атайын комиссия түзүп, Бишкек шаардык архитектурасы менен чогуу маселени иликтеп жатканы ушул эле күнү маалым болду.

Ал эми көчөгө чыккан жергиликтүү тургундар жана экология активисттери сейил бактарды, токойлорду жана эс алуучу жайларды аткаминерлердин бир жактуу чечимдеринен биргелешип коргоого бел байлашканын айтып жатышты.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG