Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Учурда Түштүк Кореянын Йонсэ университетинде аймак таануу адистиги боюнча магистратурада окуп жаткан Жазгүл Сманова корейчеден которгон элдик жомокторду жакында “Корея-Азия достук кору” беш башка китеп кылып чыгарды. Аларды жаңы окуу жылында Кыргызстандагы бардык мектептерге бекер таратканы жатышат.

Жазгүл Сманова: “Корея-Азия достук кору” буга чейин Түштүк-Чыгыш Азиянын төрт мамлекети – Вьетнам, Камбоджа, Лаос, Мьянма – менен иштешип, аларга корей элдик жомокторун которуп берген. Быйыл болсо ошол долбоорго Кыргызстан да кошулуп, корей жомокторун кыргызчалаттык. Фонд бул китептерди Кыргызстандын бардык мектептерине бекер таратып берет. Анын ар бир комплекти беш китептен турат. Орточо эсеп менен 200 адамга бир комплект деп бөлүшөт.

Бул китептер мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларына ылайыкташтырылып басылган. Ар бир китепте 4-5тен жомок бар. Төрт китепке корей жомокторунун кыргызча котормолору киргизилди. Бир китепте кыргыз элдик жомоктору жаңы редакцияда кыргызча эле басылган. Келерки жылдан тарта жомок эле эмес, кыргызча башка китептерди да чыгаралы деген ой бар, бирок азырынча эмки жылдын планы тактала элек.

"Азаттык": Бул башталгыч класстар үчүн турбайбы. Жаш бала үчүн жазыш негизи кыйын болсо керек. Анткени жөнөкөй тил менен кээде өтө татаал нерселерди түшүндүрүп бериш керек. Сизге котормонун кайсыл бөлүгү баарынан кыйын болду?


Жазгүл Сманова: Биринчиден, буга чейин которулбаган сөздөр көп экен. Корей тилине кытай иероглифтери аркылуу келген корейче сөздөр, буддизмге же башка диндерге байланыштуу түшүнүктөр бар. Аларды которуш оңой болгон жок. Бирок эки жактан тең сураштырып, акыр аягында редакторлор менен иштешип, котормону таап жаттык. Экинчиден, мен өзүм Түштүк Кореяда беш жылдан бери жашап жатканыма карабай (Жазгүл Сманова корей тилин алгач К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде, кийин Түштүк Кореянын Кёнхи университетинде окуган - ред.), ортобузда чоң маданий өзгөчөлүктөр бар экенин бул котормону иштеп жатып дагы бир ирет сезгендей болдум. Сиз өзүңүз деле китепти окуп жатканда байкагандырсыз, бизде талкууланбаган, ачык сүйлөнбөгөн же китепте адатта жазылбаган нерселер корей элинин маданиятында кадыресе эле кабыл алынат. Маселен, ажатканага байланыштуу нерселер...

"Азаттык": Сиз “Маш буурчак аш, кемпир жана жолборс” деген жомоктогу “уйдун богу” жөнүндө айтып жатасыз го?

Жазгүл Сманова: Ооба, ошону айтып жатам (күлүп). Ошондой жерлердеги көрүнүштөрдү даанараак, тагыраак берүүгө аракет кылуунун өзү оор болду. Буларды келерки жылкы ишибизде эске алабыз деп сүйлөштүк. Андан да, азыр мени бир аз кыжаалат кылып жаткан нерсе бар: биздин элдик жомоктордо каармандар сөзсүз өтө эле жакшы жана өтө жаман болуп бөлүнөт. Башкы образ аябай позитивдүү, акылдуу адам, бүт нерсени жеңип келген баатыр, же кедей үй-бүлөдөн болгонуна карабай бардык нерсени акылы менен жеңип, акырында ийгиликке жеткен кыз… Иши кылып, бизде идеалдаштырылган образдар басымдуулук кылат эмеспи.

Корей элинин жомокторунда каармандардын ортосунда андай даана көрүнгөн чек болбошу мүмкүн. Көбүрөөк ушул башталгыч класстардын балдарына ылайыкташтырылып, күлкүлүү учурлар сүрөттөлөт. Ушул айырманы окурмандар туура түшүнсө экен, ушул өзгөчөлүк окурмандарга жомоктун идеясын туура кабылдаганга тоскоол болбосо экен деген ой келет.

Кыргызчага которулган корей жомоктору сентябрдан тарта Кыргызстандагы мектептерге таркатылат

Кыргызчага которулган корей жомоктору сентябрдан тарта Кыргызстандагы мектептерге таркатылат

"Азаттык": Бул аябай кызыктуу. Анткени жомокту бир тилден экинчисине которгондо, ошол улуттун маданиятын, менталитетин, тилиндеги өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзүңдүн тилиңе ыйгайлаштырасың да, туурабы? Тил демекчи, кыргыз элдик жомоктору тууралуу тилчилер өздөрү да анын татаал, сейрек кездешчү сөздөр менен кабылдоого ыңгайсыз жазылганын көп айтып калышат. Корей жомокторун которууда сиз анын жазылган стилин сактаганга аракет кылдыңызбы же балдарга түшүнүктүү болушу үчүн айрым учурларда аны жөнөкөйлөттүңүзбү?

Жазгүл Сманова: Мен өзүм буга чейин чыгарма которуп көргөн эмесмин. Азыркы китептерге кирген жомоктор баары – корей элдик жомоктору. Бирок анын ар бирин тигил же бул автор өзүнүн стилине ыңгайлаштырып, балдарга жеткиликтүү болушу үчүн оңдоп чыккан. Андыктан жомокторду кудум чоң ата небересине өзүнүн сөзү менен айтып берип отургандай сезим калтыраарын байкайсың.

Анча-мынча жерлеринде диалектке да окшоп кетет, кээ бир жерлеринде сүйлөп жаткандай түр калтырат. Айрыкча биз менен иштешкен Со Жоң О деген автор ушул стили менен айырмаланат. Мен да аларды которгондо ошол өзгөчөлүктүн мүмкүн болушунча сакталышына аракет кылдым. Ошентсе да, улам редакциядан өтүп, акыр аягында кыргызчаланган жомоктор баягы эле консервативдүү кыргыз тилинин нормасына түшүп калгандай сезилди. Мен жомокторду которуп жатып, “Биз кыргызча жомокторду басып жатканда аны окурмандын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тилин да ыңгайлаштырып жазууну эске алсак” деген ой келди.

"Азаттык": Мен бул китептердеги жомоктордон бир өзгөчөлүктү даана байкагандай болдум - дээрлик бардык башкы каармандар өз максатына жетиш үчүн көптөгөн кыйынчылыктардан өтүшөт, бир канча ирет ар кандай башка каармандар менен кайталанма иш-аракеттерди жасашат. Мындай өзгөчөлүк “Жартыке”, “Маш буурчак аш, кемпир жана жолборс”, “Унутчаак албарсты”, “Тумшугу беш карыш, куйругу беш арыш” жб.жомоктордо байкалат. Негизи, андай окуялар башка элдердин жомокторунда деле кездешип калат деңизчи, бирок бул китептердеги дээрлик бардык жомоктор ушундай сценарийде түзүлгөндөй ой калтырат экен. Бул корей элинин маданияты, фольклору, балким, тарыхый өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу нерсе эмеспи?

Жазгүл Сманова: Бул суроону корейлердин өздөрүнө узатсаңыз, аларга аябай жакса керек. Анткени алар башка элдерге өздөрүнүн элиндеги дал ушул өзгөчөлүктү сыймыктануу менен айтканга дилгир. Буларда “хан” ("한") деген түшүнүк бар, кыргызча “дарт” дегенди туюндурат - бул элдин колонизациядан, кийин экиге бөлүнгөндөн берки тарыхый татаал учурларды жүрөгүнөн өткөргөн оор дарт сыяктуу маанини берет. Бул түшүнүктү алар адабий чыгармаларда эле эмес, ырларында, музыкасында жана күнүмдүк турмуштагы башка көрүнүштөрдө да кеңири чагылдырылып жүрүшөт. Бул жомоктордо да каармандар бир жакшылыкка жетиш үчүн сөзсүз улам кайталанган кыйынчылыктардан өткөнү – элдин тарыхындагы ошол түшүнүктүн бир чагылдырылышы деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG