Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Корейлер тойду карызга өткөрбөйт


Кыргызстанды байырдаган корей калкы башкалар сыңары эле өз каада-салттарын карманганга аракеттенет. Корейлер өмүрүндө милдеттүү аткарчу салттары бар, бирок алар белчесинен карызга батпай эле парызын аткарышат. Сыры эмнеде?

Корейлердин негизги төрт салты бар: тол – ымыркайдын бир жашка толгонун майрамдоо, үйлөнүү үлпөтү, хвангаб – ата-эненин 60 жылдыгы жана маркумду жерге берүү үрп-адаты.

“Кыргызстанда жашаган корейлердин үй-бүлөлүк салттары” деген китептин автору Геннадий Линин айтымында, корейлер ар бир салтын колунан келишинче мыктылап өткөрүүгө аракеттенишет.

- Мисалы, корей балдары үчүн ата-энесинин 60 жылдыгын өткөрүү парз. Колунда жоктор 50-60 киши чакырса, колунда барлар 100-150гө чейин чакырат. “Сен эмне үчүн 50-60ты чогулттуң, тигилер 150 чогултпадыбы” деген атаандашуу бизде жок. Дасторкон жупуну болсо, "колунда жок турбайбы" деп түшүнүү менен кабыл алышат. Ар бири чөнтөгүнө карап иш кылат жана колу жука болгонуна намыстанбайт.

Геннадий Линин кызы Виктория корей аялдары арасында дасторконду сындамай мүнөзү жок экендигин кошумчалады. Корей дасторкону көбүнесе жашылчадан жасалган салаттардан тургандыктан, анча көп каражатты талап кылбайт. Ошондой эле дасторконго ичкилик да коюлат.

Кыргызстандык корейлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00
Түз линк
(баяндын аудиосун угуңуз)

Той өткөрөбүз деп чабылып, карыз аласыздарбы деген суроого диаспоранын мүчөсү Светлана Пак мындай деп жооп кайтарды:

- Тойду өткөрүш үчүн насыя же карыз алуу деген жок. Балким кээ бирлери ошентсе керек, бирок жалпы көрүнүш жок. Мындай нерселерге бизде алдын ала даярданышат: үч жыл, беш жыл мурда камдана башташат, каражаттарын үнөмдөшөт.

Геннадий Линин күйөө баласы кыргыз болгондуктан биздин салттарды беш колундай билет. Көптөгөн мекендештерибиз үрп-адаттарын атаандашуу аянтына айлантып алганына жаны кейий турганын айтты:

- Жакын тууганыңдын тоюна бир нерсе алып келишиң керек, бирок чөнтөгүңө жараша, эч нерсе милдеттендирилбейт. Жөн эле дос же тааныш катары баратсаң, эч нерсе алып барбай деле койсоң болот. Негизи бизде тойго көп барышпайт. Жаштардын арасында андай көрүнүш бардыр, ал эми карыларда жок.

Линин сөзүнө караганда, негизи корей эли жанын кыйнабай, жөнөкөй өмүр сүрүүгө аракеттенип, топтолгон каражаттарынын көбүн аягы жок аш-тойлорго эмес, балдарынын келечегине салышат. Анткени ар бир корей ата-эне балдары билимдүү жана саламаттыгы чың болсо, карыганда ата-энесин мыкты бөпөлөйт дейт ишенет.
XS
SM
MD
LG