Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Байкоочу кеңеш кайрадан "улак тартышка" түштү


9-июнда Жогорку Кеңеш жаңы мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши жана жетекчиси кайра шайланууга тийиш.

Бул айрым күчтөрдүн президенттик шайлоого жакын Коомдук каналга таасир этүү аракети катары бааланууда.

Жаңыдан кабыл алынган "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, Убактылуу өкмөттүн Коомдук каналга байланышкан декреттери жокко чыгарылат. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Каныбек Иманалиев
- Мыйзам кабыл алынгандан кийин декрет жокко чыгарылыш керек. Бул дегеле принцип. Себеби мыйзамдуу парламент иштей баштады.

Ошондой эле жаңы мыйзам боюнча Байкоочу кеңештин азыркы курамы да алмашып, каналдын жетекчилиги да кайра шайланарын Иманалиев тактады.

- Биз мыйзам жолуна түшкөндөн кийин мыйзамга баш ийишибиз керек. Декрет менен дайындалган же шайланган кайсы гана кардык маселе болбосун мыйзам кабыл алынгандан кийин ошонун негизинде дайындалышы керек.

Талаш жараткан жагдайлар

Бул мыйзам 22-апрелде Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынып, сунуш-пикирлерди эске алуу менен кайра иштеп чыгууга жиберилген. Ошол кезде да талаш-тартыш Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши жана жетекчилиги тууралуу болгон эле.

Каналдын Байкоочу кеңеши мөөнөтү бүткөнчө иштесин деген сунуштар көтөрүлүп, ал парламенттин жыйынында атайын токтом аркылуу добушка коюлары айтылган.

9-июнда мыйзам долбоору добушка коюлуп жаткан учурда бул маселени “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко эске салды. Бирок анын пикири колдоо тапкан жок.

Равшан Жээнбеков
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков кабыл алынган мыйзам боюнча “Азаттыкка” оюн мындайча билдирди:

- Биздин фракция башынан эле Байкоочу кеңеш менен каналдын жетекчилиги аягына чейин иштеш керек деген маселе көтөрүп келгенбиз.

Азыр да добуш берүү учурунда ошол оюбузду билдирдик. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк менен мыйзамды алмаштырып салышты. Жаңы мыйзам боюнча Байкоочу кеңештин жаңы курамы алмашып, алар кайра жетекчиликти шайлашат.


Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бир жыл аралыгында Коомдук каналда жакшы жылыштар болгондугун айтат. Ал мыйзам шашылыш добушка коюлганына жана аны кабыл алуу учурунда түшүнүксүз жагдайлар орун алганына токтолду.

- Декрет мөөнөтү бүткөнчө иштеш керек болчу. Тилекке каршы бүгүн депутаттардын көпчүлүгү жок кезде ушул маселе коюлуп, анча-мынча депутаттардын колу менен жасалып кетиптир. Мыйзам өтүп кетти, бирок менимче мунун түбү туура эмес.

Байкоочу кеңеш өз пикирин айтат

Мындай ойго Коомдук каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев да кошулууда. Оторбаев күздө болуучу президенттик шайлоого жакын Коомдук каналга таасир этүүнү каалаган күчтөр бар деген ойдо.

- Күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Ошого жакын "каналды алсак" деген күчтөр бар. Бирок мыйзамда укуктук карама-каршылыктар болуп калды. Ошондуктан буга президент вето коёт болуш керек деген ойдомун.

Кубат Оторбаев
Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши 10-июнда атайын жыйналыш өткөрүп, жаңы кабыл алынган "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзам боюнча өз ойлорун айтарын билдиришүүдө.

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Данияр Садиев кеңешти таратып жиберүү кыйын деп эсептейт. Анын айтымында, декреттен тышкары Байкоочу кеңешти бекиткен президенттин указы да бар.

- Байкоочу кеңеш декреттен тышкары президенттин указы менен бекитилген да. Мындайча айтканда, президенттин указы менен бизди кайра таратыш керек болот.

Жаңы мыйзам долбоору боюнча Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин 5 мүчөсүн парламент, калганын он мүчөсүн президент жана өкмөт бекитээри каралган.

Өткөн жылдын 30-апрелинде Убактылуу өкмөттүн декрети менен Улуттук биринчи канал Коомдук деп өзгөртүлгөн. Ага ылайык президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен өткөн жылдын 26-августунда 15 кишиден турган Байкоочулар кеңеши түзүлгөн болчу. Алар Коомдук каналдын жетекчилигин шайлоо жана каналдын саясатын аныктоо
сыяктуу иштерди жүргүзөт.
XS
SM
MD
LG