Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Кыргызстан тоо-кен тармагында ачык-айкындыкка умтулууда


Кумтөр алтын кени

Кумтөр алтын кени

Кыргызстан кен тармагындагы ачык-айкындык демилгесине кошулган өлкөнүн макамына ээ болду. Марттын башында аталган кыймылдын Парижде өткөн бешинчи глоаблдык конференциясында ушундай чечим кабыл алынды.

Кыргызстан экономиканын кен казуу тармагындагы ачык-айкындыктын деңгээлин жогорулатуу боюнча глобалдык стандарттардын талаптарын толук аткарган үчүн кен тармагындагы ачык-айкындык демилгесине кошулган өлкөлөрдүн катарынан орун алды. Шериктештиктеги өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан бул демилгеге Азербайжандан кийин кошулган экинчи өлкө болуп калды.

Кен тармагындагы ачык-айкындык демилгеси - ачык-айкындыктын эл аралык стандарты болуп саналат. Тигил же бул өлкө ачык-айкындыктын эл аралык стандартарттарын кантип аткарып жатканын аныктоо, баалоо сынагын - валидация деп аташат. Кыргызстан 2008-2009-жылдагы тоо-кен ишканалары менен мамлекеттик органдардын маалыматтарын салыштырып, аудит жүргүзгөндөн кийин валидациядан ийгиликтүү өтүп отурат.

Кыргызстан ачык-айкындык демилгесине кошулган өлкөнүн макамына ээ болушу – бул биринчи эле кадам, алдыда дагы толтура иш бар. Аталган демилгенин Байкоочулар кеңешинин мүчөсү, “Жашоо дарагы” уюмунун жетекчиси Молдогазиева Калиянын айтымында тоо-кен ишканаларынын иши боюнча эл ичинде толгон-токой суроо көп, ошондуктан толук ачыктыкка жетүү боюнча стандарттык талаптар дагы кеңейиши керек.

Соңку он беш жылда Кыргызстанда кен байлыктарын иштетүүгө миңге жакын лицензия берилген, бирок лицензиялык талаптардын аткарылышына мамлекеттен жеткиликтүү көзөмөл болгон эмес. Кумтөр алтын кенин албаганда калган кен чыккан жерлерди иштетүүнүн жыйынтыгы чеке жылытпайт. Кен байлыктарын иштетүүнүн кейиштүү абалын өткөн жылы өкмөттүк комиссия иликтеп чыгып, бул тармак коррупциянын сазына батып калганын жарыя кылган. Ошол себептүү өткөн жылы 550 лицензияны мамлекет кайтарып алган. Жерүй, Андаш, Солтон-Сары алтын кендеринде чыр-чатак чыгып, токтобой, иш жүрбөй келатат. Мына ушундай чыр-чатактар компаниялардын ишинде ачык-айкындык жоктугунан болуп жатат дейт аталган демилгенин Байкоочулар Кеңешинин мүчөсү, “Башат” фондусунун жетекчиси Чолпон Дыйканова. Анын айтымында, валидация ошол кен байлыктардын айланасында болуп чыр-чатактарды жөнгө салуга, инвестиция климатын жакшыртууга алпара турган алгылыктуу жол.

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун бюджеттик ачык-айкындык жана отчеттуулук программасынын директору Нурлан Жолдошевдин айтымында тоо-кен компанияларынын ишинде ачык-айкындыкка жетишүү үчүн жарандар мыйзамды жакшы билиши жана активдүү болушу керек. Анткени компанияларды таза иштөөгө, элге ачык-айкын иштөөгө милдеттендирген мыйзамдар бар, кеп аларды так билип, аткарылышын талап кылуунун көзүн билүүдө турат.

Кыргызстан аталган демилгеге кошулуу аракетин 2004-жылы эле баштаган. Эң башында кен тармагындагы алты ишкана өздөрүнүн каржылык ишмердиги жөнүндө отчет берип турууга тийиш болгон. 2008-жылы бул тизмеге дагы 27 компания кирген. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча 45 компаниянын отчету көз каранды эмес текшерүүгө алынмакчы. Алардын арасында Кумтөр компаниясы, Кыргыз алтын мамлекеттик ишканасы, Хайдаркандагы сымап комбинаты, Кадамжайдагы сурма комбинаты, Андаш алтын компаниясы жана башкалар бар.
XS
SM
MD
LG