Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимди өзгөртүүнү көздөп жатат. Канадалык компания кыргыз тарап койгон жаңы шарттар боюнча жообун 7-февралдан кийин берет. “Центерра Голд” компаниясынын инвестиция боюнча вице-президенти Жон Пирсон менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун серепчиси Дэйзи Синделар маектешти.

"Азаттык": Кыргызстан коюп жаткан талаптарга "Центерра Голд" компаниясынын жообу кандай?

Жон Пирсон: Биз буга чейин айтып келгендей эле 2009-жылкы жаңыланган инвестициялык келишимдин негизинде кенди иштетип жатабыз. Бул келишим бир канча айлап талкуудан өтүп, ачык-айкын макулдашылган. Андыктан биз муну толук кандуу келишим деп түшүнөбүз. Келишим өкмөттүн бардык тепкичтеринде талкууланган. Келишим парламентте жактырылып ратификацияланган, президенттин кароосуна берилип, андан кийин президент мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирген. Алтургай Конституциялык сотто анын мыйзамдуулугу таанылган. Андан кийин “Центерра” Кумтөрдү инвестициялоону улантып, кенди кеңейтип, кошумча ресурстарды көбөйттүк. “Центерранын” инвесторлору келишимди толук кандуу, ачык-айкын деп тааныйт. Инвестициялык көрсөткүчтөрдүн баары ачык-айкын, кыргыз өкмөтүнүн “Центеррадагы” үлүшү 33% чыгарылган. “Кыргыз алтын” акция ээси, ага кошумча кыргыз тарап салык, жумушчу орундарын түзүүдө пайда көрүүдө. Компанияда 2700дөн ашуун кызматкер бар, анын 95% кыргызстандык жарандар. Алар абдан жакшы маяна алышат. Андан сырткары Кыргызстан “Центеррадан” дивиденд алат. Кумтөр долбоору ийгиликтүү уланса, жалпы компания, анын ичинде акция ээлери пайда көрөт.

2009-жылы түзүлгөн келишим 2042-жылга чейин күчүндө. Биз Кумтөрдү дагы иштетип, кошумча ресурстарды жумшайбыз. Биз кенди болушунча узак мөөнөткө иштетебиз деген үмүттөбүз.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү менен мамилеңер кандай?

Жон Пирсон: Буга чейин кандай гана маселе болбосун конструктивдүү сүйлөшүү менен эле чечип келгенбиз. Биз өкмөт, бийликтер менен такай байланышта болуп, аларга кенде түрдүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, казуу иштериндеги операцияларды көрүп баалоосун кубаттап, шарт түзүп беребиз. Биз бардык мамлекеттик агенттиктер жана өкмөт мүчөлөрү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз.

"Азаттык": Кыргыз тараптын талаптары канчалык негиздүү деп ойлойсуңар?

Жон Пирсон: Мен, албетте, кыргыз өкмөтүнүн же саясатчыларынын атынан сүйлөй албайм. Бирок биз каражаттын тартыштыгынан улам жыл башында пландагандан аз алтын каздык. Өткөн жылдын февралында кенде мөңгүнүн тездик менен жылышынан улам кен казуу планыбызды өзгөрттүк. Бул болсо албетте, кыргыз экономикасына таасир этти. Анткени бизден түшкөн каражат экономиканын бараандуу бөлүгүн түзөт. Биздин алыбыз жетпей калган факторлордон улам өткөн жылы аз продукция өндүрдүк. Эми быйыл болсо иш толугу менен калыбына келди. 550-600 миң унций (болжол менен 18-18 жарым тонна – ред.) алтын алууну болжоп турабыз. Биз дагы кенге инвестициялоону улантып, жаңы техника алууну пландап жатабыз. Бул болсо кен казууну 2026-жылга чейин узартат. Кийинки он жылда кенден орточо 650 миң унций алтын казабыз. Биз өлкөнүн экономикасы менен бюджетине өтө чоң салым кошуучубуз.

"Азаттык": 2026-жылдан 2042- жылга чейин эмне иш кыласыңар?

Жон Пирсон: Биз көбүрөөк алтын табууга үмүттөбүз. Бирок кыйынчылыктар дагы бар. Чалгындоону уланта беребиз, буга жылына 13 миллион доллар жумшалат. Кумтөр кени өтө бай, анда түрдүү концентрациядагы алтын көп. Андыктан биз бургулоо иштерин уланта беребиз. Улам жаңы табылган кендер казыла турган аймактарга кошула берет. Учурда 2023-жылга чейин кен казуу жана 2026-жылга чейин кендин запасын иштеп чыгуу планыбыз бар. Бул планга кендин өтө терең түбүндөгү запасын иштетүү кирген эмес. Эң тереңдиктеги шахтада 1.8 миллион унцийдей (болжол менен 56 тонна –ред.) азырынча составы тактала элек кошулма бар. Ал кошулмада болжол менен тоннасына 11 грамм алтын бар деп аныкталган. Келечекте биз мына ушуга көңүл бурабыз. Биз Кумтөрдөгү кенди түбүнө чейин казып бүткөндөн кийин, эң түпкүрүндөгү массага жетебиз. Ал массаны ташууга атайын туннел же забой курулат. Бул кен иштетүүнү дагы узартууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары Кумтөргө жакын минералдар көп жерлерди иликтөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биз бургулоо иштерин жүргүзүп, кошумча ресурстарды издөөнү улантабыз.


Кыргызча которгон Гүлайым Ашакеева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG