Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Кумтөр: Москвадагы сүйлөшүү майнапсыз аяктады


Кумтөр кениндеги ишкана.
Кумтөр кениндеги ишкана.

Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен Москвадагы сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады.

Үч күнгө созулган сүйлөшүүдө кыргыз өкмөтү менен канадалык компания кен боюнча түзүлчү ишкананын башкаруу формасы, экологиялык маселелер боюнча мунаса таппай жатышат.

Кумтөр кени боюнча Москвадагы “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү 19-декабрда аяктады. Сүйлөшүүгө “Кыргызалтын” компаниясынын вице-президенти, эксперттер, Кыргызстан жалдаган эл аралык юристтер катышты. “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, сүйлөшүүлөрдөн кийин айрым маселелер алдыга жылганы менен талаштуу жагдайлар дагы эле арбын болууда:

- Сүйлөшүү аяктады. Анын жыйынтыгын чыгарууга азырынча эрте. Чечилбеген маселелер боюнча бир аз жылыш бар. Бирок ошол эле учурда айрым маселелер боюнча дагы деле мунаса таба элекпиз. Ошондуктан, кандайдыр бир жалпы жыйынтыкка жетиштик деп айтуу кыйын болуп турат.

Кумтөр кени
Кумтөр кени

Буга чейин канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөргө байланыштуу негизги келишимдин 10дон ашык пункту боюнча тараптар мунаса таппай жатканы белгилүү болгон. Алар экологиялык долбоорду жөнгө салуу, биргелешкен ишкананын укуктук жана башкаруу түзүмү, AMEC компаниясы берген сунуштарды аткаруу мөөнөтү боюнча маселелер болчу. Мындан улам бул сүйлөшүүлөрдү аягына чыгаруу үчүн өкмөт Жогорку Кеңештен кийинки жылдын 1-мартына чейин кошумча мөөнөт сурап жатат. Негизи парламенттин жыл башындагы токтомуна ылайык, өкмөт 15-декабрга чейин Кумтөр боюнча теңме-тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди даярдашы керек болчу. Бирок аны даярдоого “Центерра Голд” кызыкдар болбогону үчүн келишим кечигип жатканын кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү айтып чыккан эле. Бул тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирген:

- Ар дайым кат жазып, меморандумда болгон шарттарды аткаруу боюнча сүйлөшөлү дегенде эле ар кандай талаптарды коюп жатышат. Ар кандай маселелер боюнча кат алышуу жолу абдан узарып кетти. Биз маселени кабыргасынан коюп, улутташтырабыз дегенден кийин алар да активдешип баштады.

Эми кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөр үчүн кийинки жылдын 1-мартына чейин кошумча мөөнөт сурап жатат. Жогорку Кеңеш бул боюнча чечим кабыл ала элек. Бирок парламент сүйлөшүүлөрдүн созулушуна каршылыгын билдирип, кенди улутташтыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорду иштеп чыккан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул боюнча батыл чечим кабыл алынбаса, Кыргызстан убакыттан уттуруп жатат:

- Жылдын башында Жогорку Кеңеш өкмөткө эки айдын ичинде “ушул келишимди даярдап кел, болбосо улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорду киргиз” деп тапшырма берген. Эки ай эмес, бир жыл өтүп жатат.Өкмөт улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорду даярдаган жок. Анын ордуна биз даярдап сунуштап жатабыз. “Центерра Голд” үчүн болсо келишимдин кабыл алынбай, мурда кандай болсо, иштей бергени ыңгайлуу болуп жатат. Дагы ушунтип, создуктура бере турган болсо, дагы эки-үч жыл өтөт, келишим эмес, Кумтөрдүн алтынынан кол жууп калабыз.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын Чыныбай Турсунбеков бул боюнча өкмөттүн сунушун карап, андан соң чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирүүдө:

Кумтөрдөгү мөңгү.
Кумтөрдөгү мөңгү.

- Алгач болуп өкмөт сунушун алып келсин. Аны карап көрүшүбүз керек. Эгер өкмөт сүйлөшүү болбой калды десе, анда башка жолду кароого мажбур болобуз.

Бир катар адистер Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө чечкинсиз болуп жатат деп бийликти сындоодо. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, тоо-кен тармагы боюнча адис Шергазы Мамбетов учурдагы жолугушуулардан жана сүйлөшүүлөрдөн деле майнап чыгаарына ишенбей турат:

- Өкмөт эмне кылып жатат, учурда түшүнбөйсүң. Азыркы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгып кетет деп күтпөш керек. Мындай жолугушуулар буга чейин өтүп келген. Бирок алардын натыйжасы болгон эмес. Кен биздики болгон соң өкмөт өктөм талап коюшу керек болчу. Бирок андай боло албай жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде Кумтөр боюнча маселе татаал жагдайга кептелди деп айткан эле. Буга байланыштуу өкмөттү да, парламентти да күнөөлөгөн президент Кумтөрдү улутташтыруудан башка Кыргызстандын аргасы калбай баратканын кыйыткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG