Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

“Мушкат” юридикалык компаниясынын иликтөөсүндө келтирилген фактылар Кыргызстандын өкмөтү “Центерраны” доого жыгууга негиз берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде айткан мурдагы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров 2003-жылдагы келишимди түзүүдө ошол кездеги бийлик менен “Центерранын” кожоюндарынын ортосундагы шылуунчулукту жашырууга кызыкдар күчтөр Кыргызстанда азыр деле бар экенин белгиледи. “Камеко” Кыргызстанды кандайча “Центеррага” сүйрөп киргени жана ал үчүн 15 миллион доллар акча кантип сарпталганы “Мушкат” юридикалык компаниясынын иликтөөсүндө келтирилген эле.

Төрт миллион доллар пара катары берилгенби?

"Азаттык": Muszkat Consultants компаниясынын иликтөөсүндө канадалык “Камеко” компаниясы 2002-жылы “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди түзүүдөн бир жыл мурун ошол кездеги кыргыз бийлигине төрт миллион доллар акчаны пара катары бериши мүмкүн деп шектелген. “Кумтөр” долбоорун иликтөө боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссияга бул маалыматтар белгилүү беле?

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров

Жапаров: Жок. 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча комиссияга эки палатадагы бюджет боюнча комитет төрагалары кирген болчу. Мыйзам чыгаруу палатасынан мен, эл өкүлдөр палатасынан дагы бирөө кирген. Бирок биринчи эле жыйында биз Кыргызстандын үлүшү эмнеге 33 пайызга түшүп жатат деген суроону коюп туруп алганбыз. Анткени Кыргызстан “Центеррага” киргени менен анда Монголиядагы “Боро” менен АКШдагы “Рен” алтын кендеринде эч нерсе жок экенин, мунун бардыгы алдамчылык болгонун айтып чыкканбыз. Бизди мына ошондон кийин ал комиссиядан чыгарып, кийинки жыйындарга киргизбей коюшкан.

"Азаттык": Аталган каражат башында салыкты алдын-ала төлөөгө берилип, бирок кийин ал карызды төлөө милдетин Виргин аралдарында катталган Eckerd Ltd деген компания алды деген негиз менен акча анын эсебине которулуп кеткени боюнча фактылар ачыкка чыкты. Анын чыныгы кожоюну мурдагы президент Акаев менен байланышы бар делген оффшордук компания экени белгиленет. Бул иш боюнча ошол кезде же кийин деле эмнеге Кыргызстанда кылмыш иши козголгон эмес?

Жапаров: Кылмыш иши кийин козголуп, азыр аягына чыгып калса керек. Анткени “Кумтөр” боюнча чоң иликтөөлөр жүрүп жатат. Muszkat Consultants компаниясынын иликтөөсүндө келтирилген мисалдарды биздин Башкы прокуратура өндүрүшкө алып, иликтеп чыгып, укуктук баа берүүгө тийиш. Анткени мында мурда айтылып жүргөн, бирок документтер менен тастыктала элек жагдайлар бар экен. Ошондуктан мен бул жагдайдын аныгына чыгуу үчүн тергөө буга сөзсүз көңүл бурат деген ишенимдемин.

Алдаткан акциялар, көбүргөн көз боёмочулук

"Азаттык": 2005-жылы да Кумтөр боюнча кылмыш иши козголду эле. 2010-жылдан соң дагы кылмыш иштери ачылган. Бирок эмнеге ушул күнгө чейин биздин тергөө органдары Muszkat сыяктуу башка чет элдик юридикалык компания тапкан фактыларды таап чыгып, бул ишти сотко чейин жеткире албай жатат?

“Центерранын” кожоюндары дагы бул ишти болушунча ачыкка чыгарбоого аракет кылышууда. Анткени мына ошол пара берүү жолу менен 2003-жылы жаңы келишимди түзүү фактылары тастыктала турган болсо, ал үчүн чоң жоопкерчилик гана эмес, кенден толук ажырап калуу коркунучу бар.

Жапаров: Анткени бул иш жабык бойдон калуусуна кызыкдар күчтөр Кыргызстанда көп. Мына ошол Акаевдин айланасында иштеп жүрүп, Кумтөрдөн пайда көргөндөр азыр деле эч нерсе болбогондой жүрүшпөйбү. Анан ошол эле “Центерранын” кожоюндары дагы бул ишти болушунча ачыкка чыгарбоого аракет кылышууда. Анткени мына ошол пара берүү жолу менен 2003-жылы жаңы келишимди түзүү фактылары тастыктала турган болсо, ал үчүн чоң жоопкерчилик гана эмес, кенден толук ажырап калуу коркунучу бар. Ошондуктан алар бийликтеги жана чечүүчү кызматтагы адамдарды сатып алуу жолу менен болсо дагы кылмыш ишин создуктуруп, жогорудагы иликтөөдө келтирилген фактыларга укуктук баа бердиртпегенге тырышып келет.

"Азаттык": Андан кийин 2004-жылы “Центерранын” акциялары ачык сатыкка чыгарылып, Кыргызстан калган 33 пайызынын да 18 пайызын жөндөн жөн эле сатып жибергени эмнени туюнтат?

Жапаров: Акциялар биржага чыгардын астында эл аралык бир банктын өкүлдөрүн алып келип, дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өспөйт, акциянын баасы түшүп кетет деген жалган корутунду менен өкмөт менен парламентти алдашкан. Анан мына ошол 18 пайыз акцияны сатып жибергенден кийин эле анын баасы 4-5 эсе өсүп кеткен. Мына ушундай жол менен Кыргызстандын үлүшүнүн көп бөлүгүн тартып алышкан. Буга биздин тиешелүү аткаминерлер менен саясатчылар шарт түзүп берген.

Чөнтөккө кеткен 11 миллион доллар

"Азаттык": Анан ошол кезде “Кыргызалтындан” дагы Кумтөрдүн” 11 миллион доллар каражаты дагы жанагы Eckerd Ltd деген компанияга которулуп кеткени эмнени каңкуулайт. Ошол акчанын тагдырына кызыгып көрдүңүздөр беле?

Бул ишке ошол учурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары ал кездеги өкмөт башчысы Николай Танаевдин катышы болушу мүмкүн. Себеби, алар аралашпаса бул иштер жүрмөк эмес.

Жапаров: Бул боюнча да биз учурунда укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенбиз. Алар мына ошол ишти аягына чыгарышы керек эле. Бирок тилекке каршы, мына ошол акчаны которгон “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси каза болуп калган деген негизде ишти кароону токтотуп коюшкан. Анан бул ишке катышы бар башка адамдарды таппай коюшканын жана издөө жүрүп жатат деген өңдүү шылтоолор көп болду.

"Азаттык": Бул кыңыр иштерди уюштурууга жана аткарууга ошол кездеги президенттин жакын чөйрөсүнөн кимдердин катышы болушу мүмкүн эле?

Жапаров: Эми бул ишке ошол учурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары ал кездеги өкмөт башчысы Николай Танаевдин катышы болушу мүмкүн. Себеби, алар аралашпаса бул иштер жүрмөк эмес. Бул эми өзүнчө сөз боло турган жагдай.

"Азаттык": 2003-жылдагы жаңы келишимден кийин Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү кандайча 33 пайызга түшүп, “Камеконуку” 67 пайызга көтөрүлгөнүн талдап чыктыңыздар беле?

Жапаров: 2007-жылы бул ишти талдап чыкканбыз. Ошонун негизинде биз “Центеррага” доо коюп, Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбоого тийиш деген маселени көтөргөнбүз. Мына ошол үлүштү биз 33 пайызга көтөргөн учурда дагы он пайызды коштуруу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок андай болбой калды. Анан ошол кездеги өкмөт башчысы Атамбаевди кызматтан алып, мени болсо Каржы министрлигинен Экономика министрлигине которуп коюшкан. Мына ошондон соң бул маселени чечүүгө экинчи президент Бакиевдин уулу өзү кирише баштаган.

Соттошуудан пайда чыгабы?

"Азаттык": Muszkat Consultants юридикалык компаниясы Жогорку Кеңешке жиберген катта кыргыз өкмөтү “Камекого” каршы 3.5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө чыгым келтирди деген доо арыз берүүнү сунуштап жатат. Бул эмнеге негизделген сумма? Бирок кыргыз өкмөтү эмнеге ал сунушту пайдаланбай жатат деп ойлойсуз?

2007-жылы бул ишти талдап чыкканбыз. Ошонун негизинде биз “Центеррага” доо коюп, Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбоого тийиш деген маселени көтөргөнбүз. Мына ошол үлүштү биз 33 пайызга көтөргөн учурда дагы он пайызды коштуруу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок андай болбой калды. Мына ошондон соң бул маселени чечүүгө экинчи президент Бакиевдин уулу өзү кирише баштаган.

Жапаров: Эми буга катуу саясий эрк керек да. Биринчи эл аралык сотторго кайрылуу үчүн биз өзүбүздүн сот органдарына доо арыз беришибиз керек эле. Анан кийин гана тиешелүү эл аралык юридикалык компаниялардын жардамы менен эл аралык сотторго кайрылсак болмок. Бирок мына ошол иштин бардыгы кийин деле жасалбай калды да.

"Азаттык": Кыргызстандын өкмөтү “Центерра” менен соттошууну баштай турган болсо, утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү кандай экенин буга чейин иликтеп көрдүңүздөр беле?

Жапаров: Биздин аткаминерлер ишти баштабай туруп эле утулуп калабыз деп кыйкырып жатпайбызбы. Башында мына ошол сотко берип көрүш керек да. Анан ошол жерде утканга да, утулганга да даярдык көрүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Эгерде утулуп кала турган болсок, анын кесепеттери кандай болот жана андай шартта биз кандай чараларды көрүшүбүз керек деген сыяктуу алдын ала божомолдорду иштеп чыгууга тийиш элек. Анан соттошуу үчүн бийлик, оппозиция жана калктын кеңири катмары бир муштум болуп түйүлмөйүнчө соттон жеңип чыгуу мүмкүн эмес экенин да түшүнүүбүз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG