Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Кумтөр келишими парламент талкуусунда


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Парламентте Кумтөр боюнча түзүлгөн макулдашуу комиссиясы бир пикирге келген жок. Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы бүгүн түзүлгөн.

Комиссия курамына парламент жана өкмөт жетекчилиги менен кошо фракция лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү кирди. Ал бүгүн саат экиге чейин иштеп, бир жыйынтыкка келиши керек болчу. Бирок андай жыйынтык болбогонун Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди:

- Бир пикирге келе алган жокпуз. Эртеңкиге чейин комиссия ишин дагы уланат. Чечим эртең кабыл алынат.

Төраганын айтымында, айрым принципиалдуу маселелер боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Жыйын учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев эгер парламент Кумтөр боюнча өкмөт сунуштап жаткан вариантка көнбөсө, Кыргызстанды Стокгольмдогу эл аралык сот күтүп турганын эскертти.

Парламент Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылып жатат, өкмөт 50% жогорулатуу азыр мүмкүн эместигин айтууда.

Ал ортодо "Республика" фракциясы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу парламент жыйынында фракция жетекчиси Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, фракция мындай чечимди өкмөт Кумтөр маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин үч токтомун аткарбагандыгы үчүн кабыл алды.

- Бардык фракциялардын депутаттары бир добуштан Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 67% жеткирилсин деген талап коюшса да, өкмөт өзүм билемдикке салып Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыбаган келишимди эч өзгөртүүсүз кайра эле сунуштады, - деди Арипов.

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча Кыргыз Республикасына оптималдуу варианты катары "Республика" фракциясы төмөндөгүлөрдү сунуштоодо:

1. Биргелешкен ишкана түзбөстөн, «Центерра Голд Инк.» ишканасындагы Кыргыз Республикасынын азыркы 33% акциясын 50% акцияга жеткирүү;
2. Эгерде биргелешкен ишкана түзүлсө, акцияларды бөлүштүрүү - Кыргыз Республикасына 67%, «Центерра Голд Инк.» ишканасына 33% болсун;
3. «Центерра Голд Инк.» ишканасы жогоруда айтылган варианттарды кабыл албаса, бардык келишимдерди бир жактуу кылып денонсация кылуу жана «Кумтөр» кенин улутташтыруу.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясы парламенттин токтомунун долбоорун сунуштады. Анда:

1. “Кумтөр” кенин андан ары иштетүү боюнча кызматташуу жөнүндө сунуш менен дүйнөдө белгилүү тоо-кен жана алтын казып алуучу компанияларга кайрылуу кабыл алынсын:

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- “Кумтөр” долбоорун улутташтыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- “Кумтөр” долбоорун улутташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү;

- Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылууну “Кумтөр” кенин андан ары иштетүү боюнча кызматташуу жөнүндө сунуш менен дүйнөнүн дурус кадыр-баркы бар бардык потенциалдуу кызыкдар тоо-кен жана алтын казып алуучу компанияларына жеткирүү, - деген сунуштар камтылган.

Ушундан кийин Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Анын курамына парламент жана өкмөт жетекчилиги менен кошо фракция лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү кирди. Комиссия бүгүн саат экиге чейин иштеп, бир жыйынтыкка келиши керек.

Айрым депутаттар азырынча өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени көтөрүү туура эмес десе, кээ бирлери Кумтөр боюнча парламенттин талабын аткара албай жаткан өкмөттү кетирип, анын ордуна жаңысын түзүү керек деген пикирде.

Буга чейин 10-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча келишим артка чакырып алынбасын, айрым техникалык каталары гана оңдолорун журналисттер менен жолуккан учурда билдирген.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр келишимин чакырып алуу боюнча жазуу түрүндө өкмөт башчыга көрсөтмө берген эмес. Өлкө башчы менен концепция оозеки талкууланган.

Президент Кумтөр боюнча келишимди артка чакырып алуу тууралуу буйрук бергенин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 9-январда "Азаттыкка" өз булактарына таянып билдирген болчу.

Сатыбалдиевдин билдирүүсүндө, “Центерра Голд” 50 пайыздан аз үлүшкө макул болгон эмес.

Өткөн жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынары эскертилген. Бирок 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% бойдон калтырылган болчу. Бүгүн парламентте Кумтөр келишими каралып, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мурда үч жолу сунуштаган долбоорун кайра алып келген.

XS
SM
MD
LG