Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Кумтөр кенинде кыскартууга туш болгон айрым кызматкерлер нааразы болуп, сотко кайрылууда. Алар бул кыскартуулардын түпкү себеби эмнеде экенин түшүнө албай жатышат.

Ишкананын профсоюзу Кумтөр маселеси саясатташып кеткенинен улам кризиске кабылып, иш толук кандуу жүрбөй жаткандыктан жетекчилик айрым жумуш орундарын кыскартууга барып жатканын белгилейт.

Кумтөр алтын кениндеги лагерде администратор болуп иштеген Махабат Эсеналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кумтөр ишканасына жыл башында жаңы жетекчи келгени жумуш орундарын кыскартуу жараяны башталган. Кыскартуулар февраль айынан тарта суу бургулоочу жумушчулардан башталып, андан ары күзөт кызматында, бухгалтерияда уланып, эми апрель айында лагерге жеткен.

20 жылдан бери ушул жерде эмгектенип келаткан Махабат Эсеналиева жана башка бир нече жумушчулар бул кыскартуулардын себептери туурасында жетекчилик жетиштүү түшүндүрмө бербей жатканын, мындан улам алардын эмгек укуктары корголбой жатканына нааразы болуп сотко кайрылганын айтты.

- Буйрукка ылайык, "экономикалык абалга жана өндүрүш көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө байланыштуу" деп жүрөт. Бирок жакында эле Ян Аткинсон биринчи квартал боюнча отчет берип, алтындын чыгышы жакшы экенин айтып, 2015-16-жылдары бай рудадан алтын чыгарабыз деген. Кыскартуулар болуп, жумуш орду дагы жоюлат деген менен лагерь иштеп жатпайбы. Мен азыр өзүмдүн эмгек укугумду коргоп, Октябрь райондук сотуна кайрылып жатам. Менден башка дагы суу бургулоочу жайда иштеген алты киши кайрылууда. Жыл башынан бери 70тен ашык киши жумуштан кетти. Ар кандай формада кетирип жатат. Кээ бирлерине эки тараптуу келишим менен 4-6 айлык акчаны сунушташты, кээ бирөөнү пенсия курагына байланыштырды, кээ бирөө кыскарды. Ушул шарт менен макул болгондору кетип жатат, макул эместер сотторго кайрылып жатабыз.

Саясатташкан маселе

Кумтөрдөгү мындай абал тууралуу анын жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок ишкананын профсоюзунун төрагасы Авазбек Кожакматовдун маалыматында, жетекчилик бүгүнкү күндө ишкана кризиске кептелгенин, алтындын баасынын түшүп кеткенин негиз кармап, азырынча анча маанилүү эмес деген жумуш орундарын жоё туруу чечимине келген. Мындан тышкары Кумтөр маселесинин саясатташып, анын келечеги бүдөмүк болуп жатканы дагы кендеги ишти артка тартууда.

- Иш берүүчүлөр азыр өздөрү жумушту кантип жүргүзөрүн чече албай жатышат. Көп жерде лицензия ала албай, мөңгү боюнча проблемалар да чечилбей жатат. Азыр же сүйлөшүүлөр да бүтө элек. Ошол бойдон мурункудай эле эптеп-септеп иштеп жатат. Ушул тапта кен иштейби же иштебейби деп арсар болуп турган кези. Азыр жаңы эле тоодон балдар чалып, “кенде булар жыйналып жатабы, жабылган жатабы” деген суроолорду дагы берип жатышат.

Бирок Кожакматов ушул тапта профсоюз жумушсуз калган жарандарды жөндөмүнө жараша башка жумуштарга которуп, кетирбей сактап калуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

- Суу бургулоочу жайдан 12 кишини кыскарткан. Аларга мыйзам чегинде жумуш ордун таап бердик. Жумушту сезондук кылып, жасап бердик. Мисалы, кээ бирөөнү бөлмө жыйнагыч болуп иштөөнү сунуштасак макул болуп жатышат. Ал эми Махабат эжекебизди азыр ошентип иштейм десе, анда сүйлөшүп берүүгө даярбыз. Бирок ал өз ордун сурап жатат. Жыл башынан бери 30 пайыз кыскартуу болот деп жарыяланган жана билдирмелер берилген. Бирок ошонун арасынан кеткендер көп деп айта албайм. Анткени кыскарып калгандарды кайра жумуш орду менен камсыздап жатабыз. Мисалы, профсоюзга кайрылгандардын ичинен 8 киши кетти. Башкаларын билбейм.

Алгачкы коңгуроо

“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытовдун айтымында, Кумтөрдөгү жумуштун токтошу, жумуш орундарынын кыскарышы тууралуу ишкананын жетекчилиги кыргыз өкмөтүнө эскертип, бул тоо-кен иштери боюнча планды бекитүүдөн көз каранды экендигин билдирген. Мындан улам өкмөт аталган планды убактылуу бекитип берген. 3-июнда бул пландын мөөнөтү бүтүп, ал күчүн жоготту.

Токон Мамытов азыр кендеги жумуш ордун кыскартуу жараянын ушул жагдайга байланыштырат.

- Тоо иштери боюнча планда калдыктарды, музду ташый турган маселелер көрсөтүлгөн. Ага уруксат берилбесе, ким ташыйт? Машинелер ташыбайт, экскаваторлор токтоп турат, жумушчулар иштебей туруш керек. Уруксат берилгиче иш жүрбөйт. Анан “силер уруксат бермейинче бул жумуш жүрбөйт. Жумуш жүрбөгөндөн кийин биз эки-үч ай элге бекер акча төлөп бере албайбыз” деген мааниде кабарлап жатышат го деген ойдомун.

Эмне үчүн өкмөт тоо-кен планын 3-июнга чейин эле бекитип койгон? Токон Мамытовдун айтымында, аталган планды толук кандуу бекитүү үчүн Суу кодексиндеги бир нече беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Анткени Суу кодексинин айрым талаптары алтын казуучу компаниялардын тоо-кен иштетүү планына каршы келип калат.

Алтын кендерин ачык казып, мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген ченемдерди Суу кодексине киргизүү боюнча өкмөт демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун жакында парламентке койгон болчу. Өткөн аптада парламентте "Ата Мекен" фракциясы бул мыйзам долбоорун четке кагып, фракция лидери Өмүрбек Текебаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү мамлекет башчылары менен “Центерранын” жетекчилери ортосундагы жең ичинен чечилген коррупциялык чечим катары мүнөздөгөн.

Токон Мамытов бул маселеде өкмөт менен парламент бир пикирге келип, Кумтөрдүн тагдырын ары же бери кылып чечүүсү зарыл деп эсептейт.

- Мурдагы сүйлөшүүлөрдө биз мөңгүлөргө тийбей туруп, жер алдындагы тоо-кен жумуштарын уюштуруп, ошого жетпейсиңерби деген талаптарды койгонбуз. Алар болсо, бул жолдун кымбат болоорун, көп акча кетерин айтып, мына ошону менен талаш-тартыш болуп калганбыз. Ошондуктан мөңгүлөргө тийиш үчүн Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, парламенттеги айрым депутаттардын каршы болуп жатканы ошол. Өкмөт менен парламент отуруп, ачык чечишип, бир жыйынтыкка келиш керек. Же биз алтынды казабыз, же мөңгүнү сактайбыз. Алтынды казсак анда мөңгүнү талкалашыбыз керек, мөңгүнү сактайбыз десек анда ошол бойдон ага тийбеш керек. Анда Кумтөрдүн тагдырын ары же бери кылып конкреттүү түрдө чечиш керек.

Өкмөт башчы Темир Сариев Кумтөр маселесинде саясат үстөмдүк кылып калганын, аны экономикалык маселе катары чечүү керектигин билдирип келет. Бирок азырынча ал экономикалык жол боюнча конкреттүү сунуштарды айта элек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG