Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Жогорку Кеңеш Кумтөр меморандумун четке какты


Кумтөр алтын ишканасындагы жумушчу, 14-март, 2013.
Кумтөр алтын ишканасындагы жумушчу, 14-март, 2013.

Парламент өкмөткө Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгууну жана Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү тапшырды.

Бир топ талаш-тартыштардан, кайым айтышуулардан соң Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы жыйынында Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгууну өкмөткө тапшырды. Бул чечим деле оңой-олтоң болгон жок. Добуш берүү эртеңкиге калып кала жаздады.

Ошентип “Ата-Журт” фракциясы жана башка айрым депутаттардын мындай сунушуна 82 депутат добуш берди. Токтомго ылайык, парламент Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясы менен 2003-жылы жана 2009-жылы кабыл алган келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну кыргыз өкмөтүнө тапшырды.

"Атажуртчу" депутат Акматбек Келдибеков Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу чыкмайын үлүштү көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай турганын белгиледи:

- Өкмөт бир тараптуу Кумтөр келишимдеринин бардыгынан бир тараптуу чыгып, ишин баштасын.

Бирок парламенттин бул токтому коомчулукта дароо эле түшүнбөстүктөрдү пайда кылды. Токтомдун маанисин "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин "Азаттыкка" чечмелеп, өкмөт «Центерра Голд» компаниясы менен 67,7% боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташы зарылдыгын, ошону менен катар 23-декабрга чейин Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгуу боюнча демилгени Жогорку Кеңешке алып келиши керектигин белгиледи.

Анткен менен парламентте өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 67,7% пайызга жетүү мүмкүн эмес экенин айтып чыкты:

- Бул жерде көбүрөөк популисттик чакырыктар болду. Ар бириңердин айтканыңарды уктук. 67% - бул реалдуу эмес, популисттик. Калганын тарых өзү тактайт, ким туура айтканын.

Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу баш тартуу тапшырмасына Сатыбалдиев пикирин билдирген жок. Тек гана өкмөт бул боюнча жыйын өткөрүп, бир чечим кабыл аларын айтты.

Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөт башчынын дароо 67,7% жете албайбыз, мүмкүн эмес деп айтканын сынга алды:

- 50+1 боло берет, көзөмөл пакетке жеттик деп ортодон бузукулук кылбашыбыз керек. Биз тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтиришибиз керек. Анан өкмөт башчы бул жерде ушунтип айта берсе биз кабыл алып берген чечимдерди да аткарбайт, саботаж кылат. Жок дегенде унчукпай турбай, кайра-кайра эле андан ашпайт деп айтып жатат. Ошентсе да чечимди кабыл ала берели, эгер аткарбайм десе анда өкмөттүн тагдырын да карап көрүшүбүз керек.

Мындан сырткары парламент өкмөткө Кумтөр кенин жер алдындагы ыкма менен иштетүү долбоорун кароо, мөңгүлөрдү сактоо үчүн мониторинг жүргүзүү боюнча борбор түзүп, аны каржылоо жана экологиялык, тоо-техникалык, юридикалык, экономикалык экспертиза жүргүзгөн эл аралык эксперттердин корутундусун Жогорку Кеңешке берүү сунуштарын берди.

Өкмөт сунуштаган меморандумга ылайык, «Центерра Голд» менен биргеликте 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү каралган болчу. Депутаттар бул меморандумду Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйөө менен четке кагышты.

Буга чейин "Центерра Голддун" президенти Ян Аткинсон эгер парламент өкмөт сунуштаган меморандумду колдобосо, анда келишимди үзүүгө туура келээрин, мындай шартта “Центерра Голд” өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык арбитражга кайрылаарын "Азаттыкка" билдирген.

XS
SM
MD
LG