Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Ушул жумада бир катар англис тилдүү басылмалар "Кыргызстан Кумтөр боюнча келишимди бир тараптуу токтотушу мүмкүн" деген темада макала басышты. Ошондой макалалардын биринин автору, Канададагы Mining.com изилдөө борборунун редактору Сецилия Жамасми менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун серепчиси Дэйзи Синделар маектешти.

"Азаттык": Кумтөрдүн тегерегиндеги талаш сиз жазгандай эл аралык сотко жетсе кандай болушу мүмкүн?

Сецилия Жамасми: Центерра Голд, же кыргыз өкмөтү талашты эл аралык сотко алып чыкмай болду дейли. Андай жагдай ансыз да инвестициялык климаты ойдогудай эмес деп бааланган Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып келет. Кыргыз өкмөтү “Башка өлкөлөрдө иштеген чет элдик компаниялар кожоюн мамлекетке 17-20 пайыздай төлөйт экен. Эмне үчүн Центерра Кыргызстанга 14 пайыз гана төлөшү керек?” деген жөндүү суроону коюп жатат. Тилекке каршы, келишимге кол коюлуп калган, документте ошончо пайыз деп жазылып турат.

Ал документ кандай жагдайда кабыл алынган деген да маселе чыгууда, анткени ага кол койгон жетекчилер кийин өлкөдөн качып кетишкен. Мыйзамдык жагынан алганда, Кыргызстан Центерра Голдду келишимди кайра карап чыгууга мажбур кылышы мүмкүн, же болбосо анын лицензиясын жокко чыгарат. Центерра үчүн бул маанилүү долбоор. Кантсе да, Борбор Азиядагы эң чоң алтын кени убагында колуна тийген, андан кол жууп калгысы келбейт. Ошондуктан талаш-тартышты күчөтүп жиберүү Центерранын, же Кыргызстандын кызыкчылыгында деп айтуу кыйын. Ага жеткирбей чечишет деп ойлойм.

"Азаттык": Негизи чет элдик кен казуучу компания ошол кен жайгашкан өлкөгө канча пайызын төлөшү керек деген стандарт барбы дүйнөдө?

Сецилия Жамасми: Жок, дүйнөдө андай стандарт жок. Ар кайсы жерде ар кандай. Кендин өзгөчөлүгү, региондогу эрежелерге байланыштуу ар түрдүү. Түштүк Америка жез жана алтын казып алуу боюнча экинчи орунда турат. Ал жакта кенди казып жаткан чет элдик компания 12-18 пайыз төлөп келатат. Азияда, кыргыз өкмөтү бул жагынан туура айтып жатат, дээрлик бардык компаниялар алтын кени жайгашкан өлкөгө 20 пайыздын тегерегинде төлөйт. Бирок дүйнөдө баары мынча төлөшү керек деген эреже жок негизи.

"Азаттык": Адатта чет элдик кен казуучу компания экологиялык зыян үчүн кандай каражат төлөйт?

Сецилия Жамасми: Азыркы күндө көпчүлүк кен казуучу компаниялар өнүгүп бараткан өлкөлөрдө иштеп жатышат. Алар иш баштаардан мурун ал долбоор аймактагы экологиялык жана социалдык жагдайга кандай таасир этет деген эки терең изилдөө жүргүзүшү керек. Бул эл аралык норма. Ал изилдөөлөрдү өкмөт карап чыгып, компанияга ал кенди иштетүүгө уруксат береби, бербейби - өзү чечет. Ооба деп макулдугун берген соң ал компания келишимди бузган учурда гана кийлигише алат, антпесе өкмөттүн укугу чектелүү болот.

Центеррага келсек, өкмөт ошол экологиялык таасир тууралуу изилдөөнү кайра карап чыгып, башында сууга, абага момундай зыян келиши мүмкүн деп айткансыңар, азыр андан мынча жогору болууда деп доомат артып, айып салышы мүмкүн.

"Азаттык": Ал эми социалдык жактан компенсация төлөө маселеси кандай чечилет?

Сецилия Жамасми: Көпчүлүк кен казуучу компаниялар мен билгенден, ошол алыскы аймакка барып, ал жерде жашаган элге үй салып бериши мүмкүн. Кээде бир-эки мектеп, же оорукана куруп берет. Алтынды казып алып басып кетпей, ошол жердеги элге да пайда келтириши керек. Алтын казып алууда сымап көп колдонулат. Ал абага, сууга зыян келтирчү зат.

Боливия, Перу, Чилиде кен казган компаниялар таза суу тартып берген учурлар бар. Иши кылып ал жерде жашаган жергиликтүү эл кен казуучу компаниядан аларга пайда келип атканын көрүшү керек. Ошондо гана жергиликтүү тургундардын демонстрация, митингдери болбой, аягында лицензияны тарттырып ийүүгө жол берилбейт.

"Азаттык": Центерра кетсе, Кумтөрдү иштете турган башка компания табылабы?

Сецилия Жамасми: Менин оюмча, андай компаниялар табылат. Бирок негизи Кыргызстандагы инвестициялык климат төмөн бааланып келатат. Чет элдик инвесторлор ал жакка баргандан чочулашат. Негизи Борбор Азия региону анча тынч эмес деген сөздөр бар. Улутташтыруу, элдик толкундоолор өңдүү көрүнүштөр кооптондурбай койбойт. Ошентсе да, Америка, Түштүк Африка, австралиялык ири кен компаниялары бар. Алар Кумтөрдөгү алтындын запасын жана башка жактарын карап чыгып, тобокелчиликке салып, иштетүүгө кызыкдар болушу мүмкүн деп ишенем.

Которгон Венера Сагындык кызы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG