Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Кечээ Жогорку Кеңеш сүйлөшүүсү аяктай элек Кумтөр боюнча келишимди карап, "Центерра голд" компаниясы менен сүйлөшүүнү бүткөрүүгө өкмөткө дагы бир ай мөөнөт берди.

Ошентип Кумтөр маселеси Кыргызстан үчүн 20 жылдай убакыттан бери баш оору болуп келатат. "Легендарлуу парламент" да учурунда Кумтөр үчүн садага чабылып, таратылып жиберилгени айтылып келет. Ошол парламенттин депутаты, тоо-кен инженери Картайбек Мукамбетовду кепке тарттык.

“Азаттык”: Кечээ Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин карап, сүйлөшүүнү бүтүрүүгө өкмөткө бир айлык мөөнөт чектеди. Бул соңку сүйлөшүү башталганына да бир жылдан ашуун убакыт болуп калды. Анын созулуп жатышын эмнеден көрөсүз?

Картайбек Мукамбетов: Себеби "Центерра голддун" колунда чоң көзүр бар. Ал көзүр - ошол кездеги биздин саткын жетекчилер түзүп койгон келишим. Ошол келишим Жогорку Кеңештен, Конституциялык Соттон өтүп, президент кол коюп, бекитип койгон. Булар ошону бетине кармап атышат.

Экинчиден, кечээги сессияны көргөндөн кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан адамдарыбыздын юридикалык билим деңгээли анча жогору эмес болгондой сезилип атат.

Кумтөр

Кумтөр

“Азаттык”: Жаңы келишим боюнча үлүштөр 50 пайыздан теңме-тең бөлүнгөн ишкана түзүлгөнү жатат. Чын эле бул компромисттик вариант деп айтсак болобу, андан ким утат?

Картайбек Мукамбетов: Ошондой факторлорду эске алып, 50-50 болсо, компромисттик вариантка макул болууга болот деп ойлойм. Бирок бул жерден негизги маселе – өндүрүштү, экономикалык-финансылык иштерди көзөмөлдөө рычагы бизде болуш керек. Эгерде андай болбосо, алар өздөрү каалаган иштерди жасап, пайда түшпөй калышы мүмкүн.

Мисалы, жер астын казса болбойт экен, ал жерде тоо массиви бизге мүмкүнчүлүк бербейт экен деп, 180 млн. доллар кетирбей эле, аны мурда эле жакшы изилдеп, чечип койсо болмок. Анткени дүйнөдө кандай массивдерде жер астынан казуу мүмкүнчүлүгү бар болгону тууралуу баарына эле белгилүү.

Түнкү Кумтөр

Түнкү Кумтөр

Андан башка миңдеген келишимдер бар. Материалдарга, жабдууларга, кызматтарды көрсөтүүлөргө байланыштуу түзүлгөн. Өзүңөр билгендей, мындай келишимдерди түзүү – коррупциянын кенен талаасы. Ошолордун баарын көзөмөлдөп, карап турбаса, пайда түшпөй калышы мүмкүн.

Мына ошондой көзөмөлдөө менен 50-50 дегени, андан башка салык жана башка төлөмдөр, ошолорду эске алып, компромисттик вариант катары караса туура эле болмок.

“Азаттык”: Кумтөрдү улутташтыруу маселеси да улам козголуп келатат, бул вариантты да караштыруу парламент токтомунда белгиленди. Кыргыз тарап аны улутташтырууга бара алабы, барса анын келечеги кандай болот?

Картайбек Мукамбетов: Улутташтыруу – Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да ушундай маселе көтөрүлөт. Бул маселеде бир нерсени эске алып коюш керек – улутташтырабыз деп, иштеп жаткан Кумтөр кенинин ишин токтотууга такыр болбойт.

Кыйын абал түзүлүп калды. Мөңгү жылып келатат. Ишчилер күн сайын карьерди сактап турушат. Эгерде бул иш токтоп калса, ал мөңгү карьерди басып калып, кенди таптакыр эле жоготуп алабыз.

Улутташтырып атканда албетте кыйынчылыктар болот. Биринчиси – финансылык. Себеби акча түшпөй калат. Ошон үчүн жок дегенде 2 айга жете турган 50-100 миллион акчабыз болуш керек. Экинчиден, ошол жерде иштеген менеджерлер ошол ишти токтотпой, улантып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болуш керек. Менеджер дегенде азыр иштеп жаткандардан, же башка компаниядан жалдаса болот. Бирок ошолор токтотпой, иштетип кетиш керек. Себеби миндеген жабдууларды, материалдарды бере турган келишимдер да токтоп калбаш керек. Мына ушуну эске алып, улутташтырууга барса болот.

Кечээ Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов жакшы идеяларды айтышты. "Жер байлыктары ошол өлкөнүн эли үчүн кызмат кылып, биринчи кезекте ошолордун кызыкчылыгын көздөйт" деген БУУнун декларациясы, башка жоболору бар. Эгерде ушундай болсо, эл аралык сот менен бизди коркутуп аткан тигилерге каршы жакшы жүйө болуп атпайбы. Мына ушуларды ичине катпай, бирге каршы турсак, биз анда бул маселени эчак эле чечип коймокпуз.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG