Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кумтөр: өкмөт коомчулуктун оюн укту


Кумтөр боюнча макулдашууну жокко чыгарып, аны толугу менен мамлекетке өткөрүү маселеси мамлекет үчүн опурталдуу чечим болмок.

Бул тууралуу Кумтөр маселеси боюнча коомдук угууда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ошондой эле өкмөт башчысы Кумтөр боюнча макулдашуунун шарттары тууралуу түшүндүрмө берди.

Ошол эле кезде коомдук угуунун айрым катышуучулары өкмөттүн Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү чечимин кезектеги алдамчылык катары баалап, “Центерра Голд” менен макулдашуу жокко чыгарылган соң гана акыйкаттык калыбына келтирилет деген пикирди карманышууда.

Өкмөт коомчулукка ачык болгусу келет

Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен өкмөт Кумтөр маселеси боюнча коомдук угуу өткөрдү. Ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү чакырылды. Бирок оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана Кумтөр боюнча макулдашууну жокко чыгарууну талап кылып келген саясий партиялардын жетекчилери жыйында байкалган жок.

Өкмөттүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиев бийлик Кумтөр маселесин ачык-айрым талкууга алууну көздөп жатканын белгиледи:

- 2003-2009-жылдары Кумтөр боюнча келишимдер жең ичинен эле бүткөрүлүп, коомчулук алар туурасында эч нерсе билген эмес. Ошондой жабык болбосун деп биз коомчулуктун өкүлдөрүн, алардын арасында тоо-кен адистерин, экономист-финансисттерди, экологдорду чакырып жатабыз. Иш-чарага оппозиция өкүлдөрү, парламент депутаттары бири калбай чакыртылган. Мында эч кимге чектөө коюлган жок.

Атайын баяндамасында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын “Центеррадагы” 33 пайызга чукул акциясын жаңыдан түзүлө турган “Кумтөр” биргелешкен ишканасынын 50 пайыз акциясына айырбаштоо оптималдуу вариант болгонун айтты. Ошондой эле үлүштөрдү теңдештирүүдө Кыргызстандын акциясы 46 пайызга гана бааланып, элүү пайыздык үлүшкө жетпей калган кенемте 100 миллион доллар дивидендден баш тартуу менен чечилгени белгиленди.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү макулдашууну толук жокко чыгарууну жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүүнү талап кылып келишкен. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт эмнеге мындай кадамга барбастыгын мындайча түшүндүрдү:

- “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштоо мен үчүн эң эле оңой жол болчу. Муну менен мен саясатчы катары бир эле күндө Кыргызстандын “баатыры” болот болчумун. Бирок мен экономиканын абалын карап туруп, өлкөнүн эртеңки тагдырын эске алуу менен ал жолду тандаган жокмун. Себеби, макулдашуу жокко чыгарылып, Кумтөрдө өндүрүш токтоп калса, бюджетке түшчү каражаттын ордун эмне менен толуктайбыз, анда иштеген 3 миңден ашуун адам жана Кумтөрдүн айланасында иштеген 708 ишкана эмне болот деген суроолор турду. Мындан сырткары макулдашуу жокко чыгарылса, соттук териштирүүлөрдүн кесепеттери кандай болоорун менсиз деле адистер айтып жатышат.

Шылтоого табылган “шынаабы”?

Ошол эле кезде коомдук угууга катышкан айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн Кумтөрдү мамлекеттин карамагына толук өткөрүп ала албаганын сындап чыгышты. Милициянын отставкадагы полковниги Борис Осмонов Кумтөр боюнча макулдашуу жокко чыгарылса, келип чыкчу кесепеттер тууралуу өкмөт башчысынын айткандарын кезектеги шылтоо катары кабыл алды:

- Кумтөрдү”эч нерседен коркпой эле мамлекеттин карамагына толук өткөрүп алуу керек эле. Анткени бул долбоор башынан баштап эле Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген долбоор болчу. Соттошсо соттошо бериш керек, анын эмнесинен коркушат? Сот жүрө берет, алтын кен өндүрүшү токтобойт. Анан эми өкмөт башчысынын айткандарды бул жөн эле шылтоо. Саясий эрк болсо, каалоо болсо макулдашууну жокко чыгаруудан Кыргызстан утмак.

Коомдук угуунун башка бир катышуучулары болсо Кумтөр алтын кен долбоорун кайрадан карап чыгуу боюнча өкмөттүн турумун колдоп чыгышты. Макулдашуу жокко чыгып, өндүрүш токтоп калса, экономиканын абалы эмне болот деген суроо кабыргасынан коюлду.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев өкмөттүн сунушун колдоп, бирок Кумтөрдөгү кыңыр иштер ачыкка чыгышы керек деген оюн ортого салды:

- Биз канадалыктар менен макулдашууну жокко чыгарып, өндүрүштү өзүбүз алып кетебиз дегенге анча ишене бербейм. Ошондуктан өкмөттүн бул боюнча тандаган туруму туура эле. Бирок Кумтөр долбоорундагы кыңыр иштерге катышкан кыргыз жарандарынын бети ачылып, жазаланууга тийиш. Мындагы алдамчылык жана өзүм билемдик жоопсуз калбаш керек.

Кумтөр алтын кен долбоору боюнча өкмөттүн “Центерра Голд” менен өз ара түшүнүшүү меморандуму жакында парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG