Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну караган мыйзам долбоорду өкмөткө жана парламент комитетине жөнөттү.

“Атамекенчилердин” бул аракетин популизм деп баалагандар да жок эмес. Кыргызстан буга чейин Кумтөр боюнча өзүнүн вариантын сунуштап, учурда Канаданын жообун күтүп жатат.

“Центерра Голд” биргелешкен ишкананы акционердик коом түрүндө түзүү тууралуу кыргыз тараптын сунушуна макул болуп жатканы кабарланган.

Талкуудагы тараза ташы

“Кыргызалтын” Кумтөрдү мамлекетке кайтаруунун чыгымдарын эсептеп чыкты. Аталган ишкананын жетекчи орун басары Кылычбек Шакировдун билдиришинче, бул 3,5 миллиарддай долларды түзөт:

- Кен азыр 1,5 миллиард доллар турат. “Ата Мекен” 2026-жылга чейин 2 миллиард 700 миллион кирише берет деп эсептеп чыккан. Ал кирешенин 67 пайызы бул түшпөй калган киреше болуп саналат. Ошондо баарын кошкондо чыгым 3,5 миллиард долларга барып жатат. Бул биздин эл аралык кеңешчилер аныктаган сандар. Кумтөр боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алардан мурун калыс, бейтарап маалымат болуш керек. Биз ошол маалыматты бердик.

Шакиров Кыргызстан Канадага Кумтөр боюнча биргелешкен ишкананы акционердик коом түрүндө түзүү тууралуу сунушун жөнөткөнүн, учурда жообун күтүп жатканын кошумчалады. “Центерра Голд” бул сунушка ынана баштаганы кабарланган. Буга чейин Канада биргелешкен ишкана жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө болушун жактап келген эле.

“Ата Мекен” Кумтөрдү улутташтырууну караган мыйзам долбоорду өкмөт менен парламенттин комитетине жөнөттү. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “атамекенчилердин” бул аракетин популизм деп баалап жатат:

- Биз адегенде өкмөттү чакырып, угуп алсак болмок. Анын үстүнө өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “Ата Мекенге” деле чоочун адам эмес, өздөрүнүн эле кишиси. Алар бул маселелер боюнча башкача позициясын эртелеп билдиргенге аракет кылып жатышат. Менимче бир аз шашылыш чечим. Биз биринчи кезекте соңку жагдай боюнча өкмөттү чакырып угушубуз керек. Жогорку Кеңеш андан кийин бир жыйынтыкка келишибиз зарыл. Бул ошондон кийин гана чекит коюла турган маселе.

Улутташтыруу: кайсы жол менен кетебиз?

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоордо кенди казып жаткан, Кыргызстанда катталган “Кумтөр голд компанини” улутташтыруу каралган:

- Өкмөткө Жогорку Кеңеш 6-февралда тапшырма берген. Бир шарттарды коюп, аларды эске алуу менен 50%-50% биргелешкен ишкана түзгүлө деп үч ай убакыт берген. Андай болбосо улутташтыруу боюнча сунуш киргизгиле, анда бүт дүйнөлүк тажрыйбаны, практиканы эске алгыла деген. Үч ай эмес, тогуз ай өттү. Өкмөт эч иш кылган жок. Азыр Жогорку Кеңеш тапшырган шартта түзмөк турсун, “Центеррага” баш ийип, ал айткан шарттардын негизинде иштеп жатат.

Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев.

Улутташтыруу маселеси өткөн айда Канада соту Кумтөрдөгү Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин кайра көтөрүлгөн. Сот муну менен Кеминдеги Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырган. Президент Алмазбек Атамбаев бул жагдайдан кийин Кумтөр боюнча мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырган эле. Байкоочулар бул сөздүн артында улутташтыруу маселеси жатарын белгилешкен.

Мурунку юстиция министри Марат Кайыпов кыргыз тарап улутташтырууга барса утулат деп эсептейт:

- Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын мүчөсү катары мен Кумтөр боюнча укуктук корутунду чыгарып бергем. Ал жерде даана жана так жазылган: улутташтырганды коюп, Кумтөр боюнча келишимдерди жокко чыгаруу керек. Биринчиден, келишимдер туура эмес. Биз эмнеге туура эмес экенин далилдеп бергенбиз. Келишим жокко чыгарылганда өзү эле улутташтырылып калат. Кокус улутташтыруу тууралуу чечим кабыл алсак, дүйнө жүзүнө уят болобуз, утулабыз. Экинчиден, Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча улутташтырганда аларга зыянын кайтарып беришибиз керек болот. Алар келишимди аткарбай, Кыргызстанга зыян келтирип жатса, биз эмнеге чыгымын кайтарып беришибиз керек? Тескерисинче, биз аларды сотко берип утуп алышыбыз керек.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимди жактырган. Ага ылайык, дагы кошумча ондон ашык келишим түзүлүшү керек. Парламент өкмөткө документтерди күзгө чейин даярдоону тапшырган. Кийин бул мөөнөт 15-декабрга чейин узарган.

“Центерранын” жетекчиси Ян Аткинсон кошумча келишимдерди түзүү процесси татаал болоорун, эгер акционерлер келишимдерди колдобой койсо, бул жараян үзгүлтүккө учурарын айтып чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG