Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

“Алиби” гезити дагы чыккан жок.

“Кыргыз туусу” гезити "Кумтөрдүн куму жана куну” деген жалпы теманын алдында Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевге үч суроо менен кайрылып, жообун басты.

– Кумтөрдү улутташтыруунун пайдасы эмнеде? - деген суроого эл жазуучусу:

– Жеке менчиктен мамлекеттин менчигине өтсө, аны улутташтыруу дейт. Бирок ушундай татаал чарбаны иштетип кете турган финансылык, техникалык каражатыбыз барбы? Кумтөрдүн техникасын алып калабыз дечүлөр болор. Канадалыктар аны бизге жөн эле бекер калтыра коймок беле? Кумтөрдү канадалыктардын колуна салып берген келишимге Бакиев баш болуп кол коюп, Жогорку Кеңеш аны мактап-жактап дароо ратификациялап, Конституциялык жана Жогорку Сот менен биргелешип жабыла жактырып, канадалыктардын пайдасына мыйзамдаштырып берген итчилигибизди эми кантип жандырабыз? Эгер соттошо турган болсок алар так ушул Кыргыз бийлиги түп көтөрө жактырган мыйзамды бетибизге такап туруп утуп алары турган иш,- деп,

– Өкмөттү отставкага айдай берүү туурабы? - деген суроого:

– Алмаштыра берүүдөн пайда жок,– деп,

– Кумтөр кенинин ишин жөнгө салууга эмне үчүн кыргыз кенчилерин кошпой келатат? - дегенге:

– Кыргыздын тоо-кен адистери союз учурунда катуу баркталып, бүгүн бизге акыл үйрөтүп жүргөн чет өлкөлүктөргө барып кенди кантип иштетүүнү үйрөтүп келчү. Кыргыз кенчилерин жакын жолотпогондуктун зыянын мына турмуш өзү көрсөттү. Демек, иш билбеген аткаминердин жанында иш билген адистердин болушун каалабаган заман келбедиби,–деп жооп берди Эл жазуучусу Бексултан Жакиев.

“Фабула” гезити да негизги макалаларын жалаң Кумтөргө арнады. “Азаттыктын” кабарчысы Айданбек Акмат уулунун "Кумтөрдөгү жаңы бурулуш” деген макаласын көчүрүп жарыялаган гезит андан ары Айбек Шамшыкеевдин “Жоопкерчиликтен качпаган Жоомарт мырза” деген макаласын тартуулады. Аталган басылма бул санына Өмүрбек Текебаевдин Кумтөрдү эмес, “Центерраны” басып албайлыбы?” деп, 9-апрелде парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүн басты.

Жангороз Эсенгелдиевдин макаласы “Шаикова Башкы прокуратураны тоготпойбу?” деген ат менен жарык көрүп, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Шаикованын дагы бир “былыгын” чубап чыкты.

Кумтөр боюнча өкмөт башчысын колдогон Феликс Кулов “Мандатымды өз эрким менен тапшырып, жоопкерчилик тартууга даярмын” деп маек берди.

“Фабуланын” ушул эле санына “Эки элдин жазуучусу, журналист-кесиптеш-калемдештеринин жардамына муктаж” деген макала жарык көрдү. Анда 60тан ашкан маалында, кыргыз - тажик элинин адабий достук байланышын жакшыртууга бүтүндөй өмүрүн арнап келатса да эмдигиче Мамлекеттик сыйлык, наамы жоктугун, дагы бир бактысыздыгы – Кыргызстанда жашап жүрүп, анын шыбагасына алакандай жер, же бир квартира насип болбогонун, кыргыз-тажик жазуучусу бүгүн жогорку окуу жайларынын биринин жатаканасында туруп жатканын, өмүр бою кыргыз жеринде жашап, Улуттук университетти бүтүп, кыргыз жеринде иштеп, Кыргыз-тажик сөздүгүн түзүп, чыгармаларынын баарында байыртан коңшу жашаган кыргыз-тажик элинин достугун чыңдоого салымын кошуп келген жазуучу Мирзохалим Каримовдун аянычтуу абалы, арыз-муңу мындан ары кесиптеш журналисттерди да, кыргыз бийлигин да кайдыгер каратпайт болушу керек деген чоң үмүттү жокко чыгарбай туралы.

СССРдин эл артисти, маркум Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райгүл Деркембаева “Казактар чоң көчөсүнө Эстекемдин атын беришти, бизде бериле элек” деп интервью берип, Бишкекте атагы таш жарган ырчыбыздын атындагы көчө жоктугун, Талас шаарында бир көчөнүн аты берилген менен акчанын жогунан көрнөгү илинбей турганын, ал кайрылган чоңдордун бири калбай 80 жылдыгын өткөрөбүз деп убада берип, бирок ал убада аткарылбай кала бергенин, тирүү болсо эмдиги жылы 85ке чыкмагын, эми болгон үмүтүн ошондон күтөрүн кеп кылганын белгилеп, бүгүнкү гезит баяндамабызды аяктайлы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG