Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Шыкмаматов: Кумтөрдү бул өкмөт да, парламент да чечпейт


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы сүйлөшүү бир жылдан ашканына карабай, чечим кабыл алына элек. Анын себептери тууралуу мурдагы юстиция министри, бийликте кезинде Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн башкы катышуучусу болгон Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" маек курду.

Азаттык: Ушул тапта кыргыз өкмөтү менен Кумтөр кенин иштеткен Centerra Gold компаниясынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Сүйлөшүүлөрдө экологиялык чыгымдарга байланыштуу койгон Кыргызстан тараптын доосу боюнча маселе каралып жатканы белгилүү. Алмамбет мырза, сиз юстиция министри болуп турган кезде канадалыктар экологиялык зыян боюнча дооматтан баш тарткыла, коррупциялык схемалар боюнча далилденген кылмыш ишти токтоткула деген талаптарды коюп жатышат деп айттыңыз эле. Азыр сиз кызматтан кеттиңиз, сүйлөшүүлөр уланууда. Ал талаптар эмне болду, сиздин оюңуз кандай?

А.Шыкмаматов: Тилекке каршы, азыркы өкмөт менен Centerra Gold 50-50% кылабыз деген меморандумду ишке ашырабыз дегенинен майнап чыкпайт. Азыркы өкмөт бул меморандумду ишке ашыра албайт. Биз ушул нерсени элге ачык айтышыбыз керек. Анткени өткөндө парламент бир ай убакыт берди беле, ал соңуна чыкты. Маселе өкмөттө эмес, Centerra Gold компаниясында болуп атат, бул компания ага кызыкдар эмес. Анткени алар мурункудай 67-33% деген келишим боюнча иштеп, мурункудай эле 67% алып атат. Аларга бүгүнкү күндөгү абал майдай жагат.

Centerra Gold кыргыз өкмөтүн теңине албай жатат

Азаттык: Сиз кызматта турганда эмне үчүн сүйлөшүүнү токтотолу, мындан эч майнап чыкпайт деп айткан жоксуз?

Centerra Gold экологиялык зыян үчүн койгон 23 миллиард сомдон баш тарткыла, мурда далилденген коррупциялык схемалар боюнча Сазановдун кылмыш ишин жапкыла дейт.

А.Шыкмаматов: Мен кызматта турганда ар дайым каршы пикирде болуп келгемин. Башынан эле булардан майнап чыкпайт, биз булардын эрежеси менен ойноп атабыз деп айтып келгем. Ошондой эле болуп атат. Маселен, сүйлөшүүдө ар дайым биз тараптан премьер-министр баштаган, андан кийин вице-премьери болуп 12 киши катышат. Алардан директорлор кеңеши эмес, директор Аткинсондун жардамчылары келет. Көрүнгөн ишке ашпаган талаптарды коет да, Кыргызстан тарап экологиялык зыян үчүн койгон 23 миллиард сомдон баш тартпасаңар сүйлөшпөйбүз деп кетип калат. Биз анын үстүндө баш катырып ойлонгуча, кайра келишет дагы мурда далилденген коррупциялык схемалар боюнча Сазановдун кылмыш ишин жапкыла дейт. Башкача айтканда бизди шантаж кылып, өз эрежелери менен ойнотуп атышат.

Азаттык: Сиз айткандай канадалыктар шантаж кылып атканын сүйлөшүүлөргө катышып жүргөндө билчүсүз да, эмне үчүн анда өкмөт башчыга, Кыргызстандын жогорку жетекчилерине сүйлөшүүнү токтотолу деп айткан жоксуз?

А.Шыкмаматов: Мен меморандумга кол коюлуп атканда жөн эле кыялым кармап кеткенинен кол койбой койгон жокмун. Сиз айткан жүйөлөрдү айтып туруп, кол коюудан баш тарткам. Анткени булар 67-33% өзгөрткүсү келбейт. Биз 67% алыш үчүн кыргыз журтчулугу, президенттен баштап, карапайым адамдарга чейин биригип, чечкиндүү болсок, алар бизге 67% эбак эле бермек. Бүгүнкү күндө Кумтөрдө казыла элек, былкылдабай жаткан миң тонна алтын бар. Ошол миң тоннанын 33% - 330 тонна алтын. Мындан алар эч качан кол жууп калгысы келбейт. Алар прагматик, бизнес кызыкчылыгы үчүн иштеген адамдар. Эгер биз чечкиндүү болсок, алар же 67% макул болмок, же кенди улутташтырып алат деп чочумак. Алар деген чакан компания. Эгемендүү элди өз эрежеси менен ойнотуп атат, мени ошол нерсе ардантат. Мени ошол элди кемсинткени өкүндүрүп атат. Кичинекей канадалык компания кыргыз журтчулугун экиге бөлүп койду. Азыр көпчүлүк эл кенди улутташтырса бизге зыяны тиет экен, эл аралык соттордон чыкпай калат экенбиз, экологиялык катастрофа болот экен деп чын дилинен ишенип алды. Анткени чечим кабыл ала турган адамдар өзүбүз экиге бөлүнүп атабыз. Улутташтыруудан элди өзүбүз коркутуп атабыз. Массалык маалымат каражаттары канадалыктардын ырын ырдап атышат.

Кыргызстанга доо койгондор - Максимдин достору

Азаттык: Эл аралык арбитраждык сот Кыргызстанга доо коюп, Кумтөрдүн акцияларынын 70% азыр камакта турат. Дагы жаңы доо кошулат деген маалымат бар. Сиз жетектеп турган Юстиция министрлиги ушундай коркунуч бардыгын алдын-ала билди беле?

Кумтөрдүн акциясынын баары камакта. Сүйлөшөбүз деген күндө да 33% алтындын куну камакта жатпайбы.

А.Шыкмаматов: Юстиция министрлиги берген маалыматтарды карасак, биз эки жылдан бери какшап келдик. Кыргызстанды жалпы жонунан эки миллиард доого берген доогерлер кимдер? Алар баягы Максим Бакиев менен Елисеевдин жан жөкөрлөрү - Надель, Белоконь. Алар ошол убакта банктарга жана алтын кен байлыктарына ээ болгон шылуундар. Ошолор азыр эл аралык сотко берип, эл аралык соттордун жардамы менен биздин 33% алтынды алабыз деп аракет кылып атат. Эл аралык соттор болсо Бакиевди өзүңөр тандадыңар, мурдагы өкмөттү өзүңөр түзгөнсүңөр, ошондуктан мурунку бийликтин берген убадасын аткарышыңар керек деген эрежени карманат. Ошондой ой жүгүртүү менен сот алардын пайдасына чечип коюп атат. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт дегенимдин дагы бир себеби - акциянын баары камакта. Сүйлөшөбүз деген күндө да 33% алтындын куну камакта жатпайбы. Ошондуктан муну чечүүнүн жападан жалгыз жолу - улутташтырып туруп, кенди алып коюу. Биз Кумтөрдү улутташтырып койсок жанагы акциялардын наркы жок болот да, Надель, Елисеевдерге окшогондор биздин акцияларга көзүн кызартканды токтотот.

Азаттык: Эгер кен улутташтырылса, бир миллиард доллар комбинаттын чыгымын төлөш керек. Ошондой эле 400 миллион долларга бааланган акциялардын бардыгы ал тарапка өтүп кетет. Дагы башка чыгымдарды эске алганда, Кыргызстан жалпысынан эки миллиар доллардын ашык чыгым тартат, туурабы? Буга сиз макулсуз?

А.Шыкмаматов: Ооба, анткени эл аралык норма ушундай. Бизди эч ким улутташтырдыңар деп күнөөлөй албайт. Дүйнөлүк коомчулуктан чыгып калбайбыз. Эки миллиард компенсациясын төлөө боюнча мындай жолдор бар - канча убакытта төлөөрүбүздү өзүбүз аныктайбыз. Улутташтыруу деген - 670 тонна алтынды өзүбүзгө алабыз. Ошонун 170 тоннасы ошол эки миллиард долларды жабат.

Азаттык: Алмамбет мырза, сиз Кыргызстанда башы көрүнгөн юристтердин бирисиз. 2009-жылы түзүлгөн келишимдерде жазылып турат: эгер улутташтыруу процесси болсо, ага катар эле кендин өзүндө турган комбинаттын баасы, кенди иштетүүгө кеткен чыгымдардын баары төлөнүп берилиши керек деп жазылып турат. Муну кантип чечсе болот? Он жылдан кийин төлөп беребиз деп мыйзам кабыл алып койсоңор Centerra Gold ага макул болобу?

А.Шыкмаматов: Centerra Gold макул болобу, же болбойбу, биз улутташтырып туруп, чыгымыңарды он жылдан кийин ушундай график менен аласыңар деп айта алабыз. Экинчиден, алардын биздин экологияга тийгизген зыяны үчүн 23 миллиард сом дооматыбыз бар, аны кармап калабыз. Ошондой эле тогуз тонна алтынды лицензиясы жок жерден казып кетишкен. Ошонун баарын эсептесек, эки миллиард доллардан кыскарат. Кийин 670 тонна алтындын аз бөлүгүн сатсак да, канадалыктардан кутулабыз. Бизди алдоо мүмкүн эмес деп башка инвесторлордун көзүн ачабыз.

Азаттык: Сиз мүчө болгон партиянын лидерлери, башка беделдүү саястчылар Кумтөрдү улутташтырабыз деп чоң трибуналардан айтышат, бирок бүгүнкү күнгө чейин улутташтыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып сунушталган жок. Кумтөр маселеси чоң трибуналардан кыйкырып айтылчу сөзгө айлангандай сезилбейби?

А.Шыкмаматов: Андай эмес, анткени Өмүрбек Чиркешович Текебаев андай мыйзамды парламентке киргизген.

Азаттык: Ошол мыйзам долбоордо өкмөттүн каржы булактары аныкталганбы?

А.Шыкмаматов: Кумтөрдү улутташтыруу маселеси, мыйзам долбоору сунушталып, кабыл алынып, башка мыйзамдардай кандайдыр бир формалдуу жолдор менен чечилбейт. Кумтөр качан биз «улутташтырабыз, же 67% бергиле» - деп бекем турсак, ошондо мыйзам да кабыл алынат, булактар да аныкталат, график-пландын баары түзүлөт.

Улутташтыруудан башка жол жок

Азаттык: Алмамбет мырза, силер саясатчысыңар, элдин сезимине ойной турган сөздөрдү айтканга чеберсиңер. Ошол эле учурда Кумтөрдү улутташтыруунун деталдуу концепциясын, каржы булактарын аныктаган программаны коомчулук көргөн жок. Андай программаны сиз атаган жетекчилер, кыргыз өкмөтү да, «Кыргызалтын» да сунуштаган жок.

Улутташтыруу деген опурталдуу нерсе, далай кыйынчылыктарга дуушар кылат. Белибизди бекем бууп, ошол жолго барышыбыз зарыл.

А.Шыкмаматов: Андай эмес, бийлик, эл биригип улутташтырууну чечсек, сиз айткан концепция, план, инструкция жазуу, кенди кантип иштетүү, башка инвесторлорду тартуу боюнча жумушчу топтор түзүлүп, өкмөткө тапшырма берилсе, өкмөт иштеп чыгат. Бул албетте, биринчи кезекте «Кыргызалтындын» вазийпасы. Алар болсо тескерисинче, улутташтырса болбой турганын айтып чырылдашууда.

Азаттык: Сиз юрист катары улутташтыруунун зыяндуу жактарын, кесепеттерин карап көрдүңүзбү?

А.Шыкмаматов: Биз улутташтырууга жыргаганыбыздан барган жокпуз. Эгер 2003-2004-жылдары ушул кылымдын аферасы болбогондо, 2009-жылы кыргыздар алданбаганда, биз азыр калыс келишим менен иштеше бермекпиз. Улутташтырабыз деген аргага бармак эмеспиз. Улутташтыруу деген опурталдуу нерсе, далай кыйынчылыктарга дуушар кылат. Бирок биз белибизди бекем бууп, ошол жолго барышыбыз зарыл. Башка айла жок.

Азаттык: Азыркы парламент Кумтөр маселесин чечип, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуп, өз милдетин аткарып кетет деп ишенсизби?

Канадалыктардын максаты - бул парламент менен сүйлөшпөй, кийинки парламентти күтүү.

А.Шыкмаматов: Бул өкмөт да, бул парламент да Centerra Gold менен жаңы келишимди түзө албайт. Кеп бул өкмөттүн начардыгында, же бечелдигинде эмес. Бул өкмөт кетип, башкасы келсе да маселени чечпейт. Бул парламент да чечпейт. Анткени маселе алардын жөндөмүндө эмес, бул жерде башкы күүнү Centerra Gold чертип атканында. Канадалыктардын максаты - бул парламент менен сүйлөшпөй, кийинки парламентти күтүү. Ошондуктан Аткинсондун улам бир жардамчысы сүйлөшүүгө келип, убакытты атайын созуп атышат. Эми күздө жаңы парламент келип, ишин уюуштуруп, ары-бери карагыча кийинки жылдын жазына барат. Андан кийин депуттаттар каникулга кетет, күздө президенттик шайлоонун камы көрүлөт. Булардын 2018-жылга чейин азыркы келишимди созобуз деген стратегиялык ойлору мага айдан-ачык эле көрүнүп турат. Бул менин божомолум.

Азаттык: Сиздин мындай божомолуңузду өкмөт мүчөлөрү, бийликтегилер билеби?

А.Шыкмаматов: Билсе билет, бирок ар кандай себептер менен айталбай атышса керек.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG