Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Күрттөрдүн Ала-Тоону байырлаганына жетимиш жылдан ашты. Кээ бир салттары өзгөчөлөнгөн, кээ бирлери кыргыздардыкы менен окшош күрт элине Кыргызстан өз мекени болуп калды.

Соӊку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күрттөрдүн саны 13 миңден ашат. Бирок күрттөр өздөрү 20 миңден ашык деп болжоп, мындай айырманы айрым улутташтарынын азери же түрк деп жаздырып алганы менен түшүндүрөт. Күрттөрдүн көбү Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында отурукташкан.


Радиобаянды толугу менен бул жерден угуңуз.





Күрттөрдүн каада-салты


Худатаевалардын үй-бүлөсү Сокулук айылында турат. Бул айылда 25тей күрт бүлөсү жашайт. Ханым Худатаева математика мугалими, өмүрүн мектепке арнап келген. Азыр эс алууда, уул-кыздарын, небересин багып жатат.

Өз элинин салтына ылайык мени төргө өткөздү. Кыз-келини болгон даамын үстөлгө жайнатты. Ошентип күрт маданияты менен таанышуу улуттук тамактардан башталды. Алгач суусап эудау деген чалапка окшогон суусундукту ичип, колго жасалган пейнир сырынан ооз тийип, улуттук авсир деген тамагын жеп коюп, каада-салттарын угуп отурдум.

- Бизде конок – эң баалуу адам. Аны жөн эле эптеп-септеп кабыл албастан, жакшы тамактарды даярдап, курсагын тойгузуп, көңүлүн ачышыбыз керек. Мисалы, сиз азыр ашканабызда отурасыз, а салтыбыз боюнча биз сизди үйдүн чоң бөлмөсүндө төшөк салып, төргө отургузушубуз керек болчу. Бирок үйдө эркек жок болгондуктан, бөтөн эркекти үйдүн ичине киргизүүгө укугубуз жок. Ошентсе да бул жерде деле биз конокту жылуу тосуп, төргө отургузуп, эӊ мыкты кабыл алышыбыз керек.

Ханым эженин күйөөсү менен баласы иштери менен бир жакка чыгып кетиптир. Ашканада Ханым эже экөөбуз отурган дасторконго эки кызы, келини, небереси келишпей, өзүнчө диванда отурушту. Көрсө салты ушундай экен.

- Эгер конок эркек болсо, бизде кыздарыбыз, келинибиз эркек менен кошо бир үстөлдө отура албайт. Салтыбыз боюнча эркектер өзүнчө отурат, кыздар өзүнчө. Эркектерибиз тамак ичип, үстөлдөн туруп кеткенден кийин гана отурабыз, же өзүнчө башка бөлмөдө тамактанабыз, бирок бир үстөлдө – эч качан. Азыр бул үйдө мен эӊ улуу болгондуктан, мен сиз менен отуруп, чай берип, кобурашсам болот.





Худатаевдердин үй-бүлөсү билимдүү, ошол эле мезгилде улуттук каада-салттарды бекем кармашарын байкадык. Аңгыча үй-бүлөнүн башчысы Асан Худатаев баласы менен келип калды.

Асан Худатаев физика мугалими экен. Азыр заманга жараша кесибин алмаштырып, жүк ташуучу автоунаа айдап иштейт. Ал келинине күртчө кайрылды, келини үн-сөзсүз берчүсүн берип, алчусун алып жатты.

Күрттөрдө кайын атасы уруксат бермейинче келини аны менен сүйлөшө албайт. Көрсө бул сыноо экен. Иш жүзүндө келин балдарды төрөп, алар 10-15 жашка чыкканда, кайын атасы эми сүйлөшүүгө татыктуусуң, өзүңдү жакшы көрсөттүң, эмгегиңе ырахмат деп сүйлөшүүгө уруксат берет экен.

- Карындашым ата-энемдин уруксатсыз, маселени эч ким менен талкуулабай эле күйөөгө качып кетип калган үчүн мен аны менен тогуз жыл катышкан жокмун. Эми убакыт өтүп, алар унутулуп калды. Анан азыр катышып турабыз. Негизи азыр глобализация доорунда жаштарыбыз улуттук каада-салттарды кармангандан тайсалдап жатышат. Мурун үлпөттү үч күн өткөрчү элек, азыр европалык деп үч-төрт саат кафеде отурушат, анан ошону менен бүтөт. Жандуу музыка болчу, фольклор. Анын баары азыр унутулуп баратат.

Худатаевдердин эки уул, эки кызы бар. Балдарын үйлөп-жайлап, кыздарын окутуп жаткан кези. Тегерегиндеги кошуналары кыргыздар болуп, ары-бери кирип, чай ичип, улуттук тамактары менен кошо беш бармак, боорсокторду даярдап, бири-бирине жардам берип, ынтымактуу жашашат.

Күрттөр Ала-Тоого кантип келип калган?

Кыргызстандагы күрт диаспорасынын башчысы Рамазан Сейидовдун айтымында, сталиндик депортация саясатынын таасири менен күрттөр адегенде 1937-жылы Азербайжан менен Армениядан, 1944 жылы Грузиядан кыргыз жергесин көздөй көчүрүлгөн.

- Эки депортация тең кыштын суугуна, декабрь айына туш келген. Бирок өзү араӊ турган кыргыз эли күрттөргө жардам берип, болгону менен бөлүшүп жатты. 37-жылы келген күрттөр Исфана, Сүлүктү жана Жалал-Абадга жиберилген, 44-жылдагылар болсо Талас облусуна. Кыргызстандан тышкары, коӊшу өлкөлөргө да жиберилгендиктен Чүй облусунда Казакстандан көчүп келген күрттөр да бар.

Күрттөрдүн басымдуу бөлүгү Жакынкы Чыгышта жашайт. Мурунку Совет өлкөлөрүнөн тышкары, көп сандуу күрттөрдүн диаспорасы Батыш Европа өлкөлөрүндө да бар. Борбор Азия аймагы боюнча алардын чоң диаспорасы Казакстанда, андан кийинкиси Кыргызстанда.

Күрттөр айыл жана мал чарбачылыгы менен шугулдандыктан, Кыргызстанда бул тармактын өнүгүшүнө салымыбыз бар деп эсептешет. Мындан тышкары Совет доорунан бери медицина жана укук коргоо системасында иштегендери да көп. Күрттөр маданиятын кастарлаган, өркүндөткөн диаспоралардын катарында турат.

Кыргызстандык күрттөрдүн сыймыгы

Жергиликтүү күрттөрдүн өзгөчө сыймыгы – башында айтып кеткен Худатаевдердин кызы – Забида. Забида Худатаева кичинекей кезинен бери музыкалык мектепке барып, башында аккордеон классында окуп, кийинчерээк вокалга өтүп кеткен. Ата-энеси кызынын талантын өнүктүрүүгө жардам берип, колдоп турушат экен. Забида бир нече конкурстарда жеңүүчү болуп, ийгиликтерге жетиптир.




Ал Кыргыз мамлекеттик консерваториясын бүтүп, азыр аспирантурада окуп жатат. 22 жаштагы ырчыны музыкалык чөйрөдөгү адистер жогору баалап, Мамлекеттик музыкалык окуу жайда вокал боюнча сабак берүү милдетин тапшырыптыр. Забида Худатаева өзүнүн эки ырын жаздыртып, өз элинин маданияты менен тааныштырып келет.


Забида «Азаттыктын» угармандарына да бир-эки сап төгүп жиберди:



- Бул ырды жазган акын аны өзүнүн ашыгына арнаган. Ырдын аты «Хай дилбери». Дилбери – бул кыздын аты. Ал ак жүрөк дегенди билдирет. Автор алардын сүйүүсүнө качан убакыт келет деп ырдайт. Кыскасы – жоопсуз сүйүү жөнүндө.
Забида кыргызча да ырдайт. Калый Молдобасановдун «Өрттөнсүн бозой жалынга» аттуу ырды бул жерден угуңуз.




Забида эки айдан бери улуттук саз деген музыкалык аспапта ойногонду да үйрөнүп атыптыр:




Кыргызстандык күрттөрдүн дагы бир сыймыгы – бул жазуучу Гажар Аскеров. Ал өз элинин маданиятына, тарыхына жана башка өзгөчөлүктөрүнө кайдыгер карабай, диаспоранын ишине активдүү катышат. 2005-жылы ал мурунку Совет өлкөлөрүндөгү күрттөр жөнүндө «Күрт диаспорасы» деген китеп чыгарган. Алгач кыргызстандык күрттөр жөнүндө дал ошол китепте жазылган. Аскеровдун Бишкекте менчик басмаканасы бар. Анда өзү, башка жазуучулар китептерин күрт тилинде чыгарып турат. Китептердин көбүн казакстандык күрттөр чыгарат экен, кыргызстандыктар да бар, бирок аз.

Аскеров көп жылдардан бери күрттөрдүн тарыхын, салт-санаасын изилдеп келе жатат. Жазуучулуктан тышкары төгөрөктүн төрт бурчундагы күрттөр менен байланышып, интернеттеги бир нече күрттөрдүн сайттарына макала жазып, кээ бирлеринде редактор болуп эмгектенет.

Гажар Аскеров эл аралык Le monde diplomatique гезитинин күрт кызматынын КМШ өлкөлөрү боюнча кабарчысы. Бул дүйнөдө белгилүү гезитке ал чөлкөмдө турган күрттөрдүн жашоосун чагылдырат.

- Мурунку СССР өлкөлөрүндөгү күрттөрдү мен үчкө бөлөм: биринчиси - армяндык жана грузиялык, экинчиси – азербайжандык, үчүнчүсү – түркмөндүк күрттөр. XIX кылымдын аягында Иран менен Түркияда жерлер түшүм бербей, жакырчылыктан Кавказга кача башташкан. Түркмөндүк күрттөр Совет дооруна чейин эле Түндүк Ирандан келип отурукташып калган, Түндүк Ирандан жана Чыгыш Түркиядан ошондой эле Кавказ, Армения жана Грузияга келишкен.





Күрттөр да уруу-урууга бөлүнөт

Кыргызстандык күрттөр кыргыздарга окшоп урууларга бөлүнөт. Сокулуктун Чат-Көл айылында жашаган күрт аксакал Наби Мустафаевдин айтымында, байыркы күрттөрдө Бруки деген кишинин жети баласынан жети уруу тараган.

- Биз башки деген уруусунанбыз, дагы шаулики деген бар, алар Казакстандын Чусунда көп. Андан кийин карки дегендер бар, алар Бишкектин айланасында турушат. Пилки бар, хасанки бар. Пилкилер Кыргызстандын баарында бар. Пилкинин өзүнчө бешке бөлүнүп кеткенине 200 жыл болду, а биз башкибизда. Башкинин үч баласы болуп, үчкө да бөлүнүп кеткенбиз.

Эгер мурун күрттөр уруулук мыйзамдарды бекем сактап келишсе, азыр кыз берип, уул үйлөнтүп, кудалашуу аркылуу жакындашуу артып бараткандай.

Күрт диаспорасынын өкүлдөрдүн айтымында, бул элдин арасында миграция бар, бирок көп эмес. Кээ бирлери Түркия жана Ирактагы күрттөрдүн автономиясына кетсе, Орусиянын түштүк аймактарында Кыргызстандан ооп барган күрттөрдүн бир-эки айылы бар экен.

Экономикалык себептерден улам кыргыздарга окшоп күрттөрдүн балдары да Орусияга иштегени кетип, тапкан акчасы менен кайра бул жердеги үй-бүлөсүнө кайтат. Жалпы кыргызстандык күрттөргө Ала-Тоо жери өз мекени болуп, келечегин Кыргызстанга байлашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG