Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Курсантты УКМКнын кызматкерлери сабаганбы?


Милиция академиясынын 5-курста окуп жаткан курсанты, Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө практикадан өтүп жаткан Тагай Мырзалиев УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтууда.

Ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Ал эми УКМК анын маңзат сатууга байланышы бар экендигин, аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөнүн билдирүүдө.

“Тапанча менен урушту”

Борбор калаадагы Милиция академиясынын 5-курсунун студенти, Бишкек шаардык Биринчи май райондук бөлүмүндө практикадан өтүп жаткан Тагай Мырзалиевдин айтымында, 12-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери аны эч себепсиз эле көчөдөн кармап, ур-тепкиге алган.

Мырзалиев окуя Батыш автобекетинин аймагында болгонун, күч менен “Газель” машинасына салып кетип, атайын кызматтын имаратында эки сааттай кармашканын, абалы оорлогондон кийин ооруканага жеткиришкенин билдирди.

- Тапанча менен башыма урушканын билем. УКМКнын ичинде эки саттай “Газель” машинасында кармап турушту. Бардыгы башыма урушту. Андан кийин Тез жардам менен ооруканага алып келишти.

Курсанттын көйнөгү
Курсанттын көйнөгү
Мырзалиев Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылып, ооруканадан дарыгерлер анын айрылып кеткен башын тигишкен.

Мырзалиевдин жеңеси Айнур Мияшеванын айтымында, анын абалы оор экендигине карабай, УКМКнын кызматкерлери ооруканадан күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан.

- “Баланын абалы оор, ал өзүнө келип, оңолгондон кийин сүйлөшөсүңөр” деп айтсам, “биз азыр алып кетебиз” деп, макул болбой койду. “Бала оор абалда жатса, кантип алып кетем деп жатасың, жүрөгүң жок неме экенсиң. Сен кимсиң, кызматтык күбөлүгүңдү көрсөт" десем, баары качып, сыртка чыгып кетишти. Палатадан чыгып, бирок кетпей, кечки саат он жарымга чейин сыртта турушту.

Курсантка кылмыш иши козголгон

Улуттук коопсуздук комитети бул окуянын башка өңүтүн ачууда. Алардын айтканына караганда, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн 4 кызматкерине маңзат сатууга аралашуу жана кызматынан кыянат пайдалануу боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Нурлан Токталиев алардын арасында курсант Мырзалиев да болгонун айтты.

- Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Анткени бул адамдар башка бир жаранды мажбурлап, маңзат саттырышкан. Ал эми маңзат сатып алып жаткан адамдарды кармап алышып, алардан акча алып турушкан. Ошон үчүн кылмыш иши козголгон. Булар баары төрт адам болгон. Экөөсүн кармап, убактылуу кармоо жайына киргиздик. Ал эми бирөө качып жүрөт, дагы бирөө болсо ооруканада.
Тапанча менен башыма урушканын билем. УКМКнын ичинде эки саттай “Газель” машинасында кармап турушту.

УКМК Мырзалиевди кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөнүн билдирүүдө. Анткен менен курсанттын жакындары буга макул эмес. Мырзалиевдин туугандарынын бири аталган окуяга курсанттын тишеси жоктугун билдирди. Ал Мырзалиевди кесиптештери менен эмес, өзү жалгыз жүргөн жеринен кармап кетишкенин айтууда.

- Кармап, алып кетип баратканда, ден соолугу жакшы болчу. УКМКнын имаратына алып кирип, ошол жакта эки-үч саат кармап, андан кийин алар аны оор абалда ооруканага алып барышкан. Бул бала өзү курсант болчу, практикадан гана өтүп жүргөн. Ал бул окуяга жөн эле туш келип отурат. Аны "башкаларга каршы көрсөтмө бересиң" деп сабашыптыр.

Ал эми Эргеш Алиев атындагы Милициянын академиясы аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө баштаганын билдирди. Алар бул окуяда курсанттын күнөөсү жок деп санашууда.

Укук коргоочулар атайын кызмат кылмышкерлер менен күрөшүүдө дайыма күч колдонуп, күнөөсүз адамдарды кылмышты моюндарына алдырууга аракет кылат деп сындап келишет. Буга чейин МАИ кызматкери Айбек Эшбаев да УКМКнын тергөө абагынан белгисиз жагдайда каза таап, атайын кызмат ал өзүн-өзү өлтүргөн деп айтып келүүдө. Бирок Эшбаевдин жакындары буга макул болбой, аны ур-тепкиге алышкан деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG