Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Белгилүү окумуштуу, социолог Кусейин Исаев Кыргызстандагы жердешчилик көйгөйлөрү тууралуу ойлору менен “Азаттыкка” курган маегинде бөлүштү.

“Азаттык”: Мына Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар ички иштер министри жердештерин жетекчи кызматтарга коюп алды деп айыптап чыгышты. Деги жердешчиликтин түбү каякта? Бул көрүнүш бир эле министрликтеби, же бардык тармакта таркалганбы?

Кусейин Исаев: Жердешчилик - кыргыздын кечээтен бери келе жаткан оорусу. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул маселе ар бирибизде жатат.

Башка маселе, биз мектепте, жогорку окуу жайында жана кызматта жүргөндө маданий деңгээлибиз төмөн болгондуктан, жердешчиликке чуркап кетип жатабыз.
Элди күнөөлөгөнгө болбойт. Биз элге туура жол көрсөтүшүбүз керек.


Ички иштер министрлиги тууралуу он беш-жыйырма күндөн бери көп гезиттерге чыкты эле. Кечээ күнү бир гезитте ар бир акыркы алты айдын ичинде кызматка алынгандардын тизмесин жазыптыр. Анда көпчүлүгү жалган болуп чыгып жатат. Эми Жогорку Кеңеш текшерчү болсо, алардын чын бышыгы жарыкка чыгаар. Бул маселе өтө татаал маселе.

Парламенттик башкарууга өтөбүз дегенден бери көп партиялуулук, коалиция болгондо көпчүлүктү түзгөн партиялар кызмат орундарына жалаң тааныштарын, досторун, жердештерин коюп жатышат. Бул бүгүнкү күндө кыргыздын трагедиясы.

Кызматкердин кесипкөйлүгүнө, маданий деңгээлине, адамгерчилик сапатына көңүл бурулбай, биринчи орунга жердешчилик чыгып жатат. Биз канчалык басма сөздөрүндө, радиолордо ушуларды ачык айтып, тигилердин жүзүн, ким экендигин чыгарсак ошончолук мүмкүн биз оңолуу жолуна түшөөрбүз. Азырынча тилекке каршы оңоло албай жатабыз.

Жердешчилик кыргыздын кечээтен бери келе жаткан оорусу. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул маселе ар бирибизде жатат.
“Азаттык”: Жердешчилик деген көрүнүш өз жүзүн көбүнесе шайлоолордо көрсөтүп келет. Айрым талдоочулар алдыдагы президенттик шайлоодо да жердешчилик чоң рол ойношу мүмкүн деп айтып жатышат. Ушинтип айтууга негиз барбы?

Исаев: Эгерде биз 2010-жылдагы шайлоолордогу аракеттерди президенттик шайлоодо да кайталай турган болсок, анда эң негизги ойноочу фактор жердешчилик болуп калат. Муну тана албайбыз. Ошон үчүн президент адамгерчилик, социалдык, адептик сапаттарга ээ болушу керек, биз ошону такташыбыз керек.

Экинчиден, бүгүн гезиттердин баары тең эле кимиңер президент болосуңар деп, ошолорго жалган бааларды коюп жарыялап жатат. Дүүлүктүрүп жатат. Биз ушу маселеге да карашыбыз керек эле. Акыл-эске келип, бүгүн кимиси президент боло алаарын шайлоого чейин жалпы журт аркылуу тактап, анан республика боюнча эки же эң көп болсо үч кишини чыгарсак, жакшы болоор эле.

Үчүнчүдөн, ашыккан трайбалисттер келип алып, президенттик орунду беш жыга түштүккө берип, андай кийинкилерди кезек менен түндүккө берели деп жатышат. Бул ансыз да бөлүнүп турган элге терс таасир берет. Ошондуктан президенттик шайлоодо биз өтө сак болбосок, Кыргызстанды такыр жердешчиликке жана экиге бөлүп таштоо коркунучунда турабыз.


Саясий элитанын алгылыктуу аракети


“Азаттык”: Деги эле дүйнө эли жердешчилик жана тууганчылыктын терс жактарын таштап, андан арылып жатканда, Кыргызстанда бул маселе боюнча натыйжа болбой жаткандай. Бул эмнеден кабар берет? Бул элдин кулк-мүнөзүнүн же аң-сезиминин деңгээлиненби, же аткаминерлер тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүлбөгөнүнөнбү?

Исаев: Биздин башкаруучулардын жана элитанын ушул маселелерге баа бербегенинен, ушунун зыяндуу жактарынын эртеңки кыргыз элинин бөлүнүүчүлүгүнө таасир этерин ойлонбостуктан болуп жатат.

Чын чынына келгенде эгерде элита журттун башын бириктирип, мындай бир аракет кылалы дей турган болсо, анда карапайым калк бөлүнбөйт эле. Маселенин баары карапайым калкта эмес, башкаруучуларда, элитада жана партиялардын лидерлеринде болуп жатат.

“Азаттык”: Демек бул көрүнүштү ооздуктоого мүмкүнчүлүктөр бар турбайбы?

Исаев: Толук мүмкүнчүлүктөр бар. Элди күнөөлөгөнгө болбойт. Биз элге туура жол көрсөтүшүбүз керек. Элге маданияттуулугубуздун, саясий бышып жетилгенибиздин деңгээлин көрсөтүшүбүз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG