Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Сейрек металлдар өндүрүшүн көзөмөлдөө үчүн дүйнөдөгү күрөштүн учкундары Кыргызстанда да ачык байкалууда. Кеминдеги Куттуу-Сай 2 кенин иштетүү укугу бар канадалык компания кенди азыр кытайлык атаандаштар айрым коомдук ишмерлердин колдоосу менен талашып жатканын айтып чыкты. Ал эми канадалык компанияны лицензиядан ажыратуу демилгесин көтөргөн саясатчылар “Стэнс Энержи Корп” компаниясы кенди "итбекер" жана мыйзамсыз алган деп ырасташууда.

Куттуу-Сай 2 кени эмне үчүн талашка түштү жана сейрек металлдар боюнча дүйнөлүк кырдаал кандай?

Куттуу-Сай 2 же расмий документтерде жана чет элдик адистер тарабынан Кутессай-2 деп аталып жүргөн кен кыргызстандыктарга Кумтөр же Жерүйдөй белгилүү эмес, бирок тоо тектери менен топурактын арасындагы сейрек металлдын наркын жана маанисин билгендерге баркы тоодой.

Учурда кенди иштетүү укугу колунда турган канадалык “Стэнс Энержи Корп” (Stans Energy Corp) компаниясынын интернет сайтында "Куттуу-Сай 2 сейрек оор металлдардын дүйнөдө мурда өздөштүрүлгөн жана Кытайдын сырт аймагында жайгашкан жалгыз кени”,- деп айтылат. Ошондой эле ал 1960-91 жылдар аралыгында СССРде сейрек кездешүүчү оор элементтердин 80% бергени көргөзүлгөн.

Жогоруда Кытай эскерилип жатканы бекеринен эмес. Анткени сейрек металлдар боюнча дүйнөлүк өндүрүштө жана базарда Кытайдын үстөмдүгү өкүм сүрүүдө. Мындай жагдай технологияга таянган Батыш өлкөлөрүн жана башка мамлекеттерди камтамага салып турат.

Кытайдын бул чөйрөдө жалгыз үстөмдүк орнотуу мүдөөсү Кыргызстандан да байкалып жатканын Куттуу-Сай 2 боюнча лицензия колунда турган канадалык “Стэнж Энержи Корп” компаниясынын аткаруучу директору Роберт Маккей (Robert Mackay) жакындагы интервьюсунда (Канададагы ProEDGE WIRE интернет порталына) айтып чыкты:

- Кыргызстанда биз биринен сала экинчи проблемага кабылдык. Чабуулдар Кыргызстандын соттору биздин пайдабызга бир эмес, бир нече жолу чечим чыгаргандан кийин да эмне үчүн токтобогонун биз эми түшүнүп жатабыз. Мындан сырткары кээ бир саясатчылардын негизсиз айыптоолорунун жүйөсүн да биз эми аңдап-билүүдөбүз. Бул аракеттер сейрек кездешүүчү оор элементтердин Куттуу-Сай 2 өңдүү технологиялык процесси белгилүү кенди өздөштүрүүнүн жана ага ээлик кылуунун стратегиялык маанисин далилдеди. Бул сейрек кездешүүчү элементтерди Кытайдын тармактагы үстөмдүгүнөн кутулууга умтулган батыш компанияларына коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнүн маанисин көргөзүп жатканын баса белгилеп кетким келет.

Демек, Куттуу-Сай 2 “Стэнс Энержи Корп.” компаниясынын аткаруучу директору Роберт Маккейдин сөздөрүнө караганда, стратегиялык жактан маанилүү кен.

Компания башчысы өз билдирүүсүндө Кыргызстанда азыр алардан лицензияны алуу аракети болуп жатканын, мунун артында Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou”) компаниясы жана аларга лоббистик кызматты көргөзүп жаткан кыргыз саясатчылары турганын ачыктайт.

“Стэнж Энержи Корп.” андай саясатчылардын бири катары “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нуржан Бадыкееваны атаган.

Жерлиги кеминдик депутат Бадыкеева болсо “Азаттык” менен маегинде Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси бар объект кезинде күмөндүү шарттарда сатылганын, компания андан бери милдеттенмелерин аткарбаганын белгиледи:

- Башкы прокуратура өзүнүн аныктамасын берди, баштапкы лицензияларды алуудагы мыйзамсыздыктарды мекемелер аралык комиссия да көргөздү. Жогорку Кеңештин депутаты катары алар бул компанияны жана бул кенди сынаксыз эле алганын расмий билдирип койгум келет. Кен өзү сынак аркылуу бөлүнүшү керек болгон стратегиялык объекттердин тизмесинде турат. Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов аларга протоколдук тапшырма менен эле берип койгон. Өкмөт токтому жарыялангандан 30 күн аралыгында күчүнө кирет. Алар өкмөт токтому күчүнө кире электе, 19 күндүн ичинде эле алышкан. Бул эмне дегендик? Эмне үчүн алар ушул тууралуу айтышпайт? Өздөрү каалагандай гана маалымат беришүүдө. Мен аларды түшүнүп турам, анткени бут алдындагы жер күйүп жатат да.

“Стэнж Энержи Корп” компаниясынын ырастоосунда, алар Куттуу-Сай 2 кенин өз маалында мыйзамдуу жол менен алышкан.

Компаниянын операциялык иштер боюнча директору Борис Арьев “Азаттык” менен маегинде маселенин тарыхына кайрылып, 2009-жылы алар адегенде толук мамлекет менчигинде турган жана лицензия карамагына берилген “Куттуу-Сай” ачык акционердик коомун сатып алышканына токтолду:

- Аукционду күн мурунтан жарыялашкан. 29-ноябрда жарыяланган аукционго 29-декабрда биз келгенбиз. Акыркы мүнөттөрдө гана жапон компаниясынын өкүлдөрү пайда болгон, бирок алар эч бир документтерди көргөзүшкөн эмес, күрөө төгүшкөн эмес. Ошон үчүн алар аукционго киргизилбеди. Биз болсо ошол аукциондо уттук. Башкача айтканда биз кенге лицензиясы бар компанияны сатып алдык. Ал үчүн 864 миң АКШ долларын жана биржага документтерди даярдап бергени үчүн бир нече миң доллар төлөдүк. Мунун баары мыкты юристтердин жардамы менен мыйзамга ылайык жасалды. Биз лицензияны мамлекет уюштурган аукциондо сатып алдык, эгер мамлекет өзүн соттогусу келсе, соттой берсин. Бирок биз мыйзам менен ойноого жол бербейбиз. Баары ошол кездеги мыйзамдарга ылайык жасалган. Акчанын баары, тыйынына чейин бюджетке кеткен. Мунун баарына далилдер бар. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин баары прокуратура тарабынан текшерилген. Акчанын жарымы бонус иретинде бюджетке кетсе, жарымы Экономикалык өнүгүү коруна түшкөн. Ыңкылап болгон кезде акча ошол жерде жаткан.

Куттуу-Сай 2 боюнча лицензия 2009-жылы мамлекет карамагындагы компанияга берилип, андан соң ал канадалык инвестордун колуна өткөнгө чейин кытайлык компанияда болгон.

“Central Asia Metals Group” (ЦентралАзия Металc Груп) жоопкерчилиги чектелген коому лицензияны 2006-жылы алып, кайра 2009-жылы ажыраган.

Бүгүнкү күндө “Central Asia Metals Group” компаниясынын мураскери катары “Хунбо Баотоу” (Hongbo/Baotou”) деген компания чыгууда.

“Азаттыктын” аталган компаниянын Кытайдагы баш кеңсеси менен байланышуу аракетинен майнап чыкпады, жиберген электрондук каттарыбызга жооп келбеди.

Бирок компания өкүлү кыргыз бийликтерине, асыресе Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековго жолдогон каттарда алар 2009-жылы лицензиядан мыйзамсыз ажыратылганын белгилейт.


Кенде канча байлык бар?

Кытай жана Канада компаниялары талашып жаткан, ал эми кыргыз өкмөтү бир жаңсыл чечим кабыл ала элек Куттуу-Сай кенинин бүгүнкү потенциалы кандай?

Кыргызстандык геолог окумуштуулардын айтымында, Куттуу-Сай кенинде эң башында кору 200 миң тонна деп мерчемделген. Башында коргошун өндүрүлгөн кен кеминде 30 жыл казылды.

Кыргызстан Тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр кендеги сейрек металлдын болжолдуу кору 50,5 миң тоннанын айланасында.

Канадалык “Стэнс Энержи Корп.” компаниясынын өкүлү Борис Арьев болсо “Азаттык” менен маегинде мындан азыраак көрсөткүчтү атады:

-Биз корду австралиялык ыкма менен кайра эсептеп чыктык. Кенде сейрек металлдын 44 миң тонна кору бар. Бирок сен эч качан анын баарын ала албайсың. Эгер биз советтик технологияны колдонсок, бул 44 миңдин 42% же 18 миң тоннасын гана чыгарабыз. Анткени сейрек металлды өндүрүү кыйыныраак. Эгер алтынды кээде 98% чейин чыгара алсаң, ал эми сейрек металлды байытуу аркылуу 75% алсаң эң жакшы. Андан кийин бул концентрантты тазалоо керек. Тазалоо учурунда дагы 10% жоготушуң мүмкүн. Алтынды тазалоодо бир гана металл жана башка бир-эки кошулма болсо, бул жерде 10-15 металлды бири-биринен ажыратуу керек. Азыркы баа менен санап берейин. Эгер биз ошол 44 миң тонна кордун 60% ала алсак, 26 миң тонна. Куттуу-Сайда бар бир тонна сейрек металлдын баасы азыр 100 миң доллардын тегерегинде, демек 2,6 миллиард доллар. Биздин эсебибизде, кендеги байлыктын болжолдуу наркы мына ушундай. Кыргыз парламентинин айрым мүчөлөрү ооз көптүрүп айтып жаткандай 22 миллиардга жакындабайт. Коротулуучу чыгымды (кен байытуучу фабриканын курулушун ишке киргизүүгө чейин кетүүчү чыгым) биз жарым миллиард доллар деп эсептеп жатабыз, андан башка күнүмдүк өндүрүш да акча турат.

“Стэнс Энержи Корп.” компаниясынын өкүлү Борис Арьев "Азаттык” менен маегинде Куттуу-Сай 2 баалуу кен экенин ырастады:

- Сейрек металлдардын оор тобунун курамы жагынан дүйнөдөгү эң жакшы кендердин бири деп айтсак болот. Ошон үчүн көптөрдүн көзү катып жүрүшөт. Бирок курамдык көрсөткүчү анча жогору эмес. 0,26%, башкача айтканда бир тоннада 2,6 кг. Андыктан ажыратып алуу жөнөкөй болбойт. Элестетип көрсөңүз, сизге керектүү майда бөлүкчөлөрдүн баары таштарда жатат, ошол майда бөлүкчөлөрдү ажыратып алуу абзел. Сейрек кездешүүчү элементтердин оор тобундагы он бештин кеңири колдонулган беш элементи бар. Алар: иттрий, ниобий, диспрозий, турбий жана европий. Эгер кенде ушул металлдар көп болсо, ал дурус кен. Бизде (Кутуу-Сай 2) ушул металлдардын курамы кыйла жакшы.

Кытайдын үстөмдүгү

Дүйнөнүн сейрек металл өндүрүшүн азыр Кытай көзөмөлдөйт. Мындай жагдай өз кезегинде Батыш өлкөлөрүн, компанияларын, Кытайдын Азиядагы ири коңшуларын да камтамага салып келет.

Адистердин айтымында, Кытай сейрек металлдардын кору тартыш эмес жеңил түрү боюнча башка өлкөлөрдү тизелетип коюуга өз аймагындагы ири темир кендердин жардамы менен жетишкен. Башкача айтканда, Кытайдын өндүрүш ыкмасы башка өлкөлөрдөгү өндүрүштү экономикалык жактан пайдасыз кылып койгон.

Дүйнөлүк өндүрүштү иликтөөгө адистешкен IHS (IHS Inc) эл аралык компаниясынын Вашингтондогу кеңсесинин металл боюнча талдоочусу Крис Роулстун (Kris Rawls) “Азаттыкка” айтканына караганда, Куттуусай 2 кенине четтен кызыгуу артышы 2009-2010-жылы Кытай экспортту чектегенден кийин эл аралык базарда түзүлгөн кырдаалдын натыйжасы. Буга чейин Бээжин сейрек металлдардын дүйнөлүк өндүрүшүн 95-97% көзөмөлдөгөн болсо, быйыл Кытайдын бул жааттагы көрсөткүчү 85% тегерегинде:

- Кен чалгындоо арбыганына, сейрек металлдар базарында башка да көптөгөн кадамдар жасалып жатканына карабай, сейрек кездешүүчү оор элементтер боюнча алдыдагы эки-төрт жылга али таңкыстык сакталат. Кытайда болсо базарды колдон чыгарбоого эки себеп түртүүдө. Биринчиден, бааны көзөмөлдөө. Экинчиден, өнүгүп жаткан хайтек индустриясы үчүн таңкыстык жаралбашын кепилдөө. Кытай өзүнүн акыркы беш-он жылда өскөн жана алдыда дагы күчөй турган керектөөсү үчүн камтама.

Крис Роулс “Азаттык” менен маегинде сейрек металлдардын баасы тарыхый рекорд жараткан учур 2011-жылдын башында болгонун, азыр баа салыштырмалуу стабилдешкенин, ал эми келечек өндүрүшкө канча кен кирерине көз каранды болорун кошумчалады.

Бирок алардын ишке кирер-кирбеши экономикалык жактан өзүн актар-актабасына байланыштуу:

- Эгер техникалык-экономикалык негиздемеси даяр кендердин баары өндүрүшкө кирсе, камсыздоо абдан жакшырат. Кендер Түндүк Америкада, Австралияда, Чыгыш Азияда иштей баштайт. Маселен, Австралияда курамында диспрозийдин көрсөткүчү жогору кенди ишке киргизүүгө камылгалар көрүлүүдө. Ошондой эле камсыздоонун келечеги жакшыруусунун дагы бир белгиси – мурда экономикалык жактан пайдасыз болгон кайра иштетүү процессинин кеңири жайыла баштаганы. Маселен, жапондордун “Тойота –Моторс” компаниясы эскилиги жетти делген унааларды талкалап, алардан сейрек металлдарды алуу программасына киришти. Муну менен алардын жаңы өндүрүшкө көз карандылыгы азаят. Андыктан, бул чөйрөдө экинчи баскычтагы базар да өнүгө баштады деп айтсак болот.

Ким алсын?

Куттуу-Сай 2 кенин ким казат, өндүрүштү баштоо болочок чыгымдарынын көлөмү ортосундагы ажырым кыйла чоң Кытай же Канада компаниясыбы? Маселе арабөк абалда турат.

Куттуу-Сай 2 боюнча Кыргызстандын өзүндө да эки компаниянын кызыкчылыгын коргогон эки башка топ бардай.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ырыс алды ынтымак” коалициясы өткөн айдын башында эле өкмөткө “Стэнс Энержи Корп.” компаниясынын лицензиясын бир апта ичинде жокко чыгарууну сунуштаган. Мыйзам боюнча лицензия сот аркылуу алынат.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик парламент сунушун ишке ашыруу боюнча азырынча чечкиндүү чара көргөнү байкалбайт.

Ал эми маселеге тигил же бул деңгээлде тартылган тараптардан эки башка сунуш чыгууда.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин коомдук байкоочу кеңешинин жана Кыргызстан тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев:

- Кенди Максим эмес, "балекеттин" маалында алса да, мыйзамдуу алышкан да. Төрт-беш жылдан бери иштеп жатышса, азыр кандай себеп менен алабыз. Ортомчулардын (кытайлык компания үчүн иштеген) аракети мыйзамсыз болуп жатат. Айрыкча “Ар-намыс” партиясы бергиле деп тырышып жатат, биз кантип беребиз деп айтып жатабыз. Канадалыктардын лицензиясын жокко чыгарган күндө деле, кайра сынакка койобуз. Алар соттошсо, бул кеминде эки жылга созулат.

2009-жылы Куттуу-Сай 2 кенин алгандан бери 20 миллион доллардан ашуун акча короттук деп ырастаган “Стэнж Энержи Корп” компаниясы эгер лицензиядан ажыратылса, кыргыз өкмөтүнө 200-300 миллион доллар доо коюп, эл аралык сотко берерин эскертүүдө.

Ага каршы чыккан тарап болсо, мындан чочулоого жүйө жок, кен кайра сынакка коюлушу керек деген турумда.

“Ар-намыс” партиясынан депутат Нуржан Бадыкеева:

- Биз өзүбүздүн кендерге ушунчалык шалаакылык менен мамиле кылып жатабыз. Менде Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы бар. Алар 26 миллион короттук деп көргөзүшкөн. Бирок Башкы прокуратуранын отчетунда алар бул боюнча каржылык-банктык документтерди бере алышкан жок деп ачык жазылган. Бул эмнени айтып турат? Алардан азыр лицензияны жөн эле алып коюу керек. Сотко беребиз дешсе, бере беришсин. Бул жөн эле шантаж. Беребиз дешсе, буга чейин эле беришмек. Биздин көздөгөнүбүз - ачык жана таза сынак өтсүн, татыктуу компания келсин, кенге жакшы баа, социалдык пакет жана ишке кирүүчү мөөнөттүн берилиши.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG