Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Кыргыз-өзбек диаспораларынын ишенгени - Орусия


14-июнда Маскөөдөгү Кыргызстандын элчилигинде көптөгөн маалымат каражаттарынын катышуусу астында кыргыз диаспорасы менен өзүбек диаспорасынын өкүлдөрү журналисттер алдында билдирүү жасап, суроолорго жооп берди.

Алдыңкы күнү өткөн жолугушуудан бул жолугушуунун айырмасы - журналисттер алдына гана ой пикирлерин ортого салышты.

Кыргыз жана өзбек диаспораларынын үчтөн өкүлдөрү сүйлөштү. Негизинен алар айткан ойлор Кыргызстандагы уланып аткан кандуу тополоңду тезинен басууга арналды:

- Биздин базарыбыз бир, мазарыбыз бир, анан кантип бири-бирибизди өлтүрөбүз? Муну дароо токтотуш керек. Ооба, биз мурунку бийликти да, азыркы бийликти да күнөөлөшүбүз ыктымал. Эң башкысы – эл өзү акылман чечимин табышы керек. Өлтүрүү жана өч алуу менен эч нерсеге жетпейбиз. Күнөстүү Кыргызстанда дагы да биз жашайбыз, биздин балдар биздин келечектеги муундар жашайт, - деди «Ала-Тоо» уюмунун лидери Жамиля Бегиева.

Жабыркагандарды тизмеге алганда бир жактуу болуп калып жатканын өзбек диаспора өкүлү Тажикулов Рафшан айтты:

- Коменданттык саат киргизилүүдө. Биз Убактылуу Өкмөттөн андай саат түзүлүп атканда коменданттын орун басары сөзсүз өзбек болсун. Гумжардам бөлгөн учурда агы-карасына карабай адилет бөлүштүрүү болууга тийиш. Эмне дегенде өлгөндөрдү жазганда да бардыгы эле кыргыз өлдү болуп жазылып калууда.

Кыйын кезеңде Шанхай Кызматташтык Уюмунун нагыз мүчөсү катары Кыргызстан эмне үчүн анын күчүн сурабайт деген суроо менен өзбек диаспора мүчөсү Сарымсаков Рахимжан сүйлөдү. Андан ары УӨ тарапка мындай сунуш айтты:

- Эмне үчүн Роза Отунбаева баштаган Убактылуу Өкмөт жетекчилиги аксакалдар жыйынын өткөрбөйт? Ага өзбек, кыргыз, уйгур, орус иши кылып жумурият бардык улуттардын аксакалдарын чогултпайт? Президент А.Акаев тушундагыдай эмне үчүн алардын кеңешин укпайт? Жаштар аксакалдардын кебин угар эле.

Такыр башкача сунушту дагы бир өзбек диаспора өкүлү Рахмонов Шернияз айты:

- Бийлик муну менен алсыз экенин көргөздү. Биз анын жардамын суранбайбыз. Биз Өзбекстандын да жардамын сурабайбыз. Биз Орусия Федерациясынын жардамын сурайбыз. Чеченстан жумуриятынын президенти Рамзан Ахмедович Кадыровдун жардамын суранабыз. Ал саясатчыл маанайдан кантип дароо тартип сактоо болорун көргөзө алды, - деди.

XS
SM
MD
LG